15-июнь күнү Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаттуу аземи болуп өттү.

15-июнь күнү Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул салтанаттуу иш-чарага Талас мамлекеттик университетинин ректору Ж..С.Шаршембиев катышты. Борбордук Азия Университети менен Талас мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлган. Аталган окуу жайды быйыл 26 студент ийгиликтүү аяктады. Бүтүрүүчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева куттуктады. Кечеге университеттин ардактуу профессорлору, ата-энелер жана окуу жайлардан коноктор чакырылган.

Прокрутить вверх