ТалМУда ENACTUS ТалГУ командасынын күнүнө карата брейн-ринг таймашы уюштурулду. Аталган иш-чарага ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору т.и.к,доцент А.К. Сурапов, ТалМУнун кесиптик кошунунун төрагасы Э.А.Абдыраимов, ТалМУнун кадрлар болүмүнүн башчысы В.К.Бешкемпирова, Салымбеков бизнес мектебинин өкүлү Ж.Качкынбаева катышышты. Брейн ринг 3 айлампадан туруп,1-айлампа жазуу түрүндө,2-3 айлампалары Kahoot программасы менен ойнотулду. Брейн-рингге ТалМУдан 4 команда, ИСИТОдон 1 команда,ТАЭКТен 1 команда катышышты. Брейн-рингдин жыйынтыгы төмөндөгүдөй: 1 орун -“Экопатруль” командасы 1500 сом акчалай байгеси менен; 2 орун -“Келечек” командасы 1000 сом акчалай байгеси менен; 3 орун -“ТЭФЕНИКС” командасы 500 сом акчалай байгеси менен. Жыйынтыгында, калган “Каганат”, “ТАЭК”,”Биримдик” командаларына «Онол айым» коомдук фондунун атынан 2 сертификат жана Салымбеков бизнес мектебинин окуу курстарына 4 сертификат ыйгарылды.ENACTUS ТалГУ командасы брейн рингди уюштурууга кошкон зор салымы үчүн “Онол айым” коомдук фондунун жана Салымбековдун бизнес мектебининин директору Досмамбетова Гулзат Азимбековнага терең ыраазычылык билдирет.
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/05/441955081_462006239672614_5563072812359741354_n-800x600.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/05/443823130_462006343005937_5066605463457368423_n-800x600.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/05/443929144_462006246339280_2796573338372356712_n-1-800x600.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/05/444215286_462006456339259_4942397878821183277_n-800x600.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/05/445045839_462006383005933_7451821157902228248_n-800x600.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/05/445170166_462006349672603_3906822936756918949_n-800x600.jpg)