Бүгүн, 31-майда 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө Талас мамлекеттик университетинде салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанатка балдар , кыздар катышып, даярдап келген ыр, бийлерин тартуулашты. Катышуучуларды ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору К.Т.Жунусалиева, Кесиптик кошундун төрагасы Э.А.Абдраимов куттукташып, бактылуу балалык каалашты. Соңунда балдар үчүн атайын конкурс уюштурулуп , жеңүүчүлөргө белектер тапшырылып, акысыз балмуздак таркатылды.
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/06/345107232_466539219219316_8485986590891761455_n-1-800x600.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/06/345804931_466539355885969_1896572297834205343_n-1-800x600.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2024/06/347282525_466539225885982_7183310847317233804_n-1-800x600.jpg)