“Бирге жеңебиз ассоциациясынын төрайымы А.А.Абдышова жетектеген команданын мүчөлөрү “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин окутуу” тренингин өткөрүштү.

28.05.2024-жыл. алас шаарындагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектепте “Бирге жеңебиз ассоциациясынын төрайымы А.А.Абдышова жетектеген команданын мүчөлөрү “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин окутуу” тренингин өткөрүштү. Тренингди Кыргыз Республикасынын Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, М. Сейдикеримова ачып, өтүлүп жаткан иш-чарага ийгилик каалады. Талас шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Рахманбердиев, Талас Мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору К. Т.Жунусалиевалар келген жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирип, пайдалуу маалыматтарды алып, алган теориялык билимибизди практикабызда колдонолу деген ойлорун билдиришти.Уюштуруучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды . Лекциялар окулуп, дарыгер, тренерлерден кеп-кеңеш алышты. Экинчи бөлүгү Талас мамлекеттик университетинде студенттер үчүн конок лекциялар өтүлдү. Студенттер кызыккан суроолорун берип,жооп ала алышты. Уюштуруучу катары Педагогика кафедрасына, кафедранын окутуучулары К. Туткучбаевага, Р. Эсекеевага ыраазычылык билдирилди.

Прокрутить вверх