23.04.2025 инде ТалМУда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган «ИЛИМГЕ КАРАЙ ЖОЛ: ЖАШТАР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР» аттуу Эл аралык XXII студенттик илимий — практикалык конференция болуп өттү. Бул конференцияга ФМКИ кафедрасынын Математика, Информатика, Прикладдык математика жана информатика адистигинин студенттери активдүү катышып, сертификатка ээ болушту.









