2024-жылдын 3-декабрында Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордо «StartUp Students» сынагынын финалы болуп өттү. Сынактын жыйынтыгында ТалМУнун «Микрозелень-Талас» долбоору 3-орунга ээ болду. Бул сынакка Козубекова А.Т. жетектеген Табият таануу кафедрасынын Г-23 группасынын студенттери Х.Т. Рысалиева ,Ш.У.Жолдошева, Б-22 группасынын студенти К.Ж. Үсөнова катышып келишти.






