ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН  ТАРЫХЫ

Талас облусундагы социалдык-экономикалык маселелерди чечүү максатында  жергиликтүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн 1996-жылы Талас шаарында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин жана Кыргыз архитектуралык курулуш институтунун филиалдары ачылган. 

Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин филиалынын директору болуп Чынаев Ж.Ч. дайындалган. Жениш Чынаевичтин жетекчилиги астында окуу китептери менен камсыздоо, окуу эмеректери менен жабдуу, физика, химия лабораторияларын уюштуруу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, окуу имараттарын оңдоп ишке киргизүү багытында эбегейсиз зор иштер жасалган, окутуучулар үчүн 10 жер үй жана 6 батир сатылып алынган.  

Кыргыз архитектуралык курулуш институтунун филиалынын директору болуп техн.и.к., доцент Бообеков А.Б. дайындалган.  Акан Бообековичтин жеке демилгеси менен пайдалануудан чыгып калган бала-бакчанын имараты ашар жолу аркылуу толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп 1996-жылдын 1-сентябрына карата ишке киргизилген.

         Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин филиалы 1998-жылы 5-октябрдагы №117/5 буйругунун негизинде И.Арабаев атындагы КМПУнун Талас педагогикалык институту болуп өзгөртүлгөн. 

1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Талас шаарындагы  филиалы ачылып, анын директорлугуна Ташматова К.А. бекитилген. Ал эми 1999-жылы Кыргыз архитектуралык курулуш институтунун филиалынын директору кызматына  техн.и.д., профессор Жылкычиев А.И. дайындалган.

         Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылы 25-июлунда чыккан №189 Жарлыгына  ылайык И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Таластагы филиалдарынын жана  Кыргыз агрардык академиясынын Таластагы айыл чарба техникумунун базасында Талас мамлекеттик университети (ТалМУ) түзүлгөн.

         2000-жылы 4-сентябрдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 646 токтому менен ТалМУнун ректорлугуна Өмүрбеков Т.Б. дайындалган. Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 27-августундагы окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берген №1092/1 буйругунун негизиндеги лицензиясына ылайык  ректор Төрөбек Бөкөнбаевичтин жетекчилиги астында 2001-жылдын 24-августунда Билим берүү министрлигинин  №65 буйругу менен  Талас мамлекеттик университетинин алдында лицейи ачылган. 

Талас мамлекеттик университетинин алдындагы Маалыматтык технологиялар багытындагы лицейине Кыргыз эл мугалими Бектур агайдын аты ыйгарылып, 2021-2022-окуу жылында 40 окуучу менен өз ишин баштаган. Учурда лицейде 78 окуучу билим алып жатат. 

  2001-2002-окуу жылында ТалМУда заман талабына ылайык кошумча адистиктер ачылып, окуу жай өз каражатынын эсебинен азыркы гуманитардык факультет жайгашкан имараты сатып алганга жетишкен. 

        2001-2002 –окуу жылында  ТалМУда 14 жаңы  адистик ачылып, жалпы 26 адистик боюнча жогорку кесиптик билим берүү жүргүзүлгөн, күндүзгү бөлүмүндө 1672 студент, сырттан окуу бөлүмүндө 1970 студент окуган. 2002-жылы 5-августта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №528 токтому менен ТалМУда «Аскер»  кафедрасы уюшулуп кафедранын башчысы болуп подполковник Жолчубеков Б.С. дайындалган. Ушул эле жылы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу борбору жана сырткы байланыштар бөлүмү ачылган. Университетте илимий изилдөө иштерине өзгөчө көңүл бурулуп алгачкы илимдин кандидаттары даярдалган, алар Абдыкаирова А. (2001), Упенов А.Ш. (2003), Жумалиев С.С. (2004), Айталиева Т.К. (2004), Кенжебаев Д.О. (2004) болушкан. 2002-жылы 25-январда Технологиялык факультеттин алдында автомектеп, экономика-юридикалык факультет жана экологиялык-агрардык сектор ачылган. 2003-жылдан баштап 1-муундагы мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде ТалМУнун окутуучулары өздөрү сабактардын жумушчу программаларын жана окуу-усулдук көрсөтмөлөрүн түзүүгө өтүшкөн.

