“Кыргызстандагы окуу жайларда финансылык автономияны өнүктүрүү”

12 -14 июнга чейин DEFA – “Кыргызстандагы окуу жайларда финансылык автономияны өнүктүрүү” аттуу долбоордун алкагында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин базасында өткөн семинарга Талас мамлекеттик университетиндеги DEFA долбоорунун жумушчу тобу катышты. Бул долбоордун максаты – окуу жайларга ресурстарды мобилизациялоого, аны башкарууга жана коомдун жана рыноктун өзгөрүп жаткан керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү университеттердин финансылык автономиясынын ийкемдүү жана натыйжалуу моделин иштеп чыгуу болуп саналат. Аталган долбоордун катышуучулары семинардын жүрүшүндө долбоордун иш планына тиешелүү маселелерди талкуулашты. Долбоордо Германиянын Магдебург университети , Италиянын Флоренция Университети, Италиянын коомдук уюму ошондой эле Кыргызстандын окуу жайлары бар..

Прокрутить вверх