Новости

25.04.2025.

Талас мамлекеттик университетинин студенти «Биз XXI-кылымдын интеллектуалдары» Эл аралык форумунда 2-орунду ээледи!

2025-жылдын 20-23-апрель күндөрү Ысык-Көлдүн кооз жээгиндеги Чок-Тал айылында абдан маанилүү эл аралык деңгээлдеги иш-чара – «Биз XXI-кылымдын интеллектуалдары» аттуу форум болуп өттү. Бул форумду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте уюштурду.

Форумго Түркия, Россиянын үч шаары, Казакстандын жети облусу, Бишкек шаары жана өлкөнүн ар аймагындагы мектептен тышкаркы билим берүү борборлорунун өкүлдөрү катышты. Катышуучулар заманбап технологиялар, илим-билим жана инженердик чыгармачылыкка байланышкан өздөрүнүн мыкты идеяларын сунушташты.

Бул форумга Талас мамлекеттик университети дагы активдүү катышып, эки мыкты студенттик долбоор менен чыгып, жалпы конкурсанттардын ичинен өзүнүн илимий дараметин таасын көрсөтө алды. Алардын ичинен өзгөчө айырмаланып, жогорку баага ээ болгон иш — «Энергосберегающий обогреватель» (Энергияны үнөмдөөчү жылыткыч) аттуу инновациялык долбоор болду.

Бул долбоордун үстүндө Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун «Транспорт, энергетика жана экономика» кафедрасынын техника илимдеринин кандидаты, доцент Абдрахманов Иманбек Асанович жетекчилик кылып иштеди. Ал институттун профессордук-окутуучулар жамаатынын мүчөсү катары студенттердин илимий иштерине, практикалык көндүмдөрүн калыптандырууга чоң салым кошуп келет.

Анын жетекчилиги алдында ИСТ-24 тайпасынын студенти Рысбеков Айтбек бул долбоорду ийгиликтүү коргоп чыгып, «Студенттик лига» бөлүмүндө 2-орунду ээледи. Бул чоң жетишкендик — студент менен окутуучунун биргелешкен изденүүсүнүн жемиши.

Талас мамлекеттик университетинин жетекчилиги, жамааты жана студенттери бул ийгиликти терең сыймык менен кабыл алып, Рысбеков Айтбекти жана анын жетекчиси Абдрахманов Иманбек Асановичти чын дилинен куттуктап, ыраазычылык билдирет!

Сиздердин аракеттер — университеттин аброюн көтөрүп, жаштардын илим-билимге болгон умтулуусун шыктандырат. Бул ийгилик жаңы дем, жаңы идеялардын башаты болоруна ишенебиз!

ТалМУ сыймыктанат — студенттик илимдин келечеги бар!!!!!

23.04.2025.

23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук коргоо күнү менен Жеңиштин 80 жылдыгына карата иш-чара.

23-апрелде Талас мамлекеттик университети менен Аман Токтогулов атындагы облустук китепкана биргелешип, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин алдында, ачык асман алдында маанилүү маданий иш-чара өткөрүштү.

Иш-чарага Талас мамлекеттик университетинин алдындагы Д. Казакбаев атындагы илимий китепкананын кызматкерлери жана институттун алдындагы колледждердин окутуучулар жамааты активдүү катышып, китеп көргөзмөсүн уюштурушту. Көргөзмөдө студенттер тарабынан жасалган китеп макеттери, көркөм, илимий жана окуу адабияттары, балдарды китеп окууга үндөгөн чакырыктар менен кооздолгон материалдар коюлду.

Ошондой эле студенттер өз калеминен жаралган поэзияларын көркөм окуп, мекенге арналган обондуу ырларды аткарып, кымча бел кыздар улуттук бийлерин тартуулашты.

Иш-чаранын соңунда мыкты катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан китептер белекке тапшырылды. Бул маданий иш-чарага Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун «Транспорт, энергетика жана экономика» кафедрасынын ага окутуучусу Дүйшебаева М.К. да катышды.

17.04.2025.

ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН АКТИВДЕШТИРҮҮ – НЕГИЗГИ МИЛДЕТ

Бүгүн 2025-жылдын 17-апрелинде КР Улуттук илимдер академиясында Кыргызпатент уюштурган “Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердүүлүктү активдештирүү жана стимулдаштыруу” аталышында эл аралык конференцияга катыштым. ТалМУнун доценти, техн.и.к. Абдрахманов И.А., ТалМУнун окуу жана илимий иштери боюнча проректору, техн.и.к., доцент Сурапов А.К. менен биргеликте “Алтыгана бадалын жок кылуу ыкмалары маселесине карата” аттуу илимий макалабыз жарык көрдү жана илимий баяндама жасадык.

Бул жыл сайын салттуу түрдө белгиленүүчү Улуттук интеллектуалдык менчик күнүнүн алкагында болуп турат.

Илимдер академиясына ойлоп табуучулардын жана илимпоздордун акыл эмгегинен жаралган табылгалары көргөзмө катары коюлган.

Конференциянын Улуттук илимдер академиясында өтүп жатканынын негизги себеби, өндүрүшкө керектүү жаңы технологияларды жана продуктыларды иштеп чыгуучулар – окумуштуулар , ойлоп табуучулар, инженерлер, конструкторлор ойлоп табуучулук жана инновациялык иштердин өзөгүн түзөт. Бизнестин, ойлоп табуучулар менен илимий мекемелердин натыйжалуу кызматташуусун камсыз кылуу, ата мекендик компаниялардын брендин бекемдөө, билимди жана технологияны, санариптик платформаларды, атайын билим берүү программаларын иштеп чыгуу артыкчылык багыттарга кирет.

Кыргызпатент 2024-жылы 83 миңге чукул обьектисин коргогон. 8609 ойлоп табуулар, 3139 улуттук процедура менен корголгон товардык белгилер, 49000ден ашуун эл аралык процедура менен корголгон товардык белгилер, 1967 өнөр жай үлгүлөрү жана 7311 автордук укук обьектилери катталган.

*****

АКТИВИЗАЦИЯ ДЕЯТЕЛЬНОСТИ ИЗОБРЕТАТЕЛЕЙ – ОСНОВНАЯ ЗАДАЧА

Сегодня, 2025-году 17 апреля, в Национальной академии наук Кыргызской Республики проходит международная конференция на тему «Активизация и стимулирование изобретательской и инновационной деятельности в Кыргызской Республике», организованная Кыргызпатентом. Мероприятие проводится в рамках ежегодного традиционного празднования Национального дня интеллектуальной собственности.

В здании Академии наук размещена выставка, на которой представлены изобретения и разработки, созданные благодаря интеллектуальному труду изобретателей и учёных.

Основная причина проведения конференции в Национальной академии наук заключается в том, что разработчики новых технологий и продуктов, необходимых для производства – учёные, изобретатели, инженеры и конструкторы – составляют ядро изобретательской и инновационной деятельности. В число приоритетных направлений входит обеспечение эффективного взаимодействия бизнеса с изобретателями и научными учреждениями, укрепление брендов отечественных компаний, разработка и внедрение образовательных программ, цифровых платформ, а также передача знаний и технологий.

В 2024 году Кыргызпатентом было защищено около 83 тысяч объектов. Зарегистрированы 8609 изобретений, 3139 товарных знаков по национальной процедуре, более 49000 товарных знаков по международной процедуре, 1967 промышленных образцов и 7311 объектов авторского права.

17.04.2025.

“StartUp students – 2025” сынагынын финалдык этабы ТалМУда өттү

2025-жылдын 15-апрелинде Талас мамлекеттик университетинде студенттердин бизнес-демилгелерин колдоого багытталган “StartUp students – 2025” сынагынын финалдык туру болуп өттү. Бул маанилүү иш-чарада жалпы жонунан 26 стартап долбоор каралып, жаштардын инновациялык ойлору, чыгармачыл демилгелери коомчулукка сунушталды.

Сынактын комиссия курамына сырттан ийгиликтүү ишкерлер тартылып, адилеттүү баа берүү камсыздалды. Алардын арасында:

Досалиев Т.М. – Талас облусундагы Ишкерликти колдоо борборунун директору,

Атагелдиев Урмат – “Хан–Бүргө” ЖЧКнын жетекчиси,

Акмат кызы Махабат – “Талас айымдары” коомдук бирикмесинин башчысы,

Асейин уулу Азамат – “Манас эпосу” музейинин директору бар болчу.

Стартаптар азыркы күндө өзгөчө актуалдуу болгон маселелерди камтып, айрым студенттердин долбоорлору практикалык колдонууга жарамдуу экендигин ийгиликтүү далилдеп беришти. Жаштардын сунуштаган идеялары – коомду өнүктүрүүгө болгон чыныгы умтулууларын айгинеледи.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

1-орун: “Микрозелень Талас” аттуу долбоору менен Агробизнес, биоэкология жана туризм институтунун Г-23, Б-22 жана БСХ-23 тайпаларынын студенттери — Рысалиева Халида, Жолдошева Ширин, Уланбек уулу Бектур, Усөнова Кымбат жана Калыков Адилет. Жетекчиси — окутуучу Козубекова Алмаш Токтобековна.

2-орун: “Жашыл экономика – шыпаа нан” долбоору менен Биоэкология жана туризм институтунун Б-1-22 тайпасынын студенттери — Акматбек кызы Азима жана Стамбек кызы Алтынай. Жетекчиси — б.и.к., доцент Ташибекова Замира Мазеловна.

3-орун: “All Vision Media” долбоору менен Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун ИСТ-24 тайпасынын студенттери — Жакыпова Дамира, Заирбеков Равшан жана Кеңешбекова Нурпери. Жетекчиси — п.и.к., доцент Раева Чинара Тургунбековна.

Мындан сырткары, Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун окутуучулары — Омүрканова Ж.Э., Дуйшебаева М.К., Собурова Ж.Т. студенттерин колдоп, алардын мыкты 10 стартап долбоорунун катарын толуктай алышты. Алардын арасында:

Эстебесов Нурсултан— “Офис столу Кудук”,

Калмира — “Дизайн шедеврлери”,

Султанова Даяна, Жоробекова Айдана— “Сыйкырдуу колдор” аттуу кызыктуу долбоорлор менен айырмаланды.

Келечек жаштардыкы!

Университет жаштардан дагы да жаңы, чыгармачыл идеяларды күтөт. Жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздердин ийгилик — бул өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салым.

08.04.2025.

Апрель революциясына – 15 жыл: ТалМУда республикалык илимий-практикалык конференция өттү

2025-жылдын 4-апрелинде Талас мамлекеттик университетинде 7-апрель элдик революциясынын 15 жылдыгына жана баатырлардын элесине арналган «Апрель элдик революциясынын тарыхый орду жана натыйжалары» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чараны университеттин ректору Ж.С. Шаршембиев ачып берип, 2010-жылдын Апрель окуясынын тарыхый маанисине токтолуп, демократияны орнотуу жолунда курман болгон эр жүрөк жарандарга таазим кылып, конференция катышуучуларына ийгилик каалады.

Конференцияда куттуктоо сөздөрүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Э. Сейдеримова, “Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинин төрайымы К.К. Таштекеева, “Кыргыз тарыхы” коомдук бирикмесинин төрагасы, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин жана башка окуу жайлардын окумуштуулары сүйлөп, Апрель революциясынын коомдук-саясий тарыхтагы орду тууралуу ойлорун ортого салышты.

Конференцияда илимий макалалар баяндалып, окумуштуулар тарабынан революциянын себептери, жүрүшү жана анын натыйжалары илимий негизде талдоого алынды. Иш-чара жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынып, келечек муун үчүн мындай тарыхый сабактардын мааниси баса белгиленди.

Эскерүү иш-чарасында Апрель революциясынын Баатырлары жана алардын ата-энелери да катышып, уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдиришти. Алар өз кезегинде окуу жайдын китепканасына баатырларга арналган жаңы китепти белекке тапшырышты.

Конференцияга ТалМУнун Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун Транспорт, энергетика жана экономика кафедрасынын ага окутуучусу Дүйшебаева М.К. жана БУА-23 тайпасынын студенттери да жигердүү катышышты.

08.04.2025.

«Так эсеп – чыңалган ишеним, бекем келечек!»

Талас мамлекеттик университетинин, Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун, Техника, энергетика жана экономика кафедрасынын жалпы окутуучулар жана студенттери тарабынан уюшулган, 3-апрель – Кыргыз Республикасынын Бухгалтерлер жана аудиторлор күнүнө карата:

Интеллектуалдык акыл таймашы: «Бухгалтерлер жана аудиторлор күнү: Так эсеп – ишенимдүү келечек!»

2-апрель 2025-жылы болуп өттү.

Өтүлүүчү жер: Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залы

Дарек: К. Нуржанов атындагы аллея, 25, Талас шаары.

Бүгүнкү иш-чара бухгалтердик эсеп жана аудит жаатында терең билимди өркүндөтүүгө, логикалык ой жүгүртүүнү жана аналитикалык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.

Ар бир цифра – тактык деми,

Ар бир кагаз – тарых белги.

Кагаз, сан, баланс менен,

Күндөр өтөт эмгек менен.

Интеллектуалдык акыл таймашын расмий түрдө ачуу үчүн куттуктоо сөзү:

1. Транспорт, энергетика жана экономика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Курманкулов Шекербек Жанышбековичке берилди.

Бухгалтердик иш – бул жөн гана сандар эмес, ал ишенимдүү келечекти куруунун негизи. Биздин кесипкөй бухгалтерлер жана студенттерибиз өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө зор салым кошууда.

Эми сиздер үчүн ар тармактын алдыңкы адистеринен жана улуу муундагы бухгалтерлерден, бутуруучулордон видеокуттуктоо сунуштайбыз.

Бүгүнкү таймаштын адилеттүү өтүшүн камсыз кылуу үчүн бизде ардактуу калыстар тобу бар. Алар өз тажрыйбасы жана билими менен таймаштын жыйынтыгын акыйкат баалап, мыктыларды аныкташат.

1-тур – Үй тапшырмалары! Тема: «Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсептин өнүгүү келечеги»

Ар бир командага презентацияга 5 минут, 2 минут суроо-жоопко убакыт берилет.

📌 2-ТУР. Кроссворд командаларга бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча кроссворд тапшырмасы берилет.

📌 3-ТУР. Викторина платформа (Kahoot!)

📌 Маданий бөлүк. Бухгалтердик билимге арналган чыгармалар жетиден ашуун тилде көркөм окулмакчы. Бүгүн биз сиздерге өзгөчө чыгармачыл көрсөтүүнү сунуштайбыз – «Көлөкө театры». Бул театр аркылуу биз адам жашоосунун маанилүү баскычтарын чагылдырабыз.

📌 Ал эми программаны чогуу катышуучулар менен флешмоб улантат!

Баарыбыз көтөрүңкү маанайда, биримдикте жандуу кыймылдап, иш-чарабызды шаңга бөлөйбүз!

📌 Баарыңыздарды активдүү катышууга чакырабыз!

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи

(Сертификаттар жана ыраазычылык каттарды тапшыруу).

Куттуктоо сөзү:

1. Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Курманалиева Айнура Озубековнага берилет.

Бардык жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздер келечектеги мыкты бухгалтерлер жана аудиторлор болооруңуздарга ишенебиз!

Таймашка жалпы 4 команда катышты:

🏆 1-орун – Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институту «Актив» командасы 🥇 I даражадагы Диплом менен сыйланды

🥈 2-орун – Агробизнес жана туризм колледжи «Баланс» командасы 🥈 II даражадагы Диплом менен сыйланды

🥉 3-орун – Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институту «Инсайдерлер» командасы 🥉 III даражадагы Диплом менен сыйланды

🏅 Талас агрардык-экономикалык колледжи «Эсеп сакчысы» командасы – активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык кат менен сыйланды

👩‍💼👨‍💼 Калыстар тобу:

Таймаштын жүрүшүн тажрыйбалуу башкы бухгалтерлер жана бухгалтерия тармагында эмгектенген адистер баалашты.

🏆 Сыйлыктар жана таануу:

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор, ал эми бардык катышуучуларга сертификаттар, командаларды жетектеген окутуучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды.

💫 Так эсеп – ишенимдүү келечекке жол ачат!

08.04.2025.

Финансылык сабаттуулук — келечекке болгон инвестиция!!!

2025-жылдын 2-апрелинде Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Джумабекович Букуев калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган конок лекция өткөрдү.

