9-май Улуу Жеңиштин 79 жыл

9-май Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына карата Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин студенттери “Кто сказал, что на войне не страшно… тот ничего не знает о войне… аталышта адабий музыкалуу кече өткөрүштү. (даярдаган жетекчиси: ага окутуучу А. Итикулова) Кечени ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректор А.К.Сурапов ачып, Бул күн ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдигин жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү. Согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчун курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлердин элеси ар дайым жүрөгүбүздө. Жергебизде тынчтыктын ыры жанырып, элибизде ынтымак ыроолоп, молчулук, токчулук болушун каалайбыз деген тилегин билдирди. Кечеде Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы жөнүндөгү документалдуу көркөм тасмалардан үзүндүлөр көрсөтүлүп, студенттердин калеминен жаралган автордук ырлар жаңырып,көркөм окулду. Айрым согуштун катаал күндөрүн чагылдырган көрүнүштөр сахналаштырылып тартууланды. Улуу Ата Мекендик согушта Совет эли эркиндик, көз каранды эместик үчүн жан аябай салгылашкан. Кыргызстандык жоокерлер дагы мекенинин, өз элинин эркиндиги үчүн эрдиктин үлгүсүн көрсөтүү менен баатырларча кармашып, Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Асанбек Оторбаев, Дайыр Асанов, И.В. Панфилов өңдүү баатырлар менен бирге согушка катышкан ар бир кыргызстандык душманга каршы татыктуу күрөшүп Ата Мекен учүн баатырларча курман болушканын эскеришти.

Прокрутить вверх