“Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгү, аймактарды өнүктүрүүдөгү заманбап билим берүүнүн жана илимдин орду” аттуу темада эл аралык илимий -практикалык конференция болуп өттү

Бүгүн К.Медетбеков атындагы Талас облустук драмтеатрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата “Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгү, аймактарды өнүктүрүүдөгү заманбап билим берүүнүн жана илимдин орду” аттуу темада эл аралык илимий -практикалык конференция болуп өттү Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Депутаттардын Талас шаардык кеӊешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, Талас шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Нурзада Камчыбекова, Талас мамлекеттик университетинин ректору Жыргалбек Шаршембиев, «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору Болотбек Абдрахманов , т.и.д,профессор Олжобай Каратаев ,С. Наматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин тарыхчы-окумуштуулары жана Талас мамлекеттик университетинин окутуучулары, студенттери катышышты. Алгач сталиндик репрессиянын курмандыктары эскерилип, кыргыз элинин ошол кездеги чыгаан уулдары, тунгуч агартуучуларынын эрдиктери чагылдырылган көрүнүш сахна чеберлери жана студенттердин тарабынан коюлду. Андан соӊ «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси тарабынан даярдалган документалдык фильм көрсөтүлүп, куттуктоо сөздөргө орун берилди. Талас мамлекеттик унуверситети менен «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин ортосунда меморандумга кол коюлду. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин кызматкерлери тарабынан Талас облусундагы саясий репрессиянын курмандыктары (1920-1953-ж.ж.) аттуу эскерүү китеби жарыкка чыккан. Бүгүнкү конференцияда китептин бет ачары болду. Андан соң Талас мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Олжобай Каратаевге “ТалМУнун ардактуу профессору “ наамы ыйгарылды. Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө пленардык отурумда илимий баяндамалар жасалып, секциялык иштер жыйынтыкталып, резолюция кабыл алынды. Иш-чаранын соӊунда сыйлык тапшыруу аземи болуп, маданий программа тартууланды.

Прокрутить вверх