Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунун 5 билим берүү программасы “Сапаттуу билим” билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо агенттигинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги №16/04-26 буйругунун негизинде программалык аккредитациядан өттү:
✔️ 550100 «Табигый илимдик билим берүү» багыты
✔️ Айыл чарба бакалавры даярдоо багытынын “Агроэкономика” профили
✔️ 230108 Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча)
✔️ 230701 Колдонмо информатика (тармактар боюнча)
✔️ 050303 «Чет тили»
Тышкы эксперттик комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү эки күндүк бекитилген программанын алкагында иш алып барышты. Жыйынтыгында алдын-ала эксперттердин корутундулары менен тааныштырылып, программалардын сапаты ырасталды.


