“Муундардын диалогу: Мугалимдик кесип кечээ, бүгүн, эртең” аталышта тегерек стол болуп өттү.

“Муундардын диалогу: Мугалимдик кесип кечээ, бүгүн, эртең” аталышта тегерек стол болуп өттү.

Адамдарга пайдалуу болгондун өзү бакыт экенин ким мугалим болсо түшүнөт. Адамдарга акылмандуулукту, билимди, жөнөкөйлүктү үйрөтүп, мээримдүү болууга, жүрөктүн нуру менен тарбиялаган Адам- бул мугалим.

Дал ушул мугалимдик кесиптин ээси, улуу устат маегибиздин кадырлуу коногу, Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков агайыбыз менен “Бектур агай лицейинин мугалимдери, окуучулары чогулуп ,улуу муундан тартып, орто муун, кичүү муундар ортосунда маек курушту. Кызыктырган суроолорду беришип,жооп ала алышты. Андан сырткары “Бектур агай” төш белгиси менен орус тили мугалими Назаркулов Автандил жана сүрөтчү агабыз Малабек Бутешов үзүрлүү эмгектеринин натыйжасы үчүн агайдын колунан белектерди алышты.

Прокрутить вверх