Иш-чара студенттер үчүн өзгөчө кызыктуу жана пайдалуу болуп, алар активдүү катышып, финансылык коопсуздук, депозиттердин корголушу, акчанын туура жүгүртүлүшү боюнча суроолорун берип, адистер менен жандуу талкуу жүргүзүштү.

Ошондой эле, аталган агенттиктин аудитору Эржан Токтобеков учурдагы турмуштук мисалдардын негизинде өз баяндамасын сунуштап, ар бир жаран финансы жагынан сабаттуу болгондо гана терс көрүнүштөрдөн оолак болорун баса белгиледи.

Лекциянын соңунда студенттер үчүн оюн-зоок уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Университет жетекчилиги тарабынан конокторго ыраазычылык каты берилди.

Бул иш-чарага Транспорт, энергетика жана экономика кафедрасынын окутуучулары — Омррканова Ж.Э. жана Дүйшебаева М.К., ошондой эле экономика багыттында окуп жаткан студенттер активдүү катышышты.

Финансылык сабаттуулук – бул өз жашообузга, келечегибизге болгон ишеним!

01.04.2024.

Талас мамлекеттик университетинде «SKAFFOLD» технологиясы боюнча семинар жыйынтыкталды

27-мартта Талас мамлекеттик университетинин Билим берүү сапатын жогорулатуу, лицензиялоо жана аккредитация бөлүмү “Мугалим” коомдук фонду менен биргеликте уюштурган “Окутуудагы инновациялык методдор: «SKAFFOLD» технологиясы” аттуу семинар ийгиликтүү аяктады.

Семинардын алкагында 58 окутуучу 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсун ийгиликтүү аяктап, сертификаттарга ээ болушту. Алардын катарында Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун, Транспорт, энергетика жана экономика кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Ш.Ж. Курманкулов жана ага окутуучу М.К. Дуйшебаева сертификаттарды алышты.

Бул иш-чаранын максаты – заманбап инновациялык окутуу методдорун жайылтуу жана окутуучулардын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү. Уюштуруучулар жана катышуучулар семинардын билим берүү жаатындагы маанилүү салымын белгилешти.

21.03.2025.

Нооруз – биримдик менен берекенин майрамы!!

“Нооруз келсе нурун чачып жаз келет,

Жер-жемиштин, берекенин наз келет.

Кут майрамы ынтымакка баштаган,

Берекелүү, ырыскылуу жаз келет!”

Нооруз майрамы Талас мамлекеттик университетинде улуттук нарктарды даңазалаган өзгөчө маданий иш-чара менен белгиленди. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин №369 “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө Жарлыгын, №303 “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү” улуттук программасын ишке ашыруу, ошондой эле 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын жүргүзүү максатында уюштурулду.

Иш-чаранын расмий бөлүгүн ТалМУнун ректору Ж.С. Шаршембиев ачып, жалпы жамаатты Нооруз майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө бул күн улуттук маданиятты сактоо жана жаштарга салт-санааны үйрөтүү үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгилеп, ынтымак менен биримдик ар дайым башкы баалуулук болушу керектигин айтты. Ошондой эле, университеттин өнүгүшүнө салым кошкон бир катар окутуучуларды ТалМУнун Ардак грамоталары менен сыйлап, анын ичинде «Техника, энергетика жана экономика» кафедрасынын ага окутуучусу Э.Ж. Омурканова сыйланды.

Андан соң, ТалМУнун институттарынын ортосунда улуттук каада-салттарды даңазалаган кароо-сынак башталды. Катышуучулар алдын ала берилген тапшырмалардын негизинде «Кыз узатуу», «Үйлөнүү тою», «Бешик той» жана «Куда тосуу» жөрөлгөлөрүн сахналаштырып тартуулашты. Өзгөчө, Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институту «Куда тосуу» жөрөлгөсүн эң жогорку деңгээлде аткарып, көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун алкышына ээ болушту.

Сынакка катышкан жамааттар улуттук баалуулуктарды жандандыруу, ысырапкорчулукка каршы тарбиялык маанайда ой калтыруу максатында жогорку деңгээлде даярданышкан. Калыстар тобу командалардын аткаруусун адилеттүү баалап, ТалМУнун ректораты тарабынан бардык катышуучуларга 5000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды.

Иш-чара Нооруз майрамына мүнөздүү ыр-күүлөр, улуттук бийлер жана музыкалык номерлер менен коштолуп, соңунда жалпы катышуучуларга сүмөлөк таратылды.

Бул саамалык улуттук наркты даңазалоо, салт-санааны сактоо жана жаштарга тарбиялык мааниде үлгү берүү максатында уюштурулуп, катышуучуларга унутулгус таасир калтырды. Маданий иш-чарага «Техника, энергетика жана экономика» кафедрасынын жалпы окутуучулары да активдүү катышып, улуттук баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө өз салымдарын кошушту.

21.03.2025.

Талас мамлекеттик университетинде баңгизаттарга каршы күрөш боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү

2024-жылдын 17-мартында Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаштар арасында баңгизатка каршы күрөшүүдөгү баңги кырдаал” аттуу семинар-тренинг болуп өттү.

Иш-чарага КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы К.И. Усенов, КРССМНПБнун жашы жете элек балдарга жардам көрсөтүү боюнча бөлүм башчысы Т.А. Сагымбаева, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы “Балдарга колдоо көрсөтүү борборунун” психологу Г. Исабекова катышып, жаштар үчүн маанилүү маалыматтарды берип, практикалык тренинг өткөрүштү.

Семинарда жаштар арасында баңгизаттын таралышы, анын ден соолукка жана коомго тийгизген терс таасирлери тууралуу маалыматтар берилди. Угуучулар үчүн видео-слайддар көрсөтүлүп, профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, азыркы учурда жаштар арасында кездешкен баңгизаттар, аларды колдонууга байланыштуу көйгөйлөр боюнча жооп алышты.

Иш-чаранын соңунда Талас мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору К.Т. Жунусалиева келген конокторго ыраазычылык билдирип, баңгизаттарга каршы күрөш – ар бир жарандын милдети экенин баса белгиледи. Ал өз сөзүн “Биз баңгизат колдонууга каршыбыз!” деген чакырык менен жыйынтыктады.

Семинарга Талас мамлекеттик университетинин Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун «Транспорт,энергетика жана экономика» кафедрасынын окутуучулары жана студенттери активдүү катышты.

15.03.2025.

Тазалык – ден-соолуктун жана гүлдөгөн аймактын негизги кепилдиги!

2025-жылдын 15-мартында, Улуттук тазалык күнүн белгилөө алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 сандык Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 12-мартындагы № 20-2566 чыгыш катын аткаруу максатында, Талас мамлекеттик университетинин Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун «Транспорт, энергетика жана экономика» кафедрасынын жалпы жамааты «Улуттук тазалык күнү» ишембилигине активдүү катышты.

Ушул күндөн баштап 25-майга чейин облус аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча массалык ишембиликтер уюштурулуп жаткандыктан, институттун кызматкерлери жана студенттери мэрия тарабынан бөлүнгөн жерлерде жана окуу корпустарынын тегерегинде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бардыгы биргеликте иш алып барып, университеттин айланасын, ошондой эле жалпы аймакты көрктөндүрүү боюнча өз салымдарын кошушту.

Тазалыкты сактоо – бул биз үчүн гана эмес, келечек муундар үчүн да маанилүү! Жамааттын мындай жоопкерчиликтүү иш-аракеттери экологиялык аң-сезимдин артылышына жана жогорку деңгээлде жашоо шартына түздөн-түз таасирин тийгизет.

15.03.2025.

Студенттерибиздин ийгилиги – биздин сыймыгыбыз!

Талас мамлекеттик университетинин студенттери дагы бир жолу өздөрүнүн татыктуу билимин, тырышчаактыгын жана жигерин далилдеп, зор ийгиликке жетишти!

2025-жылдын 14-мартында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин И. Раззаков атындагы Эл аралык жогорку логистика мектеби өткөргөн ЖОЖдор аралык студенттик логистика олимпиадасында биздин студенттер экинчи орунду багындырышты!

Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунун Техника, энергетика жана экономика кафедрасынын төмөнкү студенттери:

Өмүрбекова Айпери (БУА-23)

Бакытова Аделя (БУА-23)

Курманбекова Альбина (БУА-23)

Алтымышева Бермет (ИСТ-22)

Ага окутуучу Омурканова Ж.Э. жетектеген команда өзүнүн интеллектуалдык потенциалын, чыгармачылык ой жүгүртүүсүн,терең билимин көрсөтө алды.

Студенттерибиз диплом, сертификаттар жана баалуу белектер менен сыйланышты!

Бул жеңиш – алардын тынымсыз изденүүсүнүн, билимге умтулуусунун жана команда болуп иштей билгендигинин жемиши! Биз ийгиликтүү студенттерибизди жана алардын жетекчисин терең куттуктап, алдыдагы дагы чоң жетишкендиктерге жол каалайбыз!

ТалМУнун жаштары – ийгиликтерге умтулган келечек ээлери!

09.03.2025.

2025-жылдын 7-мартында Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ТалМУнун ректору Жыргалбек Шаршембиев окуу жайдын айымдарын жаркын майрамы менен куттуктап, төмөнкүдөй жүрөк сөзүн айтты:

Сиздер өз уул-кыздарыңыздарга гана эмес, жалпы кыргыз элинин келечек муунуна да татыктуу тарбия жана билим берип келесиздер! Сиздердин ар бириңиздерге өз ишиңиздерге так жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Ак мээнетиңиздер, акылмандыгыңыздар жана чыдамкайлыгыңыздар менен Талас мамлекеттик университети сөзсүз түрдө Кыргызстандагы алдыңкы жогорку окуу жайларынын катарында сап башынан орун алат деп терең ишенем! Ар бириңиздерге ачык маанай, бекем ден-соолук, жүрөгүңүздөргө тынчтык, узак жана бакубат өмүр каалайм!»

Бул өзгөчө күндү утурлай университет тарабынан майрамдык маданий иш-чара уюштурулду. Айымдар үчүн жагымдуу маанай тартуулаган концерттик программа даярдалып, кубанычтуу ырлар жаңырды. Ошондой эле, бир катар окутуучулар жана кызматкерлер кесиптик жетишкендиктери үчүн сыйлыктар менен сыйланышты.

ТалМУнун жана Кесиптик кошуундун грамоталары тапшырылды.Техника, энергетика жана экономика кафедрасынын пол.и.к.доцент Укуева А.К. ТалМУнун Ардак грамотасы жана ага окутуучу Омурканова Ж.Э. кесиптик кошуундун Ардак грамотасы жана «Мыкты оюнчу» диплому менен сыйланды.

8-Мартка карата өткөрүлгөн окутуучу эжекелер арасындагы волейбол мелдешинде ТЭФтин курама командасы 3-орунду багындырып, ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Майрамдык иш-чаранын соңунда университет жамааты кечени жылуу маанайда улантып, аялзатынын үй-бүлөдөгү, коомдогу жана кесиптик чөйрөдөгү орду тууралуу пикир алышты. Бул күндүн урматына уюштурулган иш-чара айымдарга өзгөчө майрамдык маанай тартуулап, көп жылдар бою эсте кала турган кубанычтуу көз ирмемдерди белек кылды. Майрамдык иш-чарага кафедранын окутуучулары жана студенттери катышышты.

09.03.2025.

«Аялзат – аалам ажары» аттуу майрамдык иш-чара

2025-жылдын 6-мартында Талас мамлекеттик университетинин Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институтунда 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул иш-чараны Транспорт, энергетика жана экономика кафедрасынын студенттери БУА-23 жана БУА-21 тайпалары кураторлору Дүйшебаева М.К. жана Собурова Ж.Т. менен биргеликте уюштурушту.

Иш-чараны институттун директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Курманалиева Айнура Озубековна ачып, жалпы окутуучуларды жана студенттерди жаз майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө аялзатынын коомдогу орду, алардын билим берүү, экономика, илим жана маданият тармагындагы кошкон салымы жөнүндө айтып өтүп, иш-чаранын уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын билдирди.

Майрамдык программа көркөм номерлер менен коштолуп, студенттердин аткаруусунда жүрөккө жылыган ырлар жаңырды. «Аялдардын Кыргыз мамлекетинде ээлеген орду» деген темада баяндама окулуп, аялзатынын коомдогу орду, алардын жетишкендиктери жана салымы тууралуу кеңири маалымат берилди. Катышуучулар баяндаманы кызыгуу менен угуп, талкууга активдүү катышты.

Иш-чаранын өзгөчө көз ирмемдеринин бири – жандуу аткарылган «Энекем» аттуу ыр болду. Ал көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, терең таасир калтырды. Андан соң ар түрдүү кызыктуу оюндар уюштурулуп, студенттер менен окутуучулар биргеликте активдүү катышты.

Майрамдык иш-чаранын эң таасирдүү бөлүгү – «Көлөкө театры» болду. Бул номерде студенттер эненин баласына болгон мээрими, анын төрөлгөндөн тартып чоңойгонго чейинки жашоо баскычтарын көркөм түрдө чагылдырып беришти. Көрүүчүлөр бул чыгарманы суктанып, терең толкундануу менен кабыл алышты.

Программанын жыйынтыктоочу бөлүгүндө 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө арналган викторина ойнотулуп, окутуучу эжекелер менен студент кыздарга кызыктуу суроолор берилди. Оюндун жеңүүчүлөрүнө эстелик белектер тапшырылып, катышуучулар бири-бирине эң жакшы каалоо-тилектерин жолдошту.

Бул майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, жылуу маанай тартуулады. Көрүүчүлөр уюштуруучуларга терең ыраазычылыктарын билдирип, иш-чараны чоң шык жана чыгармачылык менен өткөрүлгөндүгүн белгилешти.

09.03.2025.

Талас мамлекеттик университетинде медициналык камсыздандыруу боюнча жолугушуу өттү

2025-жылдын 5-февралында Талас мамлекеттик университетинде окутуучулар жана студенттердин катышуусунда маанилүү жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) Талас аймактык башкармалыгынын директору Эмилбаев Улан Сагынович жана Сапатты экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Тулебердиев Мелис Мадалбекович катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ММКФ директору Улан Эмилбаев жана анын кызматкерлери жарандардын медициналык-санитардык жактан жардам алууда өз укуктары жана милдеттери тууралуу кеңири маалымат беришти. Алар Мамлекеттик кепилдиктер программасы, “Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамы, Ишеним телефону жана ММК полиси боюнча түшүндүрмөлөрдү беришип, катышуучулардын суроолоруна жооп кайтарышты.

Ошондой эле, ММКФнын Талас аймактык башкармалыгы тарабынан Кыргызстандагы медициналык камсыздандыруу системасы боюнча презентация көрсөтүлүп, студенттер жана окутуучулар менен ачык талкуу жүргүзүлдү.

Жыйын соңунда Транспорт, энергетика жана экономика кафедрасынын ага окутуучусу Дүйшебаева М.К. жолугушуудан алынган маалыматтарды БУА-21 тайпасына өткөрүп, студенттерге кеңири түшүндүрмө берди.

Бул иш-чара студенттердин жана окутуучулардын медициналык камсыздандыруу боюнча маалымдуулугун жогорулатууга чоң салым кошту.

07.03.2025.

АЙЫМДАР СПОРТТО КҮЧ СЫНАШТЫ!!

ТалМУда 8-Мартка карата волейбол мелдеши өткөрүлдү.

2025-жылдын 25-февралында Талас мамлекеттик университетинин (ТалМУ) администрациясы жана кесиптик кошууну тарабынан 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата профессордук-окутуучу айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду.

Иш-чаранын ачылышында ТалМУнун ректору Ж.С. Шаршембиев, мамлекеттик тил боюнча проректору К.Т. Жунусалиева жана Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледждин) директору А.Ж. Ажыбаева куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, командаларга ийгилик каалашты.

Мелдешке университеттин окутуучулары жана кызматкерлери активдүү катышып, факультеттердин беш командасы айлампа системасы менен күч сынашты. Жыйынтыгында, Технология-экономикалык факультетинин (ТЭФ) курама командасы 3-орунду ээледи.

Урматтуу айымдар!

Келе жаткан 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүңүздөр менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, түгөнгүс бакыт жана ишиңиздерде ийгиликтерди каалайбыз. Жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, ар дайым бар болуңуздар!

Майрамыңыздар кут болсун!

