ТалМУда ENACTUS ТалГУ командасынын күнүнө карата брейн-ринг таймашы уюштурулду. Аталган иш-чарага ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору т.и.к,доцент А.К. Сурапов, ТалМУнун кесиптик кошунунун төрагасы Э.А.Абдыраимов, ТалМУнун кадрлар болүмүнүн башчысы В.К.Бешкемпирова, Салымбеков бизнес мектебинин өкүлү Ж.Качкынбаева катышышты. Брейн ринг 3 айлампадан туруп,1-айлампа жазуу түрүндө,2-3 айлампалары Kahoot программасы менен ойнотулду. Брейн-рингге ТалМУдан 4 команда, ИСИТОдон 1 команда,ТАЭКТен 1 команда катышышты. Брейн-рингдин жыйынтыгы төмөндөгүдөй: 1 орун -«Экопатруль» командасы 1500 сом акчалай байгеси менен; 2 орун -«Келечек» командасы 1000 сом акчалай байгеси менен; 3 орун -«ТЭФЕНИКС» командасы 500 сом акчалай байгеси менен. Жыйынтыгында, калган «Каганат», «ТАЭК»,»Биримдик» командаларына «Онол айым» коомдук фондунун атынан 2 сертификат жана Салымбеков бизнес мектебинин окуу курстарына 4 сертификат ыйгарылды.ENACTUS ТалГУ командасы брейн рингди уюштурууга кошкон зор салымы үчүн «Онол айым» коомдук фондунун жана Салымбековдун бизнес мектебининин директору Досмамбетова Гулзат Азимбековнага терең ыраазычылык билдирет.





