«Сен китепти ачсан, китеп сени ачат» деп улуу ойчул Ч.Айтматов айткандай, китепти окуган сайын жан дүйнөбүз азыктанат

«Сен китепти ачсан, китеп сени ачат» деп улуу ойчул Ч.Айтматов айткандай, китепти окуган сайын жан дүйнөбүз азыктанат. Бүгүн Талас мамлекеттик университетинде китеп майрамы. И.Арабаев атындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору ( мурунку ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору ) ф.и.д, профессор С.С.Жумалиев өздүк китепканасынан Талас мамлекеттик университетинин илимий китепканасына 550 даана илимий, көркөм адабий китептерди, методикалык көрсөтмөлөрдү белекке тапшырды.Бул окуу, илимий китептер студенттер, магистранттар үчүн чоң жардамын тийгизмекчи. С. Субанкуловичке университеттин атынан рахматыбызды айтып, ыраазычылык билдиребиз! Ишиңизге ийгилик каалайбыз, миңдин батасы тийсин демекчибиз.

Прокрутить вверх