05.03.2025.

Урматтуу кыргыз элим, кадырлуу мекендештер!

Сиздерди Ак калпак күнү менен ак ниеттен куттуктайм! Ак калпак – кыргыз эр азаматтарынын ар-намысынын, улуулугунун, эркиндиктин жана тазалыктын символу. Бул улуу күндө ата-бабаларыбыздан калган мурасты даңазалап, улуттук баалуулуктарды урматтоого чакырабыз.

Көчмөн элдин сыймыгы болгон ак калпагыбызды бийик көтөрүп, элибиздин биримдигин, ынтымагын бекемдейли! Жүрөгүбүз дайым таза, ой-максатыбыз бийик, жүзүбүз жарык болсун!!

БУА-21 тайпасынын студенти Осмоналиева Анара

Куратору: Дуйшебаева Марипа Кушубаковна

22.02.2025.

ТалМУда Эл аралык эне тил күнү жана Ата Мекенди коргоо күнү салтанаттуу белгиленди

Өткөрүү датасы: 21-февраль, 2025-жыл

Өткөрүү орду: Талас мамлекеттик университетинин Ч.Айтматов атындагы жыйындар залы

Талас мамлекеттик университетинде Эл аралык эне тил күнү, 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү жана 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу максатында чоң салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул майрамдык жыйын университеттин профессордук-окутуучулар курамын, студенттерди жана конокторду бир аянтчага чогулткан өзгөчө маанилүү окуя болду.

Иш-чараны ТалМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Ж.С. Шаршембиев ачып, жалпы жамаатты майрамдар менен куттуктады. Ал университеттин бир жыл ичиндеги жетишкендиктери, жасалган иштер жана келечек пландары тууралуу кеңири баяндап, мугалимдердин жана студенттердин илимий, чыгармачыл жана спорттук ийгиликтерине өзгөчө басым жасады.

«Жыл мыктылары» сыйлыктары тапшырылды

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө ТалМУнун «Жыл мыктылары» Жобосуна ылайык жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү. Бул сыйлыктар өзүнүн билими, эмгеги жана жигердүү аракеттери менен айырмаланган мыкты окутуучуларга жана факультеттерге тапшырылды.

«Мыкты факультет» номинациясында Технология-экономикалык факультети жеңүүчү аталып, деканы педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Айнура Өзүбековна Курманалиевага телевизор, компьютер жана принтер тапшырылды.

«Мыкты ага окутуучу» номинациясынын жеңүүчүсү – Экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Дүйшебаева Марипа Кушубаковна болуп, сыйлык катары ноутбук ыйгарылды.

Спорттук мелдештерде жогорку жетишкендиктерди көрсөткөндүгү үчүн Экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Тилек Тынаевич Ташманбетов диплом менен сыйланды.

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда катышуучулар үчүн өзгөчө даярдалган маданий программа тартууланып, майрамдык маанай жаралды. Сахнада эне тилдин улуулугун даңазалаган ырлар жаңырып, патриоттук чыгармалар аткарылып, улуттук бийлер тартууланды.

Бул иш-чара университет жамаатынын биримдигин, илим-билимге болгон умтулушун жана маданий баалуулуктарды жогору баалай тургандыгын дагы бир жолу тастыктады. Мындай салтанаттуу кечелер мындан ары да уланып, университеттин өнүгүүсүнө жаңы дем берет деп ишенебиз!

22.02.2025.

«Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө» арналган куратордук саат

Өткөрүү датасы: 21-февраль, 2025-жыл

Өткөрүү орду: Талас мамлекеттик университетинин Технология-экономикалык факультети, 204-б аудитория

Куратор:Омурканова Ж. Э.

Уюштуруучу: Экономика жана менеджмент кафедрасынын БУА-24 тайпасы

Катышуучулар: Факультеттин жалпы окутуучулары жана студенттери.

Талас мамлекеттик университетинин Технология-экономикалык факультетинде 23-февраль – Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата куратордук саат өткөрүлүп, бул күнгө арналган өзгөчө программа тартууланды.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшү:

Иш-чаранын расмий бөлүгү факультеттин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Курманалиева Айнура Өзүбековнанын куттуктоо сөзү менен ачылып, ал жалпы жамаатты жана студенттерди майрам менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдирди.

Экономика жана менеджмент кафедрасынын БУА-24 тайпасынын студенттери куратор Омурканова Ж.Э.нин жетекчилиги астында ар тараптуу чыгармачыл программа даярдашты.

Жалпы тайпа тарабынан хор ырдалып, анын мукам ыргагы залдагы майрамдык маанайды ого бетер жандандыра түштү.

«Кылчабердүү кыздар» бий тобу өзгөчө көркөм бий тартуулап, сахнаны шаңга бөлөдү.

Комуздун мукам күүсү жаңырып, «Маш-Ботой» күүсү жүрөктөрдү толкутту.

Майрамдык иш-чаранын жандуулугун арттыруу максатында «Какут» платформасында кызыктуу оюндар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. БУА-23 тайпасынын жалпы студенттери жалпы ТЭФтин агайларга Белек тартуулашып өзгөчө маанай тартуулашты видео ролик көрсөтүлдү,өздөрүнүн агайларына жана окутуучуларына жылуу куттуктоолорун жолдоп, бул майрам алардын эмгегине болгон терең урматтоонун белгиси экенин баса белгилешти.

Бул куратордук саат ата мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка жана биримдикке үндөгөн өзгөчө маанилүү иш-чаралардын бири болду. Уюштуруучуларга жана катышуучуларга терең ыраазычылык билдирип, мындай маанилүү маданий жана тарбиялык сааттар мындан ары да уланарына ишенебиз!

Ата-Мекенди коргоочулар күнүңүздөр куттуу болсун!

22.02.2025.

«Өзгөрүү жаштардан башталат» долбоорунун алкагында уюштурулган СЕМИНАР-ТРЕНИНГ

Өткөрүү орду: Талас мамлекеттик университетинин Гуманитардык факультети

Өткөрүү датасы: 30-31-январь, 2025-жыл

Тренер: Турсунбаев Бактыбек Бейшеналиевич – адвокат, адам укуктары боюнча эксперт, Эрджиес университетинин PhD студенти

Бул семинар-тренингдин негизги максаты – Талас облусундагы жаштардын жигердүүлүгүн арттыруу, аларды социалдык долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн керектүү көндүмдөр менен жабдып, маалыматтуулугун жогорулатуу. Катышуучулар эл алдында сүйлөө чеберчилиги, социалдык долбоорлордун максатын аныктоо жана бюджетин түзүү боюнча атайын көнүгүүлөрдү аткарып, практикалык тапшырмаларды аткарышты.

12-февралда катышуучулар өздөрүнүн иштеп чыккан долбоорлорун презентация кылышты.

Социалдык долбоорлор жана окутуучулардын демилгеси.

Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары дагы социалдык долбоорлорун сунушташты.

Дүйшөбаева Марипа Кушубаковна жана Туткучбаева Каныкей «ТалМУ – Ийгиликтин борбору» аттуу долбоорун сунушташты. Бул долбоор мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге ар тараптан колдоо көрсөтүүнү, билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана ийгиликке жетүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүүнү көздөйт. Долбоордун алкагында инклюзивдик билим берүү багытында даярдык курстарын уюштуруу, мугалимдерди атайын окутуу жана областтагы мектептерге жакындан жардам көрсөтүү пландаштырылган.

Бул долбоор университеттин гана эмес, жалпы коомчулуктун өнүгүүсүнө чоң салым кошо турган керектүү жана маанилүү демилге катары жогору бааланды. Катышуучулар «ТалМУ – Ийгиликтин борбору» долбоору мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге чыныгы жардам бере турган уникалдуу платформа болуп каларын белгилешти.

Өмүрканова Жамиля Эгембердиевна «ТалМУнун Жыйын залын жаңылоо» аттуу долбоорун сунуштап, университеттин жыйын залынын отургучтарын заманбап үлгүдө жаңылоону сунуштады. Бул идея катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, долбоордун ишке ашышына тилектештик билдирилди.

Катышуучулар семинар-тренингдин пайдалуулугун жогору баалап, социалдык долбоорлор боюнча алган билимдери келечекте чоң жардам берерин белгилешти.

Тренер Турсунбаев Бактыбек Бейшеналиевичке терең ыраазычылык билдиребиз! Анын баалуу билими, кеңештери жана шыктандыруучу сөздөрү катышуучуларга жаңы дем-күч берип, келечектеги долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга шыктандырды.

Семинар-тренингдин жыйынтыгында катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылып, алардын алган билими тастыкталды.

Сунушталган долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашуусун каалап, бардык катышуучуларга жана уюштуруучуларга алкыш айтабыз!!!!

29.01.2025.

Факультеттин Окумуштуулар Кеңешинин Жыйыны

🗓 29-январь, 2025-жыл

📍 ТалМУнун Технология-экономикалык факультети

Технология-экономикалык факультетинде Окумуштуулар кеңешинин кезектүү отуруму өттү. Жыйын факультеттин Окумуштуулар кеңешинин бекитилген иш планына ылайык уюштурулуп, төмөнкү маселелер каралды:

1️⃣ Факультеттин материалдык-техникалык базасынын абалы жана аны жакшыртуу жолдору

Декан жана кафедра башчылары ТалМУнун жетекчилигине сунуштар менен кайрылуу жана заявка берүү маселесин талкуулашты.

2️⃣ Курстук иштердин аткарылышы жана сабак өтүүнүн сапатын жакшыртуу

УОКтун төрайымы Раева Ч.Т. адистиктер боюнча курстук иштердин жүрүшү жана кафедралардын сабак өтүү сапатын анализдеди.

3️⃣ Кафедралардын ишмердүүлүгү боюнча отчет

Өмүрканова Ж.Э. жана Раева Ч.Т. ЭжМ, ТПТ кафедраларынын окуу-методикалык, илимий-изилдөө, чет элдик кызматташуу, окутуучулардын жана студенттердин мобилдүүлүгү, тарбия иштери боюнча отчетторун сунушташты.

4️⃣ Факультеттин 2024-2025-окуу жылындагы ишмердүүлүгү боюнча жарым жылдык отчет

Жыйында окуу, окуу-методикалык, илимий изилдөө, тарбия иштери боюнча жарым жылдык отчеттор каралды.

5️⃣ Ар түрдүү маселелер

Факультеттин өнүгүүсүнө байланыштуу ар кандай маселелер талкууланып, тиешелүү сунуштар айтылды.

Окумуштуулар кеңешинин отурумуна факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты катышты. Экономика жана менеджмент кафедрасынан кеңештин жыйынына Ж.Э.Омурканова, М.К. Дуйшөбаева, жана Ж.Т. Собурова катышты.

26.12.2024.

ТалМУнун «Жыл Мыктылары – 2024» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды

2024-жылдын 25-декабрында Талас мамлекеттик университети жыл жыйынтыгын чыгарып, салтка айланган «Жыл Мыктылары» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул сыйлыктар университеттин профессордук-окутуучулук жамаатына арналган Жаңы жылдык салтанаттуу кечеде тапшырылды. Сыйлык ээлерин университеттин ректору, техникалык илимдердин доктору, профессор Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович, окуу жана илимий иштер боюнча проректор, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сурапов Анаркул Кудайбердиевич жана мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, филология илимдеринин кандидаты, доцент Жунусалиева Кундуз Тотоновна ыйгарды.

Жылдын мыктыларынын арасында:

📌 “Мыкты факультет – 2024” наамына Технология-экономикалык факультети ээ болуп, I даражадагы Диплом, ошондой эле компьютер, принтер жана телевизор менен сыйланды.

📌 “Экономика жана Менеджмент” кафедрасы мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган үч айлыктын алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн жана 2023-2024-окуу жылында билим берүү программаларынын аккредитациядан ийгиликтүү өткөндүгү үчүн ТалМУнун Ардак грамотасына ээ болду.

📌 Экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Марипа Кушубаковна Дуйшебаева 2024-окуу жылында жекече кошкон зор салымы үчүн кесиптик кошундун Ардак грамотасы менен сыйланды.

Бул сыйлыктар – университетибиздин өнүгүүсүнө кошулган зор салымдын далили! Жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктап, аларга мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди, бекем ден соолук жана албан-албан жетишкендиктерди каалайбыз!

2025-жыл куттуу болсун!

Талас мамлекеттик университети өсүп-өнүгө берсин!

21.12.2025.

Кыргыз мамлекетинин чамгарагынын алдында кылымдар бою кыргыз эли менен коюн-колтук алышып, ынтымак-ырашкерлик менен жашап келишкен ар улуттун өкүлдөрү бар.

Түрк, күрд, өзбек, грузин, орус, казак, немец, татар этностору өлкөбүздүн, анын ичинен Талас облусунун коомдук-саясый жана маданий турмушуна зор салымдарын кошуп келишүүдө.2024-жылдын 20-декабрында Талас шаардык Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде өтүп жаткан “Кыргыз жараны — Мекеним менден башталат” аттуу иш-чарада Талас облусундагы ар улуттун өкүлдөрүнүн Кыргызстанга кошкон салымдары белгиленди. Иш-чарага катышкан КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруу үчүн аткарылып жаткан иштер тууралуу баяндап, эмгек алдыңкыларына ыраазычылык билдирүү үчүн “Ыраазычылык каттарын” тапшырды.

Акциянын жыйынтыгы менен маданий-массалык иш чараларда активдүү катышкан окуучуларга “Мактоо барагы” берилди. Бул иш-чарага Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары Дуйшебаева М.К. жана Собурова Ж.Т. жана студенттер катышышты.Иш-чара маданий программа менен аяктады.

16.112.2025.

«Биздин сыймыгыбыз — эртеңкиге үмүт жандырган жылдыздарыбыз!»

Бүгүн, 16-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жогорку окуу жайлардын арасынан мыкты деп табылган 90 студентке Президенттик стипендия тапшырды. Бул абройлуу сыйлыкка Талас мамлекеттик университетинин эки студенти татыктуу болду. Алардын бири — Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын 4-курсунун студенти, БУА-21 тайпасынын ардактуу өкүлү Женишова Тунук Бакытбековна.

Тунук 1-курстан тарта эле бул бийиктикке жетүүнү максат кылып, анын ар бир кадамын тууралап келди. Университетте өткөрүлгөн ар бир иш-чарага активдүү катышып, илимий конференциялар менен олимпиадаларда жеңишке жетүү аркылуу өзүнүн билимин, талыкпас эмгегин далилдеди. Анын ийгиликтүү жолу «КМШнын мыкты студенти» жана «Түрк мамлекеттеринин мыкты студенти» сыяктуу абройлуу наамдар, 1-даражадагы дипломдор менен коштолду.

Бүгүн болсо анын көп жылдык мээнети жана тырышчаактыгы акталды. Президенттин өз колунан Президенттик стипендия алып, дагы бир чокуга жетти.

Тунукка мындан ары да ийгиликтин бийик серелерин багындыруусун каалайбыз!

Сен биздин сыймыгыбызсың, келечектин жарыгысың!

13.12.2025.

Талас мамлекеттик университетинде Чыңгыз Айтматовдун 96 жылдыгына арналган таймаш

2024-жылдын 13-декабрында Талас мамлекеттик университетинин Гуманитардык факультетинин кыргыз тили Жана адабият кафедрасынын ага окутуучусу Алтыкеева Нурзада Жаныбековна улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 96 жылдыгына арналган өзгөчө сабак-таймашты уюштурду. Иш-чарага биринчи курстун студенттери катышып, улуу жазуучунун “Кассандра тамгасы” чыгармасы боюнча терең ой жүгүртүүгө жана чыгармачылык изденүүгө негизделген интеллектуалдык мелдеш өттү.

Таймаш жүрүшүндө ар бир студент өзүнүн чыгармачылыгын, логикалык ой жүгүртүүсүн жана адабиятка болгон кызыгуусун көрсөтө алды. Таймаштын жыйынтыгында Технология-экономикалык факультетинин Экономика жана менеджмент кафедрасынын БУА-24 тайпасынын студенттери мыкты даярдыгын жана терең билимин далилдеп, 1-орунду багындырышты. Жеңүүчүлөр грамота менен сыйланып, иш-чаранын башкы каармандарына айланышты.

