Deprecated: Required parameter $popup_id follows optional parameter $data_attr in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-content/plugins/popup-maker/includes/deprecated-filters.php on line 102

Deprecated: Required parameter $method follows optional parameter $args in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-content/plugins/notification/src/classes/Traits/Webhook.php on line 35
5-октябрь Билим берүү кызматкерлеринин күнү. – Талас мамлекеттик университети
Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5777

ТалМУ. Адамдын жан дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимдерге кандай алкыш айтсак да жарашат.Мугалимдин коомдогу ролу өтө маанилүү жана өтө бийик. 5-октябрь Билим берүү кызматкерлеринин күнү. Бул күн биздин университетибизде салтанаттуу жаркын маанайда өттү. Алгач ректордун милдетин аткаруучу, ф. и. д. С. С. Жумалиев куттуктап, өсүп келе жаткан муунду окутуудагы жана тарбиялоодогу бир катар окутуучулардын ийгиликтүү эмгегин белгилөө менен аларга Ардак грамоталарды тапшырды. Кесиптик кошундун төрагасы Э. А. Абдураимов тарабынан дагы Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар берилди.Ошондой эле депутаттардын Талас шаардык кеңешинин атынан үзүрлүү иштери үчүн кесиптештерибиз Ардак грамота менен сыйланышты. Майрамдык салтанатты маданий-көркөм программа коштоду. Өзүбүздүн өнөрлүү студенттерибизден тышкары Таластын таланттуу мыкты ырчылары А. Үркүмбаева, А. Коробаева, Т. Кеңешбеков көңүл эргиткен жагымдуу ырларын белектеди.

By

Leave a Reply

Your email address will not be published.