Билим берүү сапаты бөлүмү

Шайланова Майрамкан Мукановна

ББС — ТалМУда билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган аккредитацияга даярдоо, өздүк баалоо процедураларын уюштуруу жана өткөрүү, билим берүү программаларынын сапатын көзөмөлдөө системасынын механизмдерин, параметрлерин жана процедураларын иштеп  чыгуу, окуу процессин көзөмөлдөө жана мониторинг иш- чараларын жүргүзөт.
ББСнын негизги милдеттери:
ТалМУнун жетекчилиги менен биргеликте  университеттин сапат чөйрөсүндөгү саясатын калыптандыруу;

  • Мамлекеттик билим беруу стандарттарынын талаптарын, аккредитациялык көрсөткүчтөрдү  жана эл аралык стандарттарды ыңгайлаштыруунун негизинде сапаттын натыйжалуу системасын иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана колдоо;
  • ТалМУнун структуралык бөлүмдөрүнүн  билим берүүнун сапатын камсыздоого багытталган иш аракеттерин координациялоо;
  • Билим берүү ишмердүүлүгүнүн индикативдүү көрсөткүчтөрүнө  системалуу мониторинг жургузуу;
  • Өздүк  баалоо жана аккредитация процедураларын уюштуруу, өткөрүү, отчётторду анализдөө;
  • Сапатты камсыздоо жана кепилдөө  боюнча чет элдик тажрыйбаны үйрөнүү , аны ТалМУда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктап жайылтуу.

Россия Федерациясынын М.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети менен эл аралык кызматташуунун алкагында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында ТалМУда семинар онлайн жана офлайн форматында өтүлдү. Ага ТалМУнун профессордук-окутуучулар жамааты активдүү катышып, мастер-класстарды жогорку деңгээлде көрсөтүштү.

2021-2022-окуу жылында университттин алкагында ачык сабактар өтүлүп, окуу усулдук кеңештин мүчөлөрү тарабынан анализ беришип, жыйынтыгында МФИ кафедрасынын аг окутуучусу Дуйшөналиева Урумкан 1-орун, табият таануу кафедрасынын ага окутуучусу Козубекова Алмаш 2-орун, ал эми экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу Арыкбаева Элиза 3-оруга ээ болушту

Прокрутить вверх