Бул таймаш студенттердин адабиятка кызыгуусун гана арттырбастан, алардын чыгармаларды терең түшүнүүсүнө, идеяларын эркин билдирүүсүнө жана интеллектуалдык потенциалын өстүрүүгө чоң өбөлгө түздү. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын улуулугу дагы бир жолу белгиленип, улуттук мурастын маанилүүлүгү тереңден сездирилди.

Жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды чын жүрөктөн куттуктайбыз! Чыгармачылык ийгиликтериңиздер көп болсун!

Бул сыяктуу адабий иш-чаралар студенттердин руханий байлыгын арттыруу менен катар, аларды өзгөчө маанилүү баалуулуктарга үндөйт деп ишенебиз.

12.12.2024.

ТалМУда студенттик стартап долбоорунун экинчи этабы өттү

2024-жылдын 12-декабрында Талас мамлекеттик университетинин Бизнес-инкубаторунда «StartUp Students 2024-2025» конкурсунун алкагында экинчи жолугушуу болуп өттү. Бул иш-чарада ТалМУнун бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн студенттери өздөрүнүн жаңы стартап идеяларын сунуштап, инновациялык долбоорлорун тааныштырышты.

Иш-чаранын алкагында Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Омурканова Ж.Э. жетекчилик кылган БУА-23 тайпасынын студенттери Курманбекова А. жана Бакытова А. «Эко Даам» аттуу стартап долбоорун презентациялашты. Бул долбоор туура тамактануу жана ден соолукка пайдалуу азыктарды өндүрүү темасына багытталган.

Долбоордун негизги максаты – экологиялык жактан таза, адамдын ден соолугуна пайдалуу азыктарды популярдаштыруу жана туура тамактанууну жайылтуу. Студенттер долбоорду ишенимдүү түрдө презентациялап, калыстар тобунун жана катышуучулардын кызыгуусун жаратышты.

Бул жолугушуу студенттердин чыгармачылыгын жана инновациялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган мыкты платформа болду.

ТалМУ студенттерине мындан аркы иштерине ийгилик каалайбыз!

03.12.2024.

МАЙЫПТЫГЫ БАР АДАМДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ.

Жарык күндө жарык үмүт жанат,

Мээрим төгүп, жашоо уланат.

Биримдикте, сыймык менен жашап,

Жакшылыктар дайым жолдо күтөт.

Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрда, Талас шаарында Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул күндүн башкы максаты – майыптыгы бар жарандардын укуктарын коргоо, коомдогу ордун бекемдөө жана алардын жашоосундагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.Бүгүн 3 — декабрь эл аралык майыптуулугу бар адамдардын коргоо кунунуно карата «Жаркын келечек — Талас» коомдук бирикмеси «Элим барсыңбы? Талас» кайрымдуулук фонду менен биргеликте балдар учун майрамдык иш чара өткөрүштү.

Иш-чарада Технология-экономикалык факультетинин деканы, п.и.к., доцент А.О. Курманалиева куттуктоо сөзүндө: «Бул күн – биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ар бирибиздин милдетибиз – майыптыгы бар жарандардын укуктарын колдоо жана аларга коомубузда татыктуу орун түзүп берүү. Бүгүнкү иш-чара – бул биримдиктин, мээримдин жана колдоонун жаркын мисалы» – деп белгилеп, бардык катышуучуларга жылуу каалоо-тилектерин айтты.

Иш-чаранын жүрүшү кызыктуу концерттик программа, оюн-зооктор тартууланды. Бөбөктөргө жана башка катышуучулар үчүн жакшы маанай тартууланып, күн жылуу мээримге жана кубанычка толду. Иш-чаранын жыйынтыгында уюштуруучулар жылуу калоо-тилектерди айтып, катышуучуларга белектерди беришти.

Ошондой эле, Технология-экономикалык факультетинин деканы А.О. Курманалиеванын жетекчилиги менен аталган факультеттин жалпы жамааты жана студенттердин атынан Кайрымдуулук күнүнө карата “Жаркын келечек — Талас” коомдук бирикмесине кайрымдуулук жардамын көрсөтүштү. Коомдук бирикменин жетекчиси бул саамалык үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, ТалМУга Ыраазычылык кат тапшырып, мындан ары да ийгиликтерди каалады. Бул иш-чарага ТЭФтин деканы, п.и.к., доцент А.О. Курманалиева жана студенттер П.Т. Бердалиева, М.К. Дүйшөбаева активдүү катышты.

03.12.2024.

ТалМУда 1-декабрь – КИЖСке каршы күрөшүү күнүнө арналган семинар өткөрүлдү

2024-жылдын 2-декабрында Талас мамлекеттик университетинде 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк КИЖСке каршы күрөшүү күнүнө карата «АИВ: билим сенин коопсуздугуң, дарылануу – сенин ден соолугуң» ураанынын алкагында семинар уюштурулду. Бул иш-чара АИВ инфекциясынын алдын алуу, анын жайылуу коркунучун азайтуу жана илдетке каршы күрөш боюнча маалымат берүүгө багытталган.

Семинар жаш муундарга жана коомчулукка АИВ/КИЖС инфекциясынын жайылышынын алдын алуу маселесине көңүл буруу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу илдеттин социалдык жана медициналык аспектилерин терең түшүндүрүүнү көздөдү.

Семинарга төмөнкү коноктор жана адистер катышты:

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Сейдикеримова Мира Эсиркеповна;

ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Жунусалиева К.Т.;

Талас облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун директору Алишерова Гульмира Шайлообековна;

«21-кылымдагы жаштардын ден соолугу жана билими» коомдук фондунун өкүлдөрү Байдовлетова Назгүл жана Абдаалы уулу Нурбек;

Табият таануу кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты Ташыбекова Замира Мазеловна.

Семинарда төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү:

Теманы чагылдырган видео-тасма көрсөтүлдү;

Студенттер арасында сурамжылоо жүргүзүлдү;

АИВди көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери катышуучулар үчүн акысыз экспресс-тестирлөө өткөрүштү.

Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Дүйшебаева Марипа Кушубаковнанын жетекчилиги менен БУА-24, БУА-22, БУА-21 тайпаларынын студенттери менен дубал гезит чыгаруу конкурсуна катышты. Конкурста студенттердин чыгармачылыгы жогору бааланып, аларга баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чаранын ийгиликтүү уюштурулушуна зор салым кошкон Табият таануу кафедрасынын бардык уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдиребиз.Семинар АИВ/КИЖСке каршы күрөшүүдө жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууда чоң мааниге ээ болуп, келечек муундарга зарыл маалыматтарды жеткирүүнүн натыйжалуу платформасы болду.

02.12.2024.

Илим жана Экология жылынын алкагындагы эл аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун мейкиндигинде «Экология жылы» деп жарыяланган. Ушул жылдын алкагында жана Илим күнүнө арналган иш-чара 29-ноябрда К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында болуп өттү. Аны Талас мамлекеттик университетинин Табият таануу, педагогика факультетинин Табият таануу кафедрасы уюштурду. Иш-чара улуу окумуштуу, биология илимдеринин кандидаты, доцент Жышан Сагынбековдун 85 жылдык мааракесине арналган.

Иш-чаранын алкагында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган архивдик фотоматериалдардын көргөзмөсү жана экологиялык көйгөйлөрдү чагылдырган видеоролик көрсөтүлдү.

Илимий-практикалык конференциянын пленардык отурумунда бир катар белгилүү окумуштуулар баяндамаларын жасашты:

Эл аралык экология академиясынын академиги, Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Аскар Нигматов;

ОшМУнун профессору Абдурашит Низамиев;

И.Арабаев атындагы КМУнун физика-математика факультетинин деканы Күлзат Токонбекова.

Конференциянын максаты

Илимий жыйын экологиялык көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу, табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо маданиятын калыптандыруу жана туруктуу өнүгүүгө шарт түзүү максатын көздөдү.

Сыйлыктар:

КРнын Президентинин Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары М.Э. Сейдикеримова Ж.С.Сагынбековду жана башка активдүү катышуучуларды куттуктап, төмөнкү сыйлыктарды тапшырды:

Ж.С.Сагынбековго “Талас 80 жыл” юбилейлик медалы;

З.М.Ташыбековага “Талас облусуна сиңирген эмгеги үчүн” төш белгиси;

Талас шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы.

Педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Ш.Ж. Курманкуловго жаш муундарды тарбиялоого жана билим берүүгө кошкон зор эмгеги үчүн жана Талас облусунун 80 жылдыгына карата “Талас облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылып, юбилейлик медаль менен сыйланды.

Ошондой эле ТалМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Ж.С.Сагынбековго “ТалМУнун Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

Илимий секциялар жана баяндамалар:

Иш-чарада үчүнчү секция иш жүргүзүп, техникалык жана экономикалык багытта 9 илимий баяндама угулду. Экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары төмөнкү темаларда баяндамаларын сунушташты:

Дүйшебаева Марипа Кушубаковна, ага окутуучу: “Талас облусунун экономикасын өнүктүрүү: инвестицияларды тартуу жана жумуш орундарын түзүү аркылуу”;

Омурканова Жамиля Эгенбердиевна, ага окутуучу: “Талас облусундагы калктын жашоо деңгээли: көйгөйлөр жана өнүгүү келечеги”.

Иш-чарада активдүү катышкандыгы үчүн экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучуларына сертификаттар ыйгарылды. Жыйын концерттик программа менен улантылып, сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды.

Аталган иш чарага Экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары катышышты: Омурканова Ж.Э., Дуйшебаева М.К.,Собурова Ж Т.

29.11.2024.

2024-жылдын 27-ноябрында Талас мамлекеттик университетинде «Суицид-клептомания» аттуу тегерек стол болуп өттү.

Бул маанилүү иш-чараны «Табият таануу жана педагогика» факультетинин «Педагогика» кафедрасынын ага окутуучусу Туткучбаева Каныкей Абдыжапаровна уюштурган. Иш-чарага гуманитардык факультеттин К-1-24 жана И-1-24 топторунун студенттери активдүү катышып, жаштар арасындагы жана коомдогу суицид менен клептомания көйгөйлөрү терең талкууланды.

Тегерек столго ардактуу коноктор катары төмөнкүлөр катышты:

«Жаңы багыт» гезитинин редактору Иманкулов Козубек,

ТалМУнун тарбия иштери боюнча проректору, ф.и.к., доцент Жунусалиева К.Т.,

Экономика кафедрасынын ага окутуучусу Дуйшебаева Марипа Кушубаковна,

«Педагогика» кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Умарбекова А.А.,

Окутуучулар Эсекеева Р.К. жана Асилбек к. Каным.

Азаматтар! Тегерек стол жогорку деңгээлде уюштурулуп, абдан кызыктуу өттү.

Иш-чаранын ар бир бөлүгү катышуучулар үчүн маанилүү жана пайдалуу болду. Пикир алмашуулар, талкуулар жана берилген суроолорго жооптор иш-чаранын жандуу өтүшүнө шарт түздү. Бул күн угуучулар үчүн жаңы билим алуу жана баалуу тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүн берди.

Мындай иш-чаралардын өткөрүлүшү келечектеги адистердин өнүгүүсүнө чоң көмөкчү болот. Коноктор иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө жогорку баа беришип, уюштуруучу Туткучбаева Каныкей Абдыжапаровнага мындан аркы иштеринде чоң ийгиликтерди каалашты.

23.11.2024.

Өмүрү Өрнөк Инсан: Бийлибаев Кайнарбек Шеримкуловичтин 70 жылдыгына арналган республикалык илимий-практикалык конференция.

2024-жылдын 23-ноябрында Талас мамлекеттик университети жана «Бердике-Берен» коомдук уюму биргеликте тарых илимдеринин кандидаты, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин доценти, комузчу, обончу, композитор, санжырачы, көп кырдуу талант Бийлибаев Кайнарбек Шеримкуловичтин 70 жаш мааракесине арналган «Өмүрү өрнөк инсан» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Конференция ТалМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Шаршембиев Жыргалбек Сабырбековичтин салтанаттуу ачылыш сөзү менен башталды. Ал иш-чаранын маңызын белгилеп, Бийлибаев Кайнарбек Шеримкуловичтин чыгармачылыгы жана өмүр жолу жаңы муун үчүн үлгү боло турганын айтты. Андан кийин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Сейдикеримова Мира Эсиркеповна, Талас районунун мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Мамбеталиева Венера Табылдиевна, Бийлибаев Кайнарбек Шеримкуловичтин жакын туугандары жана Бердике-Берен коомунун өкүлдөрү сөз сүйлөп, өз куттуктоолорун жана каалоо-тилектерин билдиришти.

Конференциянын пленардык бөлүмүндө Кыргызстандын көрүнүктүү тарыхчылары жана окумуштуулары илимий баяндамаларды жасашты. Т.и.д, профессор, УИАнын корреспондент мүчөсү, Кыргызстан тарыхчылар ассоциациясынын президенти Осмонов Өскөн Джусупбекович, т.и.к, профессор, К.Карасаев атындагы БМУнин тарых кафедрасынын башчысы Сапаралиев Дөөлөтбек Бекешович жана ТалМУнун тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, т.и.к, доцент Жусупова Моймол Молдобековна өзүлөрүнүн баяндамаларын таасирдүү жана илимий жактан бай болуп, иш-чаранын мазмунун тереңдетишти.

Иш-чаранын маданий бөлүмүндө Бийлибаев Кайнарбек Шеримкуловичтин обондору аткарылып, көркөм чыгармачылык жанданды. Калипа Чалова, Санат Байториева жана Назгүл Бийлибаевалар өзүнүн шыктуулугун көрсөтүп, залды музыкалык алимпиктер менен толтурушту. Ошондой эле, Кыргыз эл акыны, төкмө акын Азамат Болгонбаев иш-чарага катышып, өзүнүн ырлары менен жүрөк жарды.

Иш-чаранын жыйынтыгында илимий баяндама жасап, катышкан окумуштууларга сертификаттар жана Бийлибаев Кайнарбек Шеримкуловичке Кыргызстан тарыхчылар ассоциациясынын «Тарых» төш белгиси, Талас мамлекеттик университетинин Ардак Грамотасы тапшырылды.Иш чарага ТалМУнун ТЭФтин Экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Дүйшебаева Марипа Кушубаковна жана БУА-21 тайпасынын студенттери катышып, илимий иш-чаранын маанисин терең түшүнүп, өзгөчө кызыгуусун арттырышты.

23.11.2024.

Талас мамлекеттик университетинде Студенттер күнү салтанаттуу белгиленди

2024-жылдын 18-ноябрында Талас мамлекеттик университетинин Технология-экономикалык факультетинин лекция залында Студенттер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул өзгөчө күн студенттер үчүн жылуу каалоолорго жана сыймыкка толгон маанилүү майрамга айланды.

Экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысы, ага окутуучу Омурканова Жамиля Эгембердиевна куттуктоо сөзүн сүйлөп, жаштарга жаркын келечек, билимдеги жана жашоодогу чоң ийгиликтерди каалады. Ал студенттердин окуу жана коомдук ишмердүүлүктөгү жетишкендиктерин баса белгилеп, алардын тырышчаактыгы университеттин сыймыгы экенин айтты.

Кураторлор Дүйшебаева Марипа Кушубаковна жана Собурова Жазгүл Токтогулова дагы студенттерди майрамы менен куттуктап, келечекте ар биринин окууда жана жашоодо бийиктиктерди багындырышына тилектеш экенин билдиришти.

Иш-чаранын алкагында мыкты окуган жана коомдук иштерде активдүүлүгү менен айырмаланган студенттер факультеттин ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты. БУА-21 тайпасынын студенттери: Алчикенова Үмүт, Женишова Тунук, Назекова Альбина, Кубанычова Адинай, Оторбаева Жайнак жана Сапаркулова Алия, ошондой эле БУА-23 тайпасынын студенти Курманбекова Альбина,БУА-24 студенти Айкан сыйлыктардын ээси болушту.

Салтанат жылуу маанайда өтүп, студенттердин биримдигин жана жетишкендиктерин даңазалаган майрамга айланды. Бул күн жаштарга мотивация жана келечекке болгон ишенимди арттырган өзгөчө окуя болуп калды.

23.11.2024.

Талас облусунун жаштары Mini MBA курсун ийгиликтүү аякташты

2024-жылдын 6-ноябрында Талас мамлекеттик университетинин 12 студенти Mini MBA курсун ийгиликтүү аяктап, эл аралык сертификаттарга ээ болушту. Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучулары Дүйшебаева Марипа Кушубаковна жана Омурканова Жамиля Эгембердиевна, ошондой эле БУА-21 тайпасынын студенттери Алчикенова Үмүт менен Назекова Альбина өз эмгектери жана тырышчаактыгы менен бул жетишкендикке жетишишти.

