Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте Талас мамлекеттик университетинде “12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары жана көйгөйлөрү” деген темада гибриддик формада тегерек стол болуп өттү.

2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте Талас мамлекеттик университетинде “12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары жана көйгөйлөрү” деген темада гибриддик формада тегерек стол болуп өттү. Талкууга окуу жайдын ректору Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович – техника илимдеринин доктору, профессор, Токтошов Гулжигит Ысакович – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим жана инновациялар башкармалыгынын башчысы, Джеенбеков Руслан Рахманбердиевич – Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, С.Наматов атындагы Нарын университетинин илим жана инвестиция тартуу боюнча проректору Нурдинов Максатбек Сарбагышевич, Момоконов Турдубек Аргынбекович – Талас шаардык жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, коноктор жана окуу жайдын окутуучулар жамааты катышышты. Талкууну техника илимдеринин кандидаты, доцент, Талас мамлекеттик университетинин окуу жана илимий иштер боюнча проректору Сурапов Анаркул Кудайбердиевич алып барды. Талкууну окуу жайдын ректору Ж.С.Шаршембиев ачып, өтүлүп жаткан иш-чарага ийгилик каалады. Токтошов Гүлжигит Ысакович – техника илимдеринин кандидаты, доцент “Инновациялык цикл өнүгүүнүн базалык модели катарында: 12 жылдык окутуу системасына өтүүнүн зарылчылыктары”, Курманкулов Шекербек Жанышбаевич – педагогика илимдеринин доктору, ТалМУнун профессору, “12 жылдык окутуу жаңы парадигмаларга ылайык билим берүүнүн өңүтү”, Ажибаева Айнура Жакшымбековна – педагогика илимдеринин доктору, ТалМУнун профессору “12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн артыкчылыктары жана көйгөйлөрү”, Умарбекова Анара Анарбаевна – педагогика илимдеринин кандидаты, доцент “Кыргызстандын 12 жылдык билим берүү системасына кирүүсү – мезгил талабы”, Койчуманов Замирбек Турарбекович – биология илимдеринин кандидаты, доцент “12 жылдык окутуу: дүйнөлүк мектептердин тажрыйбасы” деген темаларда кызыктуу, мазмундуу баяндамалар окулуп,талкууну жаратты. Берилген суроолорго жооп беришип,өз ойлорун билдиришти. 12 жылдык билим берүү боюнча айтылган сунуштар эске алынып, резолюция кабыл алынды

Прокрутить вверх