Талас облусунда «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы жыйын өттү

2024-жылдын 9-июлунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгын 35 жылдыгына карата «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы кезектеги жыйындын отуруму Талас облусунда өттү. Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басара М.Сейдикеримова, облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын, муниципалдык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-уюмдардын жетекчилери, кызматкерлери катышып, Талас облусунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышы, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн, билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилде билим берүүнүн абалы, жарнама ж.б. мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү маселелер талкууланды. Жыйындын алкагында Улуттук комиссия Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Талас Мамлекеттик университетинин ректору Шаршембиев Жыргалбек менен жолугушуп, мамлекеттик тилди жеринде жайылтууга арналган окутууларды уюштурууну жана тил саясатын жүргүзүүгө багытталган иштерди аткаруу максатында Меморандумга кол коюшту.  Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүккө жана окуу жайдын китепканасына Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган терминологиялык сөздүктөрдүн 10 томдугу тапшырылды.

Прокрутить вверх