Түрк тили курсун ийгиликтүү аяктаган студенттерге жана окутуучуларга сертификат тапшырылды.

Талас мамлекеттик университетинде түрк тилин окутуу борбору ачылгандан бери көптөгөн студенттер жана окутуучулар билим алышты. 7 -июнда түрк тили курсун ийгиликтүү аяктаган студенттерге жана окутуучуларга сертификат тапшырылды. ТалМУнун окуу жана илимий иштери боюнча проректору Сурапов Анаркүл Кудайбердиевич бардык катышуучуларды куттуктап жана окутуучу Юсуф Юнейге ыраазычылык билдирди. Салтанаттуу кечеде бир жыл аралыгында көрсөткөн ийгиликтерин чагылдырган видео көрсөтүлүп, түрк тилинде ырлар жаңырды. Туркия мамлекетинин Элчилигинин жана ТИКАнын каржылоосунда ТалМУда Түрк тилин окутуу борбору ачылгандан бери алгылыктуу иштер болуп жаткандыгын белгилөө менен Элчиликке ыраазычылык билдиребиз!

Прокрутить вверх