7-октябрда башталган курс бир ай бою ишкердиктин негиздерин, заманбап башкаруу ыкмаларын, аналитикалык жөндөмдөрдү жана стратегиялык чечим кабыл алуу ыкмаларын үйрөнүүнү камтыды. Окутуунун соңунда катышуучулар тест тапшырып, өз билимин тастыктап, жаңы мүмкүнчүлүктөргө эшик ачышты.

Сертификаттарды тапшыруу аземи Талас шаарындагы Ишкердикти колдоо борборунун кеңсесинде жылуу жана салтанаттуу маанайда өттү. Борбордун консультанттары жана КРнын мыкты эксперттери окутууну жогорку деңгээлде уюштуруп, ишкердиктин негизги төрт багытын терең талдоого багытталган сабактарды өткөрүштү.

Бул курс жаштарга жаңы горизонтторду ачып, алардын ишкердик жаатында чоң ийгиликтерге жетүүсүнө бекем пайдубал болду. Бүтүрүүчүлөрдүн көздөрүндөгү ишеним жана алдыга койгон максаттары алардын жаркын келечегине далил болуп турду

#ТалМУ

#ТЭФ

#Бухгалтердик эсеп,анализ жана аудит

06.11.2024.

2024-жылдын 6-ноябрында Талас мамлекеттик университетинде студенттердин креативдүү идеялары жана жаркын ой-максаттары менен шыктандырган стартап долбоорлорунун кароо сынагы болуп өттү. Бул иш-чарада ар бир студент өзүнүн уникалдуу идеясын сунуштап, келечекке кадам таштагандай болду.

Технология-экономикалык факультетинин Экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окуттуучусу Омурканова Ж.Э. жетектеген БУА-21 тайпасынын студенти Курманбекова А. өздөрүнүн «ЭКО Даам» аттуу стартап идеясы менен катышып, табигый, экологиялык таза азыктарга басым жасоону сунушташты. Бул идея алардын айлана-чөйрөгө камкордук кылып, туруктуу өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырып, сынактын жүрөгүнө жол таба алды.

Кийинки турларга аттанган бардык катышуучуларга ийгилик каалап, жаркын келечекке багытталган иштерине шыктануу жана чыныгы ийгиликтер кошо жүрүшүн тилейбиз!

05.11.2024.

2024-жылдын 5-ноябрында Талас шаарындагы “Кырк-Чоро” кинотеатрында ТалМУнун студенттери күз берекесине арналган салтанаттуу кароо-сынакка чогулушту. Бул иш-чарада “Күзгү сыйкыр”, “Алтын күз”, “Күз балдары” жана “Күзгү микс” деген аталыштагы төрт команда таймашка чыгышып, көрүүчүлөргө көркөм таланттарын тартуулашты.

Кароо-сынактын программасы кызыктуу жана ар түрдүү болду: командалар саламдашуу, жандуу ырдоо, флешмоб, вальс жана “Күзгү мода — 2024” көрсөтмөлөрү менен атаандашып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтө алышты. Ар бир катышуучу өзгөчө креативдүүлүгү менен бааланды, командалар бири-бирине шаң кошуп, көрүүчүлөрдү жылуу маанайда кубандырып турушту.

Сынактын калыстары чыгармачылыктын жана эмгектин баалуулугун эске алуу менен калыс чечим чыгарышты. Натыйжада, Технология-экономикалык факультетинин командасы»Күзгү Микс»1- орунду багындырып, өздөрүнүн биримдиги жана таланттары менен айырмаланышты.ТалМУнун Ардак грамотасы жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

ТалМУнун ТЭФтин студенттерин жана аларды ар тараптан колдогон окутуучуларын чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сиздердин колдооңуздар жана жетекчилигиңиздер менен жаш таланттар жаңы бийиктиктерди багындырышты.

#таласскийгосударственныйуниверситет#таласмамлекеттикуниверситети#талас#таласТЭФ#ТЭФталас

04.11.2024.

«Бул сыйлык – биздин чоң сыймыгыбыз!»

2024-жылдын 23-октябрында Казакстандын Астана шаарында «BILIM ORKENIETI» улуттук инновациялык изилдөө борбору жана «Жаңы Казакстан» республикалык инновациялык борбору тарабынан уюштурулган «Түрк элдеринин мыкты студенти» аттуу эл аралык конкурс болуп өттү. Бул сыймыктуу сынакта Талас мамлекеттик университетинин Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Дүйшебаева Марипа Кушубаковнанын жетекчилиги астында БУА-21 тайпасынын студенти Жеңишова Тунук Бакытбековна өзүнүн билимин жана жөндөмүн көрсөтүп, жогорку деңгээлде ийгиликке жетишти. Ал конкурста биринчи даражадагы диплом, статуэтка жана «Түрк элдеринин мыкты студенти» медалы менен сыйланып, чоң урматка татыды. Ошондой эле илимий жетекчиси, ага окутуучу Дүйшебаева Марипа Кушубаковнага ыраазычылык кат тапшырылды.

Жеңишке жетишкен Марипа Кушубаковна,Тунук Бакытбековнаны факультеттин деканы, п.и.к., доцент Курманалиева А.О. жана экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысы, ага окутуучу Омурканова Ж.Э. куттукташып, анын мындан ары да чоң ийгиликтерге жетишине тилектештигин билдиришти.

Бул жеңиш — студенттин талбаган эмгеги менен илимий жетекчисинин акылман жетекчилигинин мыкты жемиши болуп эсептелет.

30.10.2024

2024-жылдын 30-октябрында Талас мамлекеттик университетинин Технология-экономикалык факультетинде ААК «Дос Кредобанк» тарабынан уюштурулган «Финансылык сабаттуулук» темасында конок лекция болуп өттү. Иш-чарада банк кызматкерлери студенттерге жана окутуучуларга финансылык билимдин маанилүүлүгү жөнүндө кеңири түшүнүк беришти.

Лекцияда ААК «Дос Кредобанктын» IT адиси Маматов Д.Н. чыгымдарды көзөмөлдөө жана аларды туура пландаштыруу жолдорун баяндап, практикалык кеңештери менен бөлүштү. Ошондой эле, кредиттик бөлүмдүн жетекчи адиси Субанбекова С.Т., MR адиси Мирланова Асема жана кассир Нусупова депозиттик кызматтар жөнүндө ар тараптуу маалымат беришип, алардын түрлөрүн жана пайдалануунун негиздерин түшүндүрүштү.

Студенттер лекцияда активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, кенен жооптор алышты. Иш-чаранын жыйынтыгында өзгөчө активдүү катышкан студенттерге баалуу белектер тапшырылды. Конок лекцияга экономика багытында окуган студенттер жана окутуучулар катышып, финансы тармагындагы билимдерин кеңейтишти.

Бул иш-чара студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатууга чоң салым кошту жана алардын күнүмдүк жашоодо, келечектеги карьерасында зарыл болгон финансылык билимдерди өздөштүрүүсүнө шарт түздү.

29.10.2024

2024-жылдын 29-октябрында Коомдук фонд «Мугалим» жана Талас мамлекеттик университетинин Сапат бөлүмүнүн уюштуруусу менен «SCAFFOLD: компетенттүүлүккө багытталган сабактарды иштеп чыгуу үчүн карточкалар топтому» аттуу семинар болуп өттү. Бул иш-чарага ТЭФтин экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары катышып, жаңы методикалык көндүмдөргө ээ болушту. Семинарды уюштурган жана окутуучуларды шыктандыра алган тажрыйбалуу тренерлер Саадабеков Зухридин жана Качкынбаева Жаңылга терең ыраазычылык билдиребиз.

26.10.2024

2024-жылдын 18-октябрында Талас мамлекеттик университетинин Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасы тарабынан Кыргыз тилинин үч айлыгынын алкагында 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Тил башаты — Эне тил» аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чарага БУА-21, БУА-23, жана БУА-24 тайпалары активдүү катышып, эне тилибиздин улуулугун, өзгөчө баалуулугун даңазалоого багытталган иш-чара интерактивдүү жана жандуу форматта өттү.

Салтанаттуу кеченин ачылышында Технология-экономикалык факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент А.О. Курманалиева тил майрамы менен куттуктап, студенттерге жана катышуучуларга каалоо-тилектерин билдирди.. Иш-чара мамлекеттик тил гимни менен ачылып, эне тилге арналган видео слайддар, көркөм окуулар, макал-лакаптар, видео баяндамалар менен коштолуп, бийлер жана жандуу аткарылган «Эне тил» ыры студенттердин таланты аркылуу жаңырды.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары сахналаштырылып, интерактивдүү оюндар менен иш-чара жандана түштү. Эне-тилибизге негизделген суроо-жооп түрүндөгү оюн менен иш-чара кызыктуу форматында жыйынтыкталды.

Бул маданий иш-чаранын сценарийин куратор М.К. Дүйшөбаева даярдап, декан А.О. Курманалиева тарабынан эң жогорку деңгээлдеген баа берилди.Маданий иш ш-чараны уюштурууда кафедранын кураторлору М.К. Дүйшөбаева ,Ж.Э.Омурканова жана Ж. Собурова чоң салым кошушуп, студенттер тарабынан сахналаштырылган тилдин улуулугун даңазалаган сценкалар көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды. Улуттук тилибиздин баалуулугун жана көркөмдүгүн чагылдырган бул иш-чара өз максатына жетип, катышуучулардын жүрөгүнө унутулгус элес калтырды

25.10.2024

2024-жылдын 5-октябрында Талас мамлекеттик университетинде жыл мыктыларын сыйлоо аземи салтанаттуу өткөрүлдү. Бул күнү университеттин мыкты кызматкерлери ардактуу наамдарды алып, сый-урматка бөлөндү. Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Дүйшөбаева Марипа Кушубаковна — талбаган эмгек жана жогорку кесипкөйлүктүн үлгүсүн көрсөтүп, «Мыкты ага окутуучу» сынагында биринчиликке жетишти. Анын жетишкендиги эң жогорку упай менен бааланып, «Мыкты ага окутуучу — 2024» номинациясынын ээси болуп, ноутбук белек катары тапшырылды. Марипанын билим берүү тармагындагы ак ниет эмгегине ийгилик ар дайым жолдош болуп, келечекте дагы бийиктиктерди багындыруусун каалайбыз!

19.10.2024

2024 жылдын 17-октябрында Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100 жылдыгына карата Талас облустук прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору М.М. Маликов «Жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын орду жана ролу» темасында конок лекция өттү. Лекция мазмундуулугу менен өзгөчөлөнүп, студенттердин активдүү катышуусун камсыз кылды. Алар прокурорго бир катар кызыктуу суроолорду берип, кеңири жана пайдалуу жоопторду ала алышты.

Иш-чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары Дүйшебаева М.К., Собурова Ж. жана студенттер катышты.

03.10.2024

2024-жылдын 2-октябрында ТалМУнун администрациясы жана кесиптик кошуну Билим берүү тармагында иштегендердин кесиптик майрамына карата волейбол боюнча мелдеш уюштурду. Иш-чаранын ачылышында ТалМУнун ректору Ж.С. Шаршембиев, мамлекеттик тил боюнча проректору К.Т. Жунусалиева жана Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледждин) директору А.Ж. Ажыбаева куттуктоо сөздөрүн айтып, командаларга ийгилик каалашты.Мелдешке ТалМУнун эже-агайлары активдүү катышышты.

Мелдеш факультеттердин төрт командасынын ортосунда айлампа системасы менен өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Урматтуу кесиптештер, келе жаткан кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

26.09.2024

«Студенттерибиздин жеңиши — биздин сыймыгыбыз!»

КЭУда IV Эл аралык ЖОЖдор аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын студенттери жана магистранттары арасында «М. Рыскулбеков атындагы КЭУ» ИИУда 2024-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейин өткөрүлгөн IV Эл аралык олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Олимпиада 20 дисциплина боюнча өткөрүлдү. Жалпы Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн ЖОЖдорунан 683 студент катталып, экинчи турга өткөн 242 студенттин ичинен 75 финалист өз тармагында мыкты деп табылды.

Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгына арналган IV Эл аралык олимпиадада «Экономикалык коопсуздук» дисциплинасы боюнча ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинин Экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Дүйшебаева Марипа Кушубаковнанын жетектөөсү менен БУА-21 тайпасынын студенти Женишова Тунук Бакытбековна 2-орунду багынтып, II даражадагы диплом жана баалуу белекке ээ болду.

26.09.2024

2024-жылдын 19-сентябрында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана экономика илимдеринин доктору, профессор Т.К. Камчыбековдун 75 жылдык мааракесине арналган Экономикалык Форумдун алкагында «Философия жана коомдук-гуманитардык илимдер» кафедрасы «Адамзаттын контурлары: кесиптик билим берүү системасындагы социалдык-гуманитардык илимдер» деген аталыштагы эл аралык тегерек стол өткөрдү.

Иш-чарага Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Россиянын беш облусунан окумуштуулар, жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучулары, студенттер, магистранттар, аспиранттар жана коомдук ишмерлер активдүү катышты. Тегерек столдун алкагында 33 баяндама угулуп, 4 талкуулоо сессиясы өткөрүлүп, 5 саат бою натыйжалуу талкуулар жүргүзүлдү. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар билим берүүнүн бүгүнкүсу жана келечеги тууралуу ой бөлүшүп, көйгөйлөр жана келечек тууралуу суроолорду беришти.Иш -чарага ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Дүйшебаева М.К. онлайн форматта катышты.

25.09.2024

Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган «Тил — улуттун жан дүйнөсү» аталышындагы Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Салтанаттуу иш-чараны ТалМУнун ректору, профессор Ж.С. Шаршембиев ачып, жалпы катышуучуларды жана конокторду майрам менен куттуктап, тилдин тарыхы элдин тарыхы менен тыгыз байланышта экендигин белгиледи. Ал эне тилибиздин өнүгүшүнө ар бирибиз өз салымыбызды кошкондо гана тил кылымдар бою жашай бере тургандыгын баса белгилеп, ийгиликтерди каалады.

Андан соң Талас шаарынын мэри Б.К. Астанакулов да куттуктоо сөзүн сүйлөп, мамлекеттик тилде иш жүргүзүү ар бир жарандын парзы экендигин баса белгиледи.

Иш-чаранын маданий бөлүгү да жогорку деңгээлде өтүп, анда Манас айтылып, тил тууралуу ырлар көркөм окулуп, макал-лакаптар айтылды. Ошондой эле обондуу ырлар ырдалып, сахналаштырылган сценкалар катышуучулардын жана коноктордун маанайын көтөрдү. Аталган иш чарага ТалМУнун Экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышышты.

18.09.2024

Ак жолуңар ачык болсун, бүтүрүүчүлөр!

Бүгүн Талас мамлекеттик университетинде бүтүрүүчүлөргө арналган диплом тапшыруу аземи чоң салтанат менен өткөрүлдү. Иш-чаранын башталышында ТалМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Ж.С. Шаршембиев куттуктоо сөзүн айтып, бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аяктап, дипломго ээ болгону менен куттуктады. Ал студенттик күндөр артта калып, кесиптик жолдору ийгиликтүү, турмуштары байсалдуу болушун тилек кылып, ар бирине чоң жетишкендиктерди каалады. Андан соң экономика багытындагы бүтүрүүчүлөргө дипломдорду салтанаттуу түрдө тапшырды.

Майрамдык шаң менен коштолгон маданий программа иш-чарага өзгөчө маанай Экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана бүтүрүүчүлөрү катышышты.

14.09.2024

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ /305 Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025- жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө Жарлыгына ылайык, 2024-жылдын 14-сентябрындагы жалпы республикалык ишембиликке Талас мамлекеттик университетинин Технология -экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын жалпы окутуучулар жамааты катышып, тийешелүү аймак тазаланды.

🟢Таза жашоо-ден соолук!!!

01.06.2024

Бүгүн 1-июнда Талас Мамлекеттик университетинде корей тили курсунун бүтүрүү кечеси болуп өттү.

Салтанаттуу кечени ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору К.Т.Жунусалиева ачты.

