Талас Мамлекеттик университетинде корей тили курсунун бүтүрүү кечеси болуп өттү.

Бүгүн 1-июнда Талас Мамлекеттик университетинде корей тили курсунун бүтүрүү кечеси болуп өттү. Салтанаттуу кечени ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору К.Т.Жунусалиева ачты. Сокулуктагы Седжон институтунун өкүлдөрү Е Ук Джин, Гил Си Гён жана Гим Мин Гем келишти. Алар куттуктоо сөз сүйлөп, студенттерге сертификат тапшырышты. Жакшы окуган студенттерге белектер тапшырылды . Кеченин экинчи бөлүмү корей тилин окуган студенттердин күчү менен даярдалган маданий бөлүм менен уланды Студенттер корей тилинде суйлөө менен бирге ыр ырдашып, бийлерди аткарышты. Бул кечеге ата-энелер да активдүү катышты. Корей тилин окуткан окутуучу Пак Деди Хён (Акылай) студенттерге корей тилин окуп үйрөнүү сентябрь айында улана тургандыгын жарыялап, кече жыйынталды.

Прокрутить вверх