“Музей жана мурас-4” аттуу маданий иш-чарасын өткөрүштү.

Гуманитардык факультетинин Америка борборунда Эл аралык музей күнүнө арналган Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын жамааты, “Ак-ак” фондусунун төрайымы М. Б. Кунасованын катышуусу менен “Музей жана мурас-4” аттуу маданий иш-чарасын өткөрүштү. Иш- чараны ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев ачып, буга чейин М. Кунасованын демилгеси менен уюштурулуп келген конкурстар тууралуу сөз кылып, студенттерге демөөрчү катары дем бергенин ыраазычылык менен белгилеп, окуу жайдын атынан ыраазычылык кат, белек тапшырды. Катышуучуларга Мунара Болотбековна “Дүйнөдөгү музейлерге саякат” деген темада кызыктуу конок лекция өтүп, аягында конкурстун жеңүүчүлөрүнө белектерин тапшырды.Мындан сырткары музейге буюмдарды тапшырып, өз салымдарын кошкон мураскерлерге да ыраазычылык каттар берилди. Экинчи бөлүгү К.Кеңешбеков атындагы музей менен тааныштырып, мураскерлер тарабынан чебер класстар өткөрүлүп, студенттер жасаган иштери боюнча презентациясын сунушташты.

Прокрутить вверх