Сокулуктагы Седжон институтунун өкүлдөрү Е Ук Джин, Гил Си Гён жана Гим Мин Гем келишишти, куттуктоо сөз сүйлөп, БУА-21 тайпасынын студенттери Женишова Тунук,Назекова Альбиналар курсда окушуп ийигиликтуу аякташып сертификат алышты.Ийигиликтер ардайым коштоп журсун!! Азаматсыздар!!

.

https://www.facebook.com/groups/319388538721818?locale=ru_RU

28. 04.2024

Талас мамлекеттик университетинин Enactus ТалГУ командасы 2024-жылдын 25- 28-апрель күндөрү ENACTUS Kyrgyzstan жана ЮНИСЕФ тарабынан Ысык-Көл облусунун Жетиген эл аралык лагеринде ЮНИСЕФтин каржылык колдоосу менен өткөрүлгөн «Эко-Хакатон» Жаштар экология үчүн долбооруна активдүү катышышты.Аталган хакатонго экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу, ENACTUS ТалГУ командасын академиялык эдвайзери Э.М. Арыкбаева жана БУА-23 тайпасынын студенти, ENACTUS ТалГУ командасынын PR-менеджери Бакытова Аделя менен биргеликте «Эко Хакатон» учурунда, Enactus ТалГУ командасынын «Sort Wise» долбооруна 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү кайтарымсыз грантка утууга өз салымын кошушту.

26. 04.2024

2024-жылдын 25-апрелинде «МИР Восток» коомдук фонду жана Ж.Баласагын атындагы университенин кыргыз улуттук тарых жана чөлкөм таануу институтунун алдындагы илимий-изилдөө, санариптик жана музейлик-билим берүү борбору тарабынан “ХIХ-XXI кылымдагы Россия-Кыргызстан мамилелери: кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн негизги аспектилери” аттуу конкурстун жыйынтыктоочу этабы өткөрүлдү.Аталган конкурска экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу М.К.Дуйшебаеванын жетектоосу менен БУА-21 тайпасынын студенти А.У.Осмоналиева өзүнүн курстук иши менен катышып, 1-орунду жеңип,грамота жана баалуу белектер менен сыйланды.

22. 04.2024

Талас шаарында КР Финансы министрлигинин 100 жылдыгына карата “Конференциялар кербенинин” алкагында “Талас облусунун финансылык-экономикалык системасынын өнүгүү багыттары жана ишмердүүлүктөрү” темасында илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чара мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу максатында уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын министрликтеринин өкүлдөрү, облустук жана шаардык, райондук бийлик жетекчилери, экономисттер, финансисттер, банктардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары, студенттери катышты.

20. 04.2024

ТалМУда Талас шаарынын 80 жылдыгына карата «Илимге карай жол: жаштар жана инновациялар» аттуу XXI студенттик илимий-практикалык конференциясы откорулду. Конференциянын ачылышында пленардык баяндамалар окулуп, жалпы 150дөн ашуун студент катышты. №9 экономика илимдери секциясына алдын ала 13 доклад түшкөн. Анын ичинен 7 баяндама экономика жана менеджмент кафедрасынын студенттери тарабынан даярдалган. Жыйынтыгында, экономика илимдери секциясынын отурумунда экономика жана менеджмент кафедрасынын төмөнкү студенттери байгелүү орундарга ээ болушту.

  • 1 орун- Алчикенова Умут., БУА-21 тобу
  • 2 орун- Осмоналиева Анара , ЭУП-18 тобу
  • 3 орун Рысбеков А.Р., КЭБ -21 тобу

Аталган секциянын отурумуна экономика багыты боюнча экономика жана менеджмент кафедрасынын төмөнкү окутуучулары:, М.К.Дуйшебаева, Т.Т.Ташманбетов,Ж.Э.Омурканова жана Э.М.Арыкбаева катышышты.

20. 04.2024

2024-жылдын 18-апрелинде И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Х-республикалык жождор аралык студенттердин каржы, эсеп жүргүзүү, талдоо жана аудит боюнча олимпиада откорулуп, олимпиадага 15 ЖОЖдун окулдору катышышты. Талас мамлекеттик университетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын БУА-21 тайпасынын студенттери экономика жана менеджмент кафедрасынын доценти, э.и.к. .А.Рыскулбековдун жетектөөсу менен аталган конференцияга катышып келишти. Жыйынтыгында Алчикенова Умут «Кыргызстандын кесипкөй бухгалтерлер жана аудиторлор институту» Кесиптик аудитордук бирикмесинин сертификаты,Назекова Альбина,Раева Малика, Эркинбеков Токторбек олимпиаданын негизги өнөктөштөрунун (Айылбанк ААК, «А плюс» камсыздандыруу компаниясы, мамлекеттик салык кызматы ж.б.у.с.) белектери менен сыйланышты.

05. 04.2024

2024-жылдын 5-апрелинде «МИР Восток» коомдук фонду жана Ж.Баласагын атындагы университенин кыргыз улуттук тарых жана чөлкөм таануу институтунун алдындагы илимий-изилдөө, санариптик жана музейлик-билим берүү борбору тарабынан “ХIХ-XXI кылымдагы Россия-Кыргызстан мамилелери: кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн негизги аспектилери” аттуу конкурстун 3 этабы онлайн режимде өткөрүлдү.Конкурс Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери арасында эң мыкты курстук жана квалификациялык иштерге жарыяланган. Аталган конкурска экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысынын м.а. Ж.Э.Омурканова тандоо комиссиянын мүчөсү катары,БУА-21 тайпасынын студенттери Т.Б.Женишова жана А.У.Осмоналиевалар өздөрүнүн конкурстук иштери боюнча мазмундуу презентация жасашты.

29. 03.2024

2024-жылдын 28-мартында ТалМУнун Технология- экономикалык факультетинде Талас облусунун жумушсуз жарандары үчүн эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын GIZ коомунун колдоосу менен » Ишке орноштурууга жана кесиптик окууга көмөктөшүү » долбоорунун алкагында бир айлык окутуунун жыйынтыгын корүү максатында долбоордук сунуштарды презентациялоо боюнча демо-күн өткөрүлдү. Эскерте кетсек, окутуунун негизги максаты -ишкердик жаатында билим деңгээлин жана көндүмдөрүн жогорулатууну каалаган жаңыдан иш баштаган ишкерлердин долбоордук сунушту жазуу саналат. Аталган демо-күнгө Талас райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы К.А.Джанчыкулов; ТАлМУнун сапат бөлүмүнүн адиси п.и.к.,доцент М.М.Шайланова; Технология-экономикалык факультетинин деканы п.и.к.,доцент А.О.Курманалиева ;Талас облусунун ишкерликти өнүктүрүү фондунун кызматкери А.Н.Маратбеков; Талас облусундагы Айыл банк ААКнын директору У.К.Мамбеков; Талас облусундагы РСК банк ААКнын директору У.Э.Назаралиев жана жана 1 айлык курстук угуучулары катышышты. Демо-күндүн жүрүшүндө курстун угуучулары өздөрү тандаган багыты боюнча жазылган долбоордук сунуштарын презентациялашты. Демо-күндүн жыйынтыгында бир айлык курстун 41 угуучусуна сертификаттар тапшырылды.

29. 03.2024

2024-жылдын 26-мартынан 28-мартына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана ОУБ финансылык коопсуздук боюнча үчүнчү республикалык олимпиаданы өткөрүштү. Олимпиада бир нече этаптан туруп, сынактын шартына ылайык онлайн тестирлөө март айында ,командалык семинар,талкуу панели жана жыйынтыктоочу тестирлөө 6-24-март аралыгында өттү.Аталган финансылык коопсуздук боюнча үчүнчү республикалык олимпиадага экономика жана менеджмент кафедрасынын онлайн тестирлөөгө 3 студенти катышты. Жыйынтыгында, Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясында өткөрүлгөн олимпиадага экономика жана менеджмент кафедрасынын БУА-21 тайпасынын студенти Женишова Тунук катышып,бир катар студенттер менен бирге баалуу белектер менен сыйланды.

20. 03.2024

Технология-экономикалык факультетинде финансылык сабаттулук боюнча семинар ААК Бай Тушум Банкынын директорунун орун басары Ч.Б.Ибраимов тарабынан ЭжМ кафедрасынын студенттери учун откорулду.Семинардын максаты-катышуучулардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана аларга негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алууга жардам берүү саналат.Ошондой эле семинар учурунда катышуучулар каржыны башкарууда маанилүү аспектилерин талкуулашып үнөмдөө,инвестициялоо ыкмаларын,бюджеттөөнүн практикалык көндүмдөрүн колдонууну үйронүштү. Финансылык сабаттуулук боюнча кызыктуу суроолордун айланасында талкуу болуп,семинар суроо жооп ирээтинде жыйынтыкталды.Аталган семинарга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышышты.

12. 03.2024

2024-жылдын 20-февралынан 20-мартына чейин негизги жети облустагы оноктош ЖОЖдор менен биргеликте жети облустун жумушсуз жарандары үчүн » Ишке орноштурууга жана кесиптик окууга көмөктөшүү » долбоорунун алкагында окутуу негизги өнөктөштөрдүн (Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Талас райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын GIZ коому,жети облустагы ЖОЖдор) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан учуру. Жаны ишкерлик ачууда долбоордук сунуш жазуу боюнча бир айлык окуу курсуна экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучулары М.К.Дуйшебаева жана Ж.Э.Омуркановалар тарабынан окутуу Талас облусунун жумушсуз жарандары үчүн учурда журуудо.

12. 03.2024

КР Финансы министрлигинин «Каржы чеберчилигинин” 100 жылдык юбилейине карата Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасы Талас облусунун финансы башкармалыгы менен биргеликте брейн-ринг таймашын уюштурушту. Аталган иш-чарага ТАлМУнун окуу жана, илимий иштер боюнча проректору т.и.к.,доцент А.К. Сурапов, ТАлМУнун сапат бөлүмүнүн адиси к.п.н.,доцент М.М.Шайланова, Технология-экономикалык факультетинин деканы п.и.к.,доцент А.О.Курманалиева,Талас облусунун финансы башкармалыгынын финансы бюджеттик координация бөлүмүнүн адиси К.Д.Туркманова катышышты. Брейн-рингге аталган факультеттен 4 команда: “Финансисттер”, “Финлидер”, “Инсайдер”, Финансылык виртиуоздор” катышты. Брейн ринг 3 раунддан туруп,1 раунду жазуу турундо,,2-3 раунддары Kahoot программасы менен ойнотулду. Жыйынтыгында,женүүчүлөр аныкталып, командаларга грамоталар, катышуучуларга белектер тапшырылды.

07. 03.2024

Бугун А.Огонбаев атындагы музыкалык мектебинде Кыргыз экономика жана коммерция министирлиги, Бизнес Ассоциация JIA жана Талас облусунун шаардык салык башкармалыгынын уюштуурусунда “Салык реформасынын мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары” аттуу бизнести агартуу кербенинин алкагында иш-чара өткөрүлдү.Иш чаранын 1-2 сессияларынын журушундо катышуучуларга томондогулор боюнча: салык кодексине кирген өзгөртүүлөр жана толуктоолор; ишкердин онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү; ККМ колдонуу эрежелери; электрондук эсеп фактураны колдонуу; электрондук склад жана ЭТТН; өз алдынча салык отчетторун тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү; ишкерлерди текшерүүгө мароторий ж.б. маалыматтар берилди.Иш чаранын этегинде ЛА Бизнес Ассоциациянын мүчөлөр менен иштоо менеджери,ишкердикти колдоо борборунун консультанттары, мамлекеттик салык кызматкерлери жана прокуратура кызматкерлери ишкерлерге акысыз консультацияларды беруу менен жыйынтыкталды. Аталган иш чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана 1-3- курсунун студенттери катышышты.

06. 03.2024

2024-жылдын 26-28 февраль кундору Бишкек шаарындагы City honel мейманканасынын базасында Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан «Натыйжалуу коммуникация жана PR-стратегия» темасында тренинг өткөрүлдү. Аталган тренингге Кыргызстандын 7 облусунан келген өкүлдөр катышышты. Тренингдин программасына ылайык тажрыйбалуу тренерлер: «Еврохантер компани» ЖЧКсынын өнүктүрүү боюнча директору, «Кыргызстан ишкерлер альянсы» бизнес ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү Каниметова Бермет; ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча Глобалдык программанын коммуникациялык эксперти Максатбеков Жоомарт; lalafонун маркетинг боюнча директору , э.и. к. Руслан Гайдоровдор өз тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Тренинг учурунда байланыш жана ийгиликтүү PR-стратегия боюнча маалымат берилип, контент-план, медиа-пландар менен иштөө суроолору камтылды. Аталган тренингге экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу Э.М.Арыкбаевакатышты.

06. 03.2024

2024-жылдын 20-21 февраль күндөрү Бишкек шаарындагы Жогорку медициналык мектебинин базасында Кыргызстандагы улуттук Эразмус + кеңсесинин Эразмус+ долбоорлорун жазуу боюнча тренинг өткөрүлдү.

Эразмус+долбоорлорун жазуу боюнча тренингдин программасына ылайык тажрыйбалуу машыктыруучу Ч.Ү.Адамкулова долбоор жазуудагы өзгөчөлүктөрдү үйрөттү. Эки күн аралыгында Кыргызстандын университеттеринен келген катышуучулар долбоордук өтүнмөнүн түзүмүн изилдеп, алынган билдирмелерди колдонушту.Катышуучулар практикалык тапшырмалар боюнча билим жана Эразмус+программасынын жумушчу пакеттери менен иштөө боюнча билимин тереңдетип,жаны көндүмдөргө ээ болушту.Аталган тренингге экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу Э.М.Арыкбаева катышты. Почувствуйте вкус iGet Vape и iget bar в Австралии, исследуя широкий спектр восхитительных вариантов. iGet Bar предлагает уникальный опыт парения с его богатыми вкусами и плавными ударами, что делает его фаворитом среди энтузиастов. Каждая затяжка обеспечивает взрыв вкуса, гарантируя удовлетворение при каждом использовании. Более того, элегантный дизайн iGet Bar повышает портативность, позволяя вам наслаждаться парением на ходу. Предпочитаете ли вы фруктовые, мятные или десертные вкусы, в коллекции iGet найдется что-то для каждого, гарантируя вкусовое приключение с каждым парением.

07. 12.2023

ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинде экономика жана менеджмент кафедрасы тарабынан » Кафедранын бүтүрүүчүлөрүнүн эмгек рыногуна адаптациялоого көмөктөшүүдө кесиптик билим берүү уюмдары менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда кызматташуу системасы » аттуу темада тегерек стол уюштурулду.Тегерек столго ТЭФнин деканы п.и.к.,доцент Курманалиева А.О., «ЭжМ» кафедрасынын окутуучулары, жумуш берүүчүлөр:Талас шаарынын ОИИБи,Талас шаарынын мэриясы, «Онол айым» коомдук фонду, «Дос-Кредо» банк ААК,Талас шаарынын малекеттик архиви,Талас облустук пробация болүмү,ФОМСтун Талас территориалдык башкармалыгы, Талас шаарынын салык башкармалыгынын инспекциясы, «Нуржанов Агрохолдинги», ,Талас шаардык агрардык колледжи,ТалМунун КОБББси, «Керемет банк»ААК, Бердике,баатыр айыл өкмөтү ж.б.у.с кызыктар тараптардын өкүлдөрү катышышты. Тегерек столдун темасы боюнча кеңири талкуу жүрүп, жумуш берүүчүлөр (стейкхолдер) жана бүтүрүүчүлөрдөн сурамжылоо алынды.Тегерек столдун жыйынтыгы катары жумуш берүүчүлөрдү (стейкхолдер) сурамжылоонун негизинде 2024-2025 окуу жылындагы окуу пландарына өз сунуштарын беришти.

07. 12.2023

ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинде кыргыз элинин дүйнөгө аты таанымал,белгилүү жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Кылым карыткан Ч.Айтматов» аттуу маданий иш-чара откорулду .Маданий иш чара учурунда Ч.Айтматовго арналган видеослайд корсотулуп,корком окуу,ыр,бий менен коштолду.Маданий иш-чара Ч.Айтматовдун чыгармаларынан ичинен жазылган суроо жооп иретинде оюн менен жыйынтыкталды.Аталган иш-чарага ТЭФнин деканы п.и.к.,доцент А.О.Курманалиева, экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышышты. Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов жөнүндөгү жаркын элес кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталмакчы.

