ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ АКЫРКЫ ҮЛГҮДӨГҮ ЗАМАНБАП КОМПЬЮТЕР МЕНЕН ЖАБДЫЛГАН ДАГЫ БИР КОМПЬЮТЕРДИК КЛАСС АЧЫЛДЫ

Талас мамлекеттик университетинин ректору Ж.С. Шаршембиевдин планынын негизинде технология-экономикалык факультетинин IT-багытындагы жана Экономика багытындагы окуган студенттер үчүн акыркы заманбап үлгүдөгү 10 компьютер жана 2 ноутбук сатып алынып, дагы бир компьютердик класс ачылды. Атай кетсек, бул компьютердик класс, алдын ала атайын талапка жооп берүүчү ремонттон өткөрүлүп, студенттер үчүн заманбап үлгүдөгү компьютерлер менен жабдылган жаркыраган компьютердик класс болду. Университетте IT-багытын өнүктүрүү боюнча бир топ жакшы пландар коюлуп, алар четинен аткарылууда.

Прокрутить вверх