” Ж.Баласагындын “Куттуу билим” чыгармасындагы интеллектуалдык байлык жана инновациялык ойлор”

29-май 2024-жылы КРнын Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен бирдикте уюштурулган ” Ж.Баласагындын “Куттуу билим” чыгармасындагы интеллектуалдык байлык жана инновациялык ойлор” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин профессордук-окутуучулар жамааты офлайн жана онлайн форматында активдүү катышышты. Гуманитардык факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты, ТалМУнун доценти Абдиева Жылдызкан Канатбековна катышып, “Ж.Баласагындын “Кут алчу билим” чыгармасындагы нарктуу баалуулуктардын чагылдырылышы” деген темадагы илимий баяндамасы менен чыкты. Ж.К.Абдиева “Ж Баласагындын өмүрү, ишмердүүлүгү, “Куттуу билим” чыгармасын окутуу боюнча орто жана жогорку окуу жайларда тандоо курстарына киргизүүнү сунуштады. Жусуп Баласагындын”Куттуу билим” чыгармасына арналган илимий-практикалык конференция актуалдуулугу, илимий баяндамалардын өтө пайдалуу, натыйжалуу мазмуну менен өтө кызыктуу өттү. Бул конференцияда “Куттуу билим” чыгармасын кыргыз тилине которгон КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Төлөгөн Козубеков, педагогика илим. доктору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, ардактуу академиги Эсенбек Мамбетакунов жана республикабыздын 7 облусунан келип катышкан окумуштуулар менен бирге болуу, илимий багытта баарлашуу эң жогорку деңгээлде болду. Илимий-практикалык конференцияда республикабыздын жана чет элдик окумуштуулардын башын бириктирип, Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” чыгармасындагы интелектуалдык байлык жана инновациялык ойлорду айтууга шарт түзгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин уюштуруу тобуна ыраазычылык билдиребиз.Мындан ары мындай иштердин үзүлбөй байма-бай өтүп туруусуна тилектешпиз жана кызматташып иштей берүүгө даярбыз.

Прокрутить вверх