30. 11.2023

Технология-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн «Бюджеттик эсеп жана отчеттулук» дисциплинасынан «Бюджеттик мекемелерде отчеттулукту тузуунун озгочолуктору» аттуу темада Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгында чыгуу лекциясы өткөрүлдү. Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы бухгалтери Н.Ж.Бузурманкулованын тарабынан бюджеттик эсеп жана бюджеттик мекемелердеги финансылык отчеттулуктарды тапшыруу боюнча берилген маалыматтар кызыктуу болуп, студенттер менен кызуу суроо жооп ирээтинде чыгуу лекция жыйынтыкталды. Лекция ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы жана Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте кызматташууну кучотуу максатында уюштурулуп жаткан учуру.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К.Дуйшебаева,Э.М.Арыкбаева жана студенттер катышышты.

30. 11.2023

Технология- экономикалык факультетинде экономика багытында билим алып жаткан студенттер учун Нуржанов агрохолдингдин башкаруу органынын башчысы М.Н.Ниясалиев тарабынан «Бизнес долбоор» дисциплинасынан «Кыргызстандын агрардык секторун өнүктүрүүдо бизнес долбоорлордун ролу» аттуу темада конок лекция өткөрүлдү.Лекциянын журушундо М.Н.Ниясалиев агрардык сектордогу инвестицияларды тартуудагы долбоорлордун экономикалык эсептоолору менен тааныштырып,ошондой эле Нуржанов агрохолдингдин Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү жөнүндө жалпы маалымат берди.Конок лекция учурунда лектор тарабынан агрардык сектордогу долбоор жазуудагы озгочолуктор боюнча студенттерге толук маалымат берилип,суроо жооп ирээтинде жыйынтыкталды.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К.Дуйшебаева.,Т.Т.Ташманбетов .,Ж.Э.Омурканова,Э М. Арыкбаева жана студенттер катышышты.

30. 11.2023

2023-жылдын 23-ноябрнда Бириккен Улуттар Уюму тарабынан, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына карата КР Акыйкатчы ( Омбудсменинин) Талас облусу боюнча өкүлчүлүгү Узакбаева Ж.А. жана кыйноолорду жана башка катаал адамкерчиликсиз же кадыр- баркты басмырлаган мамилени, жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КР Улуттук борборунун Талас облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абдраимов Н.А. тарабынан уюштурулган «Адам укуктары 75» демилгесинин алкагында Адам укуктарын колдоо жана коргоо максатында Талас мамлекеттик университетинин ТЭФ,ГФ, ТТПФ студенттери арасында «Квиз Найт» ( викторина) өткөрүлдү. Жыйынтыгында ТалМУнун студенттер арасында

1- орун ГФ

2- орун ТЭФ

2-орун ТТПФ командалары ээ болушту.

30. 11.2023

2023-жылдын 22- ноябрнда Талас мамлекеттик университетинин студент жаштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында эл өкүлү Бактыбек Чойбековдун демилгеси менен уюшулган жолугушууга экономика жана менеджмент кафедрасынын БУА-21 тайпасынын студенти Назекова Альбина да барып келди. ТалМУнун студенттери жолугушуу учурунда Жогорку Кенештин ишмердуулугу менен таанышып келишти.

29. 11.2023

2023-жылдын 22-ноябрнда К.Медетбеков атындагы музыкалык драмтеатрда бош орундар жарманкеси уюштурулду.Аталган жарманкеге экономика жана менеджмент кафедрасынын бутуруучу курсунун студенттери катышып, бош орундардын тизмеси менен таанышышты.

29. 11.2023

2023- жылдын 21-ноябрнда Технология-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн «Основы финансовых вычислений» дисциплинасынан «Виды кредитов и погашения задолженностей по займам» аттуу темада Талас шаарындагы Оптима ААКта чыгуу лекциясы өткөрүлдү. Оптима ААКтын насыя беруу болумунун башчылары В.Б.Салакеева жана Н.Ш.Баратбаев тарабынан берилген маалыматтар кызыктуу болуп, студенттер тарабынан берилген ар бир суроого өз учурунда жооп берип жатты. Лекция ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы менен Оптима Банк ААК менен биргеликте кызматташууну кучотуу максатында уюштурулуп жаткан учуру.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу М.К.Дуйшебаева жана студенттер катышышты.

16. 11.2023

Технология-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн «Стратегиялык менеджмент» дисциплинасынан «Мамлекеттик муниципалдык башкаруудагы санариптештуруунун негизги койгойлору жана өнүгуу перспективалары » аттуу темада Талас шаарынын мэриясында чыгуу лекциясы өткөрүлдү.Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Жээнбеков . жана социалдык- экономикалык болумдун башчысы Ч.Чаловдор тарабынан берилген маалыматтар кызыктуу болуп, студенттер тарабынан берилген ар бир суроого өз учурунда жооп берип жатты. Лекция ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы менен Талас шаарынын мэриясынын биргеликте кызматташуусун кучотуу максатында уюштурулуп жаткан учуру.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К.Дуйшебаева,Э.М.Арыкбаева жана студенттер катышышты.

01. 11.2023

ТалМУнун технология-экономикалык факультетинде 580100 Экономика багытында билим алган бутуруучулор менен жолугушуу откорулду.

Жолугушууда учурунда алгачкы соз кезеги экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу М.К.Дуйшебаевага берилди.Андан сон экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Э.Омурканова бутуруучулорго кафедранын акыркы окуу жылдардагы аткарылган иштер боюнча отчетун берди. Жолугушуунун аягында азыркы учурда ар кайсы тармактарда эмгектенип жаткан бутуруучулор ортосунда пикир алышуу кызуу журуп,окуу процессин жакшыртуу боюнча оз сунуштары бутуруучулор тарабынан берилди. Жыйынтыгында 580100 экономика багытында билим алган бутуруучулордон сурамжылоо алынып, мындан ары да кафедранын ишмердуулугун жургузуудо бутуруучулор менен кызматташтык улантылмакчы.

25. 10.2023

ТалМУнун технология-экономикалык факультетинде 580100 Экономика багытында билим алып жаткан студенттердин ата-энелери менен жолугушуу откорулду. Жолугушууда учурунда алгачкы соз кезеги факультеттин деканы А.О.Курманалиева берилди.Андан сон экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Э.Омурканова ата- энелерге кафедранын окуу процессиндеги илимий жана тарбиялык иштер боюнча отчетун берди. Ата-энелер берилген отчеттун негизинде кызыккан суроолорду жана сунуштарды беришти. Жыйынтыгында ата- энелерден сурамжылоо алынып,окууда жана маданий-массалык иштерде активдуу катышкан студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

20. 10.2023

ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 353-т тескемесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан 2023-жылдын 18-сентябрында бекитилген жобого ылайык 2023-жылдын 23-сентябрынан 23-декабрына чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында «Мамлекеттулуктун башкы белгилеринин бири — анын тили» аттуу тегерек стол экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Т.ТТашманбетовдун уюштуруусунда өткөрүлдү.Алгачкы сөз кезеги экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу М.К.Дуйшебаевага берилди. Тегерек стол учурунда экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Т.Т.Ташманбетов жана БУА -20 тайпасынын С.Ыманалиева баяндамаларын жасашты.Тегерек столдун сонунда ата-бабабыз бизге көөнөрбөс сөз казынасы болгон кыргыз тилди калтырганын жана аң-сезимибизди, тилибизди байытуу жана сактоо боюнча пикир алышуу жүргүзүлдү. Аталган иш чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышышты.

28. 09.2023

Билимдүүгө дүйнө жарык. Бүгүн, 27-сентябрь күнү Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов университеттин окутуучу жааматы жана студенттери менен жолугушту. Гапыр агай өзүнүн педогогикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, акыл насааттарын айтты.

28. 09.2023

Технологиялык-экономикалык факультетинин биринчи курсунун студенттери үчүн » Студенттердин Оз алдынча иштерин аткарууда заманбап ыкмаларды колдонуу жолдорун корсотуу» тегерек стол болуп өттү. Тегерек стол БУА адистиги боюнча 3-курстун студенти А. Осмоналиева өткөрдү

19. 09.2023

Технологиялык-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн «Финансылык сабаттуулук» боюнча Талас шаарындагы Финка банк ЖАКнун сатуу боюнча башкы менеджери Э.Б. Касымкулов жана кардарлар менен иш жүргүзгөн адиси Б.Д.Дуйшенбекова семинар өткөрүштү. Семинарда ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы менен Талас шаарындагы Финка банк ЖАКнун биргеликте кызматташуусун алкагында өтүлдү.Аталган семинарда экономика жана менеджментинин окутуучулары: Омурканова Ж.Э., Ташманбетов Т.Т. Дуйшобаева. М.К. жана студенттер катышышты. Активдүү студенттерге белектер тапшырылды.

10. 05.2023

2023- жылдын 26-27-апрелинде Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясында маркетинг жана экономика боюнча ЖОЖдор аралык олимпиада болуп өттү.Аталган олимпиадага экономика жана менеджмент кафедрасынын БУА-21 тайпасынын студенттери катышкан. Экономика боюнча олимпиадага 61 студент катышып, катышуучулар экономикалык дисциплиналар боюнча тесттик тапшырмаларды аткарышып, командалык оюн менен жыйынтыкталды.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактык ЖОЖдорунун командалары окуу куралдары түрүндөгү кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланып,сертификаттар тапшырылды. Маркетинг боюнча олимпиадага жалпы 9 команда катышып( Котлердин балдары (КЭУ), Marketing Security (КМТУ), The FIM (КНУ), Talas Mix (Талас мамлекеттик университети жана КРПМБАнын Biyiktik, Inspire, Flagman, Apap mix),жыйынтыгында 5000 сом өлчөмүндөгү байге «региондун эң мыкты командасы» номинациясы боюнча Талас Mix командасына ыйгарылды.

14. 04.2023

Талас мамлекеттик университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган «Айтматовдук окуу — 2023» аттуу 20 студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Алдын ала берилген конференциянын программасына ылайык №9 экономикалык илимдер секциясынын отуруму Технология экономикалык факультетинде өз ишин улантты.

№9 экономикалык илимдер секциясына алдын ала 14 доклад түшкөн.Алдын ала түзүлгөн программага ылайык секция жетекчилигине саяс.и.к.,доцент А.К.Укуева,ал эми катчы болуп гаа окутуучу Ж.Э.Омурканова шайланган.

№9 экономикалык илимдер секциясынын модератору саяс.и.к.,доцент А.К.Укуева секциялык отурумду баштоо алдында конференциянын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, секциянын отурумундагы докладга берилген убакыт- 5 мүнөт,ал эми талкуулаганга – 3 мүнөттөн берилээрин маалымдады. №9 экономикалык илимдер секциясынын отурумда 12 илимий баяндама угулду.Анын ичинен 7 баяндама экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучуларын жетекчилигинин астында даярдалган.Алар:

1. Сапаркулова Алия (БУА-21)- Финансовая грамотность студентов и ее повышение посредством применения интерактивных методов обучения.

Жетекчиси: ага окутуучу Омурканова Ж.Э.

2. Женишова Тунук, Кубанычова Адинай (БУА-21) — Уровень безработицы населения в Таласской области и пути ее снижения.

Жетекчиси:ага окутуучу Ташманбетов Т.Т.

3. Осмонова Анара (БУА-21) — Привлечение инвестиции в экономику как фактор экономического роста Таласской области.

Жетекчиси:ага окутуучу Омурканова Ж.Э.

4. Курманбекова Акылай (ИСТ-20)- Влияние санкций на примере Ирана. Жетекчиси:ага окутуучу Омурканова Ж.Э.

5. Оторбаева Жайнак (БУА-21) — SMM как инструмент продвижения услуги и товара в сети Интернет.

Жетекчиси:окутуучу Арыкбаева Э.М.

6. Султанбекова Алтай (БУА-20)-Биогомусттун экономикага тийгизген таасири.

Жетекчиси:ага окутуучу Дуйшебаева М.К.

7. Ыманалиева Сезим (БУА-20) — Анализ финансового состояния предприятия и пути улучшения Жетекчиси:ага окутуучу Дуйшебаева М.К.

Жыйынтыгында, №9 экономикалык илимдер секциясынын отурумунда экономика жана менеджмент кафедрасынын студенттери байгелүү орундарга ээ болушту. Аталган секциянын отурумуна экономика жана менеджмент кафедрасынын төмөнкү окутуучулары: М.К.Дуйшебаева, Ж.Э.Омурканова жана Э.М.Арыкбаева катышышты.

03.04.2023

2023-жылдын 27-февралынан 27-мартына чейин негизги жети облустагы оноктош ЖОЖдор менен биргеликте жети облустун жумушсуз жарандары үчүн » Ишке орноштурууга жана кесиптик окууга көмөктөшүү » долбоорунун алкагында окутуу негизги өнөктөштөрдүн (Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Талас райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын GIZ коому,жети облустагы ЖОЖдор) колдоосу менен ишке ашырылды. Жаны ишкерлик ачууда долбоордук сунуш жазуу боюнча бир айлык окуу курсу экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары тарабынан Талас облусунун жумушсуз жарандары үчүн уюштурулду. Долбоордун алкагында экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К. Дуйшебаева менен Э.М.Арыкбаева тарабынан долбоордук сунуштарды жазуу үйрөтүлдү.

03.04.2023

2023-жылдын 28-мартында ТалМУнун Технология- экономикалык факультетинде

Талас облусунун жумушсуз жарандары үчүн эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын GIZ коомунун колдоосу менен » Ишке орноштурууга жана кесиптик окууга көмөктөшүү » долбоорунун алкагында бир айлык окутуунун жыйынтыгы коруу максатында долбоордук сунуштарды презентациялоо боюнча демо-күн өткөрүлдү. Эскерте кетсек, окутуунун негизги максаты -ишкердик жаатында билим деңгээлин жана көндүмдөрүн жогорулатууну каалаган жаңыдан иш баштаган ишкерлердин долбоордук сунушту жазуу саналат. Аталган демо-күнго Талас райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Д.Т.Рысалиева;эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын GIZ коомунун тренери, DevCIT Acceleration компаниясынын координатору Кожокулова Жаныл;Талас облусунун ишкерликти өнүктүрүү фондунун кызматкери Кабылбекова Анара; Талас облусундагы Айыл банк ААКнын директору М.К.Бейшекеев; Талас облусундагы РСК банк ААКнын окулу Ы.Ж.Жумалиев жана жана 1 айлык курстук угуучулары катышышты. Демо-күндүн жүрүшүндо курстун угуучулары өздөрү тандаган багыты боюнча жазылган долбоордук сунуштарын презентациялашты. Белгилей кетсек,аталган курстун 10 угуучусунун ичинен жазылган долбоордук сунушунун негизинде 6 угуучуга Талас райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан жаны ишкерлик баштоого 100000 сомдук социалдык жардам бериле турганын тастыктаган сертификат берилген. Демо-күндүн жыйынтыгында, экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К. Дуйшебаева, Э.М.Арыкбаеваларга жана бир айлык курстук 10 угуучусуна сертификаттар тапшырылды.

03.03.2023

2023-жылдын 28-мартында Талас мамлекеттик университетинде студенттер үчүн “Санарип Инсан” долбоорунун алкагында cанариптик сабаттуулукту жогорулатуу максатында “Электрондук коммерция” боюнча аймактардагы бир күндүк тренинг Талас мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын демилгеси менен өткөрүлдү.

Тренингдин алкагында катышуучулар иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды видеого тартууну,монтаждоону, копирайтинг жасоону жана электрондук коммерцияны ишке ашыруу учун электрондук аянтчаларга жайгаштыруу үйрөнүштү. Аталган тренингге экономика жана менеджмент кафедрасынын төмөнкү студенттери катышып, сертификаттарга ээ болушту.

1.Женишова Тунук БУА-21;

2.Кубанычова Адинай БУА-21;

3.;Алчикенова Умут БУА-21;

4.Оторбаева Жайнак БУА-21;

5.Токтоназарова Нуриза БУА-21.

