«7-апрель Элдик революциясы: себептери, сабактары
жана тарыхый мааниси» аттуу конференция болуп өттү

ТалМУда 7-апрель Элдик революциясына арналган «7-апрель Элдик революциясы: себептери, сабактары жана тарыхый мааниси» аттуу конференция болуп өттү. Конференцияны Талас шаардык мэриясы, Талас мамлекеттик университети жана А.Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасы биргелешип уюштуруп өткөрүштү. Аталган конференцияны ТалМУнун окуу-илимий иштери боюнча проректору, ф.и.д., проф. С.С.Жумалиев ачып, Апрель Элдик революциясы тууралуу видео-тасма коюлуп, А.Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасы тарабынан Апрель баатырларына арналып уюштурулган китеп көргөзмөзү көрсөтүлдү. Андан кийин Талас шаарынын вице-мэри М.Е.Сейдикеримова, ‘Баатырларга таазим» коомдук фондусунун жетекчиси К.Таштакеева, «Апрель — Элим Кыргызстан» коомунун төрагасы Д.Эрдешов, Апрель Элдик революциясынын баатыры Д.Улушбековалар сөз сүйлөштү. Экинчи бөлүктө т.и.к., доцент Э.К.Кулова, филос.и.к., доцент Г.Б.Кудабаева, т.и.к., доцент М.М.Жусупова, Талас шаарындагы 5-мектептин тарых мугалими Ж.Т.Акматова баяндамаларын окушуп, 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциянын келип чыгуу себептерине, анын жүрүшүнө, тарыхый маанисине, аны мектептерде окутуп-тарбиялоонун маанисине кеңири токтолушту. Аягында резолюция окулуп кабыл алынгандан кийин, Талас шаарынын вице-мэри М.Е.Сейдикеримова баяндамачыларга сертификаттарды тапшырды. Конференцияга Апрель элдик революциясынын баатырлары жана ТалМУнун, Талас агро-колледжи менен Талас медициналык колледжинин окутуучулары, студенттери катышты.

Прокрутить вверх