         2003-жылы 2-июлда ТалМУнун ректорлугуна Жылкычиев А.И. дайындалган. Аскарбек Исаевичтин жетекчилиги астында университеттин профессордук-окутуучулар курамын борбордон жогорку квалификациялуу кадрларды чакырып келүү менен толуктоо жана ички илимий изилдөө иштерине өзгөчө көңүл бурулган. Кандидаттык диссертациялык иштерин ийгиликтүү жактаган окутуучулардын саны кескин жогорулаган. 2009-жылы орто кесиптик билим берүү бөлүмү, ал эми 2011-жылы “Аралыктан окутуу борбору” ачылып ишке киргизилген.

         2015-2023-жылга чейин а.ч.и.к, доцент Упенов А.Ш. ТалМУнун ректорлук кызматын аркалап келди. Бул мезгилде Айбек Шерипбекович  чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташып бир топ долбоорлорду тартуу аркылуу  университеттин материалдык-техникалык базасынын өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн зор салымын кошту. Университеттин бир нече окутуучулары жана студенттери Германия, Румыния, Чехия сыяктуу чет өлкөлөргө барып академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча квалификацияларын жогорулатып келишти. 

2016-жылы Талас мамлекеттик университетинин  20 жылдык мааракесине арналып Канат Кеңешбеков атындагы этнографиялык-археологиялык   музей  ачылган. Музей-окуу жайдын  илимий, маданий жана агартуу багытына арналган  борбор болуп саналат. Музей Ч.Айтматов көчөсүндөгү гуманитардык факультетинин имаратынын 1-кабатында жайгашкан.  Музейде ТалМУнун  тарыхы жана Талас өрөөнүндөгү этнографиялык-археологиялык  табылгалар бөлүмдөрү жайгашкан. Аталган музейди т.и.к, доцент Абдиева Ж.К., т.и.к, доцент Жусупова М.М., Кыргыз  Улуттук “Манас Ордо” комплексинин “Манас эпосу” музейини директору  Жунушалиев А.С. жана  тарыхчы-окутуучу Бекмуратова Д.З. уюштурушкан. Музейге кызыккандардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө жана азыркы учурда музейде жалпы 180 ден ашык экспонаттар жайгаштырылган.

          Талас мамлекеттик университети 2021-жылы «Билим берүү чөйрөсүндөгү сапаттын кепилдиги боюнча агенствосу “ЕdNet” коомдук фонду тарабынан аккредитациядан өткөн.   Окуу жай билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө бакалаврды даярдоонун 16, орто кесиптик адистерди даярдоонун 11, магистрди даярдоонун 3 багыты жана IT технология боюнча бир лицей  Билим берүү жана илим министрлигинин лицензияларын алган. ТалМУда даярдалып жаткан билим берүү программалары көз карандысыз аккредитациялык агенттиктер аркылуу өз кезегинде аккредитациядан өтүп турат. 

 2023-жылдын 7-сентябрынан тартып  Кыргыз Республикасынын  Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы №418 “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө”  токтомуна ылайык  техн.и.д, доцент Шаршембиев  Ж.С. Талас мамлекеттик университетинин ректорлук кызматына бекитилип, азыркы учурда иштеп жатат.

           Университеттин курамында табият таануу жана педагогика, гуманитардык, технология-экономикалык факультеттери, аралыктан билим берүү технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борбору, кесиптик орто билим берүү бөлүмү (колледж), “Бектур агай”  маалыматтык-технологиялар лицейи, “Бизнес-инкубатор” бар. Университетте  3 багыт боюнча магистрдик жогорку билим, 16  адистик боюнча бакалаврдык жогорку билим, ал эми колледжде 11 адистик боюнча орто кесиптик билим берилет.

Университетибизди  ушул күнгө чейин он миңден ашуун бүтүрүүчүлөрүбүз ийгиликтүү аякташып кесип ээлери болушту, ал эми азыркы учурда 3500дөн ашуун студенттер  билим алышууда.

       Болочок адистерге билим берүүдө эмгектенишкен 141  окутуучунун катарында  6 илимдин доктору, 33 илимдин кандидаты, 31 билим берүүнүн мыктылары   бар.

Прокрутить вверх