03.04.2023

2023-жылдын 27-февралынан 24-мартына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана ОУБ финансылык коопсуздук боюнча экинчи республикалык олимпиаданы өткөрүштү. Олимпиада бир нече этапта туруп, сынактын шартына ылайык онлайн тестирлөө 27-февралдан 2-март аралыгында ,командалык семинар,талкуу панели жана жыйынтыктоочу тестирлөө 6-24-март аралыгында өтту.Аталган финансылык коопсуздук боюнча экинчи республикалык олимпиадага экономика жана менеджмент кафедрасынын онлайн тестирлөөгө 3 студенти катышты. Жыйынтыгында, Ж.Баласыгын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөрүлгөн олимпиадага экономика жана менеджмент кафедрасынын БУА-20 тайпасынын студенти Сезим Ыманалиева катышып,110 студенттин ичинен тандалган, 10 жигердүү студенттин катарына кирип, баалуу белектер менен сыйланган.

03.04.2023

2023-жылдын 17-мартында ТалМУнун Технология- экономикалык факультетинде Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара өттү.Салтанат Талас мамлекеттик университетинин Технология-экономикалык факультети тарабынан уюштурулуп, майрамдык салтанат Умай Эне арча түтөтүп, калоо-тилек айтып, аластоосу, Баба Дыйкандын коштоосунда үрөн себүү ырымын аткаруу менен башталды. Салтанаттын калган бөлүгү ыр,бий менен коштолду. Андан тышкары, ТалМУнун профессордук окутуучулар жана кызматкерлеринин арасында кесиптик кошуун менен университеттин администрациясы тарабынан уюштурулган улуттук оюндун түрү-ордо боюнча мелдештин жыйынтыгы чыгарылып,акчалай белектери тапшырылды.

03.04.2023

2023-жылдын 7-мартында ТалМУнун Технология- экономикалык факультетинде «8 март -Эл аралык аялдар» күнүнө карата « Ааламдын корку аялзат» аттуу маданий иш чара экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К. Дуйшебаева менен Э.М.Арыкбаеванын уюштуруусунда БУА-21 жана БУА-20 тайпалары менен биргеликте өткөрүлдү.Аталган иш Технология- экономикалык факультетинин деканы А.О.Курманалиева, Технология- экономикалык факультетинин профессордук-окутуучулар жааматы жана студенттери катышышты. Аялзатына арналган маданий иш чара саламдашуу менен башталып, андан соң куттуктоо сөз кезеги, Технология-экономикалык факультетинин деканы, п.и.к.,доцент А.О.Курманалиевага,техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын башчысы п.и.к.,доцент Ч.Т.Раева, экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Э.Омуркановага берилди.Мындан тышкары, маданий-массалык программада 8 март -Эл аралык аялдар күнүнө арналган куттуктоо ырлары окулуп, видеокуттуктоо корсотулду. Андан сон мадагний иш-чара кыргыз улуттук бийи, конкурстук оюндар жана обондуу ырлар менен коштолду.Аталган иш чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын жалпы жааматы жана студенттери катышышты.

03.04.2024

2023-жылдын 3-мартында Технология-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан студенттери үчүн макроэкономика сабагынан «Инфляция как фактор отрицательно влияющиющий фактор на экономику» аттуу темада КРПМБАнун экономика жана менеджмент кафедрасынын доценти,э.и.к.,доцент В.К.Осмонбетова тарабынан конок лекция 102а аудиториясында өткөрүлдү. Негизинен лекция учурунда лектор тарабынан даярдалган материал абдан кызыктуу болду. Конок лекция учурунда студенттер жана катышкан окутуучулар тарабынан берилген ар бир суроого лектор өз учурунда жооп берип жатты. Лекция ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы менен КРПМБА экономика жана менеджмент кафедрасынын менен биргеликте экономика багытындагы кызматташууну онуктуруу максатында өткөрүлүп жаткан учуру.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышышты.

03.04.2023

2023-жылдын 1-2 март күндөрү Талас облусунун райондорунун башчылары,акимдерге жана айыл өкмөт башчыларына»Мамлекеттик башкарууда долбоорлорду башкаруу» аттуу эки күндүк семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинар-тренингди Талас мамлекеттик университетинин профессордук окутуучулар жааматынан соц.и.к.,доцент Г.Ж.Турсалиева, саяс.и.к., доцент А.К.Укуева жана окутуучу Э.М.Арыкбаевалар өткөрүштү.

Семинар-тренинг Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманова атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын демилгеси менен регионалдык мамлекеттик ЖОЖдордун Консорциумунун алкагында уюштурулду.

ТалМУнун профессордук-окутуучулук курамы Талас облусунун мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин мамлекеттик башкарууда долбоорлорду башкаруу багытында жүргүзүлгөн иштерине көмөктөшүүнү улантат.

03.04.2023

2023-жылдын 20-февралынан баштап 22-февралына чейин Кыргыз республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманова атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында регионалдык мамлекеттик ЖОЖдордун Консорциумунун алкагында профессордук-окутуучулук курам үчүн «Мамлекеттик башкаруудагы долбоордук менежмент» темасында тренинг(ТоТ) өткөрүлдү. Тренингди Кыргыз республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманова атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору А.А.Акматалиев, санариптик билим берүү технологиялар борборунун директору С.К.Мурзаев жана «Жашыл экономика, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү» илимий-изилдөө кафедрасынын жетекчиси А.О.Мамытовалар өткөрүштү.Бул тренингдин алкагында консорциумдун алкагында Кыргыз республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары үчүн окутуу семинары өткөрүлмөкчү.

03.04.2023

2023-жылдын 14-январында ТалМУнун Технология- экономикалык факультетинде «21-февраль -Эл аралык эне тил майрамына» карата «Эне тилим-жан дуйномдун азыгы» аттуу иш-чара өткөрүлдү.Экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу М.К.Дуйшебаева жана ИСТ-22 тайпасынын куратору П.Ж.Бердалиеванын уюштуруусунда БУА-21 жана ИСТ-22 тайпалары менен биргеликте өткөрүштү.

Аталган иш чарага Технология- экономикалык факультетинин деканы А.О.Курманалиева, факультетинин профессордук-окутуучулар жааматы жана студенттери катышышты.Эне тилге арналган маданий иш чара корком окуу менен башталып, андан соң куттуктоо сөз кезеги ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору ф.и.к.,доцент К.Т.Жунусалиевага жана Технология-экономикалык факультетинин деканы А.О.Курманалиевага берилди.Мындан тышкары, маданий-массалык программа корком окуу, бий,ыр менен коштолду. Маданий иш чаранын акыркы болугу сахналаштырылган көрүнүш менен жыйынтыкталды.Аталган иш чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын жалпы жааматы жана студенттери катышышты.

03.04.2023

2023-жылдын 6-февралынан баштап 14-февралына чейин Кыргыз республикасынын билим беруу жана илим министрлиги, Талас райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын GIZ коомунун «Ишке орноштурууга жана кесиптик окууга көмөктөшүү» долбоорунун ишке ашыруу максатта жети облустагы оноктош жогорку окуу жайлардын экономика багындагы билим берген окутуучулары үчүн тренерлер үчүн тренинг (ТоТ) уюштурулду. Аталган тренингге Талас мамлекеттик университетинин ТЭФнин деканы п.и.к.,доцент А.О.Курманалиева, экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К. Дуйшебаева менен Э.М.Арыкбаевалар катышышты.

20.12.2022

ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинде Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 29-январында №1 «Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгына ылайык «Адам көркү -адептүүлүктө» аттуу семинар экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары: М.К.Дуйшебаева жана Э.М.Арыкбаеванын уюштуруусунда БУА-21 тайпасына өткөрүлдү.Алгачкы сөз кезеги экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысы,э.и.к.,И.А.Рыскулбековго берилди. Семинар учурунда экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Э.Омурканова «Адепсизден да адептүүлүктү үйрөн» аттуу темада баяндама жасап, уй-бүлөдө жана мектепте балдарды алептүүлүккө тарбиялоодо инсандагы идеялык өзөктүү — жарандык көз карашты, ишенимди, сезимди, жүрүм-түрүмдү, сөз менен иштеги биримдикти,коомдогу моралдык аң-сезимин жашоодогу максатка жараша калыптандыруу, ызааттуу жүрүм-турум көнүмүштөрүн пайда кылуу, ошондой эле өз элинин үрп-адаттарынын прогрессивдүү үлгүлөрүн сактоого, байытууга, башка улуттардын салтын урматтоо жана тарбиялоо маселелерине токтолду.Кийинки кезек экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу Э.М.Арыкбаеванын «Адам көркү -адептүүлүктө» аттуу баяндамасына берилди. Э.М.Арыкбаева оз баяндамасында азыркы учурдагы адеп тарбиясы жаштарды эмгекке жана коомдук мүлккө туура мамиле жасоо, достукка, чынчылдыкка, адептүүлүккө жана ар ким өзүнүн жүрүм-турумуна сын көз менен кароого жана башка кемчиликтерин адилет сындоого үйрөтүү аркылуу адептүүлүктүн наркын ошончолук жогору которүү зарылчылыгын белгиледи.Семинардын сонунда өтүлгөн материалды бышыктоо максатында ЭжМ кафедрасынын окутуучулары жана студенттеринин арасында таратылган материалдардагы насыят сөздөрдүн маанисин чечмелөө боюнча пикир алышуу жүргүзүлдү. Аталган иш чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана БУА-21 тайпасынын студенттери катышышты.

16.12.2022

Технологиялык-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан БУА-21 тайпасынын студенттери үчүн бухгалтердик эсеп сабагынан «Учет основных средств » аттуу темада ОшТУнун экономикалык факультетинин «БУА» кафедрасынын доценти,э.и.к М.Ж.Абдиевдин катышуусунда онлайн конок лекция Zoom платформасында өткөрүлдү. Негизинен лекция учурунда лектор тарабынан даярдалган материал абдан кызыктуу болду. Онлайн конок лекция учурунда студенттер жана катышкан окутуучулар тарабынан берилген ар бир суроого лектор өз учурунда жооп берип жатты. Лекция ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы менен ОшТУнун бухгалтердик эсеп,анализ жана аудит кафедрасынын менен биргеликте экономика багытындагы кызматташуунун алкагында өткөрүлүп жаткан учуру.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышышты.

21.10.2022

Технология-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн «Деньги, кредит и банки» сабагынан «Цифровые банковские продукты» аттуу темада Талас шаарындагы Финка банк ЖАКнун сатуу боюнча башкы менеджери Э.Б. Касымкулов жана кардарлар менен иш жүргүзгон адиси Б.Д.Дуйшенбекова конок лекция өткөрүштү. Лекциянын журушундо Финка банк ААКнун сатуу боюнча башкы менеджери Э.Б. Касымкулов даярдаган видеопрезентациясы көрсөтүлүп,рынок шартында жаны пайда болгон банктын мобилдүү банкинг сыяктуу продуктулары боюнча маалымат берди.Конок лекция кызыктуу болуп, катышуучулар тарабынан берилген кызыктуу суроолорго Финка банк ЖАКнин өздүк маркасы түшүрүлгөн блокнот,саат,кийизден жасалган капчыктар таратылды. Лекция ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы менен Талас шаарындагы Финка банк ЖАКнун биргеликте кызматташуусун алкагындо өтүлүп жаткан учуру.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысынын м.а.Омурканова Ж.Э., окутуучулар: Э.Ж.Мамадалиев,,Э.М.Арыкбаева жана студенттер катышышты.

21.10.2022

2022-жылдын 19-октябрнда Технология-экономикалык факультетинде Стартап долбоорлорду алдыга жылдыруу боюнча факультеттин студенттерине семинар өтүлдү.Семинар учурунда ТалМунун бизнес инкубаторунун координатору А.Т.Козубекова стартаптын пайда болуусунан баштап,анын өнүктүрүүдөгү инфраструктура жана уюштуруудагы негизги этаптары менен тааныштырды.Аталган семинарга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышышты.

18.10.2022

Технология-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн «Основы финансовых вычислений» сабагынан «Простые и сложные проценты в банковской деятельности» аттуу темада Талас шаарындагы Бакай банк ААКнун насыя берүү бөлүмүндө чыгуу лекциясы өткөрүлдү. Лекция учурунда Бакай банк ААКнун насыя беруу бөлүмүнун эксперти Ж.К.Султанов тарабынан даярдалган маалыматтар кызыктуу болуп, катышуучулар тарабынан берилген ар бир суроого өз учурунда жооп берип жатты. Лекция ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы менен Талас шаарындагы Бакай банк ААКнун биргеликте кызматташуусун улантуу максатында уюштурулуп жаткан учуру.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К.Дуйшебаева,Э.М.Арыкбаева жана студенттер катышышты.

04.12.2022

2021-жылдын 3-декабрнда Технология-экономикалык факультетинин профессордук-окутуучулар жааматы, студенттер менен биргеликте Талас облусунун Талас шаарында жайгашкан «Тенир Колдо» балдарды реабилитациялоодогу күндүзгү борборуна тамак-аш, күнүмдүк жашоого керектүү майда буюм-тайымдарды жардам катары алып барып беришти.Азыркы убакта «Тенир Колдо» балдарды реабилитациялоо күндүзгү борборунун жетекчисинин алдында 6 киши иштейт.Анын ичинде социалдык педагог,психолог дагы бар. Аталган «Тенир Колдо» балдарды реабилитациялоо күндүзгү борборунун жетекчиси борборду каржылоо швейцариялык «Кызыл чырым» бейөкмөт уюму жана ата энелердин жардамы менен ишке ашырылгандыгын айтты.Азыркы убакта бул борбордо жалпысынан 28 бала катталып жана күнүгө борборго келип тарбияланып жатканын маалымдады.

Ошондой эле «Тенир Колдо»кундузгу реабилитациялоо борборуна барууда, Технология-экономикалык факультетинин студенттери ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды куттуктап, таттуу белек,ыр, бий тартуулашты.

02.10.2021

ТалМУнун Технология- экономикалык факультетинде билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата «Ардактуу кесип ээси- мугалим» аттуу маданий иш чара ТЭФнин студенттик парламент тарабынан өткөрүлдү.Аталган иш чарага ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору- К.Т.Жунусалиева, Технология- экономикалык факультетинин деканы А.О.Курманалиева, Технология- экономикалык факультетинин профессордук-окутуучулар жааматы жана студенттери катышышты.Ардактуу кесип ээси- мугалимге арналган маданий иш чара саламдашуу менен башталып, андан соң куттуктоо сөз кезеги ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору-КТ.Жунусалиевага, Технология-экономикалык факультетинин деканы А.О.Курманалиевага жана Технология-экономикалык факультетинин студенттик парламентине берилди.Мындан тышкары, маданий-массалык программада ар бир мугалимге арналган куттуктоо ырлары окулуп,роза гулдор тапшырылды. Маданий иш чаранын калган болугу улуттук бий, ырлар менен коштолду.Аталган иш чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын жалпы жааматы жана студенттери катышышты.

P.S.ТЭФнин жалпы профессордук окутуучулар жааматы ТЭФнин студенттик парламентине пандемиядан кийинки быйылкы окуу жылында ардактуу кесип ээлери — окутуучуларды куттуктап,маданий массалык иш чара уюштаргандыгы учун ыраазычылык билдируу менен,мындан аркы иштерине ийгилик каалап кетмекчи…

01.10.2021

2021-жылдын 29-октябрндаТалМУнун айымдарынын жана мырзаларынын арасында Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрам күнүнө карата Талас шаардык жаш өспүрүм балдардын спорттук мектебинде волейбол боюнча таймаш болуп өттү.Аталган таймашка ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору К.Т.Жунусалиева,Технология-экономикалык факультетинин деканы-А.О.Курманалиева, Гуманитардык факультетинин деканы-Ж.К.Абдиева,Табият таануу жана педагогика факультеттин деканы З.Б.Койчуманов,Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн директору А.Ж.Ажыбаева жана ТалМунун профессордук окутуучулар жамаатынын айымдары жана мырзалары катышышты.Таймаш ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору К.Т.Жунусалиеванын куттуктоо сөзү менен башталып,кийинки сөз кезеги факультеттердин декандарына берилди.Таймаштын жүрүшүндө атаандашкан факультеттердин 4 командасы айлампа менен ойношуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

24.09.2021

2020-жылдын 23-сентябрнда ТалМУда “23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө” карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш чара мамлекеттик тил гимни менен башталып,сахналаштырылган көрүнүш,кыргыз улуттук бийи коштогон концерттик программа тартууланды.Аталган иш чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары менен студенттери катышышты.

Прокрутить вверх