Аралыктан билим берүү технологиялар борбору

133Үкүева Айсалкын Калмурзаевна

саясий илимдеринин    кандидаты, доцент, билим берүүнүн мыктысы

 

 

Талас мамлекеттик университетинде студенттерди аралыктан окутуу боюнча иштер 2010-2011-окуу жылында колго алынган. Окутуу процессин аралыктан уюштуруу максатында дистанттык окутуу борбору (ЦДО) түзүлгөн.

Азыркы учурда ТалМУда студенттер үчүн аралыктан билим берүү технологияларын өнүктүрүү боюнча атайын Аралыктан билим берүү технологиялар борбору (АББТБ) иш алып барууда. Борбордун курамында  IT-адистери, инспектор, методист жана университеттин бардык имараттарындагы компьютердик класстардын администраторлору эмгектенишет.
04Аралыктан билим берүү технологиялар борборунун базасында ТалМУда электрондук окутууну өнүктүрүү максатында ресурстук борбор ачылып, ийгиликтүү иш алып барууда.

135Окуу процессин уюштуруу Талас мамлекеттик университетинин билим берүү ресурстарын, билимди тестирлөө аркылуу текшерүү системасын колдонууга негизделген дистанттык технологияларды колдонуу менен жүргүзүлөт.

Аралыктан билим берүү технологиялар борборунда окуу процессин талапка ылайык уюштурууга, окутуучулардын иштөөсүнө, студенттердин билим алуусуна  зарыл болгон шарттар түзүлгөн. ТалМУнун 4 окуу имараттарында Интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү бар компьютердик техника,  интерактивдик доскалар жана башка IT-технологиялар менен жабдылган 6 компьютердик класс  иштейт. ТалМУда билим берүү процессин уюштурууда жана студенттердин маалыматтардын электрондук базасына чыгуу процессин камсыз кылууда “АВН” маалыматтык-билим берүү программасы кенири колдонулат.

Борбордо студенттердин билим алуусуна керектүү маалыматтарды -аралыктан окутуу технологияларын колдонуу процессин уюштуруу өзгөчүлүктөрү, студенттердин укуктары, милдеттери жана башка маалымат жана инструкцияларды,  окуу-методикалык ресурстарды студенттерге IT- технологиялардын жардамы менен жеткизүү иштери жүргүзүлөт.

134     Окутуу процесси атайын билим берүү порталы аркылуу жүргүзүлүп, анда студенттерге керектүү бардык маалыматтар жана окуу-методикалык ресурстар жайгаштырылат (электрондук окуу- методикалык комплекстер: силлабустар, лекциялардын курстары, окуу куралдары, өз алдынча даярданууга методикалык көрсөтмөлөр, аудио-видео сабактар жана башка ресурстар).

Аралыктан билим берүү технологиялар борборунун иш- аракеттеринин негизги багыттары:

— Студенттерге көрсөтүлгөн билим берүү кызматынын сапатын жакшыртуу максатында дистанттык билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн  окуу процессине киргизүү;

-Окуу процессинде маалыматтык – техникалык каражаттарды  колдонуу шартын түзүү;

-Электрондук билим берүү ресурстарын иштеп чыгуу, колдонуу жана жайылтуу иш-аракеттерин уюштуруу;

— Аралыктан билим берүүдө колдонулуучу окуу-методикалык ресурстардын базасын түзүү, өнүктүрүү жана колдоо;

— Окутуучулардын аралыктан  билим берүү технологияларын окуу жана методикалык иштеринде колдонуусуна  техникалык жана методикалык колдоо көрсөтүү;

— Аралыктан билим берүү маселелери боюнча уюштурулуучу иш-аракеттерге катышып, билим берүү мейкиндигинде  колдонулуп жаткан тажрыйбаларды тартуу;

— Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу багытында иш-аракеттерди уюштуруу;

— Аралыктан окутуу процессин уюштуруу.

137 136

Аралыктан билим берүү технологиялар борборунун базасында  дистанттык  технологияларды  колдонуу ыкмаларын өнүктүрүү максатында окутуучулардын квалификациясын көтөрүү боюнча  иш – аракеттер дайыма уюштурулуп турат. Аралыктан байланышуу мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп  Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларынын катышуусу менен семинарлар жана тренингдер  өткөрүлүп турат.

Аралыктан билим берүү технологиялар борбору Кыргызстандын башка жогорку окуу жайлары  менен тыгыз байланышта  иш алып баруу менен бирге Кыргыз дистанттык билим берүү ассоциациясынын алкагында Талас мамлекеттик университетинде аралыктан билим берүү технологияларын өнүктүрүү маселелерин чечүү жолунда.

 

 

Прокрутить вверх