БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ,ЛИЦЕНЗИЯЛОО ЖАНА АККРЕДИТАЦИЯЛОО БӨЛҮМҮ

Билим берүүнүн сапаты, аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмү Талас мамлекеттик университетинин өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет жана өз ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзөт.
Билим берүү сапатын жогорулатуу, лицензиялоо жана аккредитация бөлүмү Талас мамлекеттик университетинин өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ченемдик укуктук актыларына ылайык иш жүргүзөт.
2021-жылдын 1-сентябрында №106/6 буйругу менен Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн адиси кызматы ачылган. 2024-жылдын 14-майында Билим берүү программалпрын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан институционалдык жана программалык аккредитациясына тышкы баа берүүнүн жыйынтыгынын негизинде ТалМУда Билим берүүнүн сапаты бөлүмү №87/6 буйругунун негизинде ачылып, андан кийин Талас мамлекеттик университетинин уюштуруу – башкаруу түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу бөлүм Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, лицензиялоо жана аккредитация бөлүмү ТалМУнун ректорунун 2025-жылдын 3-мартында № буйругунун негизинде түзүлүп, аны педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Шайланова Майрамкан Мукановна жетектейт.
Бөлүмдүн курамына бөлүм башчы, инспектр, методист жана адис кирет.
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, лицензиялоо жана аккедитациялоо бөлүмүнүн негизги максаты – университеттин миссиясына, стратегиялык максаттарына ылайык, университетте окутуунун сапатын жогорулатууда билим берүүнүн дүйнөлүк тенденцияларын, эмгек базарынын азыркы учурдагы талаптарын эске алуу менен, атаандаштыкка туруктуу жогорку билимдүү адистерди сапаттуу даярдоодо ПО курамдын ишмердүүлүгүнө методикалык колдоо көрсөтүү жана координациялоо аркылуу окутуу процессин жакшыртуу жана анын сапатын (натыйжалуулугун) жогорулатуу.
🎯 БӨЛҮМДҮН НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ
Университеттин билим берүү сапатын тынымсыз жана системалуу байкоо жүргүзүү.
– Билим берүү сапатынын көрсөткүчтөрү жана процесстеринин системалык мониторингин жүргүзүү.
– Студенттердин билим деңгээлин көзөмөлдөө.
– Жаңы билим берүү программалары үчүн жана кыска мөөнөттүү лицензиялоо жана учурдагы программаларды аккредитациялоо процедурасын коштоо.
– Окуу пландарынын, программаларынын жана сынак материалдарынын мамлекеттик стандарттарга жана коомдук муктаждыктарга шайкештигин талдоо.
– Университеттин сапат менеджмент саясатын ишке ашыруунун ар кайсы баскычтарында структурдук бөлүмдөргө методикалык жардам көрсөтүү.
– Университет жетекчилигине сапат менеджмент системасын киргизүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берүү жана сунуштарды иштеп чыгуу.
Ошондой эле окутуунун натыйжаларын жакшыртуу максатында мугалимдердин чыгармачылык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө жана окуу процессине заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган иш-чаралар уюштурулат.
ББСнын функциялары:
- Окуу процессин коштоочу документациянын сапатына баалоону
уюштурат.
- Структуралык бөлүмдөргө билим берүү программаларынын
сапатын контролдоону жүзүгө ашыруу менен байланышкан маселелер боюнча жардам көрсөтүүнү уюштурат.
- Көз карандысыз аккредитация үчүн баалоо каражаттарынын (БК)
сапаттарын жана анын жыйынтыктарын анализдейт.
- Окутуучулардын ОМКларынын сапатына, предметгик БКлардын
окутуунун натыйжаларынын шайкештигине баа берет.
- ТалМУнун билим сапатынын деңгээлин аныктоо максатында
студенттердин, ПО курамынын арасында сурамжылоону (анкетирлөө) даярдайт, уюштурат, өткөрөт жана натыйжаларды анализдейт.
- ПО курамдын дисциплиналарды ББСнын талаптарына ылайык
окутуу сапатына баа берүү боюнча студенттерден официалдуу анкетирлөөнү өткөрөт.
- Бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээлине канааттануусун аныктоо
максатында иш берүүчүлөрдөн жана бүтүрүүчүлөрдөн сурамжылоону уюштурат жана өткөрөт.
- Билим берүүнүн сапатына тиешелүү маселелер боюнча структуралык
бөлүмдөрдө рейд түрдө текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, аларды жыйынтыктарына ылайык коррекциялоочу чараларды макулдашууну, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт, уюштурат, өткөрөт.
- Аккредитация маселелери боюнча структуралык бөлүмдөрдүн
ишмердүүлүгүн координациялап, маалыматтык – методикалык коштоо, контролдоо жана анализдөө иштерин уюштурат, жетектейт.
ББСтин укуктары:
Өз функцияларын жүзүгө ашырууда ББС төмөнкү укуктарга ээ:
- ТалМУнун структуралык бөлүмдөрүнөн университеттин билим берүү
программаларынын сапатын контролдоо системасынын иш – чараларын жана процедураларын натыйжалуу аткаруу үчүн колдоо алып туруу;
- Университеттин бөлүм башчыларынан керектүү документтерди жана
маалыматтарды суроо;
- Университеттин башка бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин ишке тартуу;
- Кафедраларда жана деканаттарда ички аудит жана мониторинг жүргүзүү;
- Тышкы уюмдар менен кат алышуу
- Университеттин жетекчилигине билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү.
Байланыштар:
Бөлүмдүн башчысы
Шайланова Майрамкан Мукановна
0551447900, mshaylanova@mail.ru
Инспектор
Бешкемпирова Зейнеп Токтогоновна
0777616221, toktogonovnaz@mail.ru
Методист
Асилбек кызы Каным
0509060693, kanym-0606@mail.ru
Байланыш дареги: Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, лицензиялоо жана аккредитация бөлүмү (ББСЖЛжА)
Талас шаары, аллея Нуржанова 25, Кабинет № 1/4
Teл: 551447900
E–mail: Mshaylanova@mail.ru
Иш тартиби: дүйшөмбү – жума 08:30-17:30 (түшкү тыныгуу: 12:30-13:30)