ШАРШЕМБИЕВ ЖЫРГАЛБЕК САБЫРБЕКОВИЧ

Техника илимдеринин доктору, КР билим берүүнүн отличниги

Талас облусундагы социалдык-экономикалык маселелерди чечүү максатында  жергиликтүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн 1996-жылы Талас шаарында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин жана Кыргыз архитектуралык курулуш институтунун филиалдары ачылган.

Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин филиалынын директору болуп Чынаев Ж.Ч. дайындалган. Жениш Чынаевичтин жетекчилиги астында окуу китептери менен камсыздоо, окуу эмеректери менен жабдуу, физика, химия лабораторияларын уюштуруу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, окуу имараттарын оңдоп ишке киргизүү багытында эбегейсиз зор иштер жасалган, окутуучулар үчүн 10 жер үй жана 6 батир сатылып алынган.  

Кыргыз архитектуралык курулуш институтунун филиалынын директору болуп техн.и.к., доцент Бообеков А.Б. дайындалган.  Акан Бообековичтин жеке демилгеси менен пайдалануудан чыгып калган бала-бакчанын имараты ашар жолу аркылуу толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп 1996-жылдын 1-сентябрына карата ишке киргизилген.

          Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин филиалы 1998-жылы 5-октябрдагы №117/5 буйругунун негизинде И.Арабаев атындагы КМПУнун Талас педагогикалык институту болуп өзгөртүлгөн.

1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Талас шаарындагы  филиалы ачылып, анын директорлугуна Ташматова К.А. бекитилген. Ал эми 1999-жылы Кыргыз архитектуралык курулуш институтунун филиалынын директору кызматына  техн.и.д., профессор Жылкычиев А.И. дайындалган.

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылы 25-июлунда чыккан №189 Жарлыгына  ылайык И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Таластагы филиалдарынын жана  Кыргыз агрардык академиясынын Таластагы айыл чарба техникумунун базасында Талас мамлекеттик университети (ТалМУ) түзүлгөн.

          2000-жылы 4-сентябрдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 646 токтому менен ТалМУнун ректорлугуна Өмүрбеков Т.Б. дайындалган. Төрөбек Бөкөнбаевичтин жетекчилиги астында 2001-жылдын 24-августунда Билим берүү министрлигинин  №65 буйругунун  негизинде  Талас мамлекеттик университетинин алдында Бектур Исаков  атындагы лицейи ачылган. Азыркы гуманитардык факультет жайгашкан имарат сатылып алынган.  2001-2002 –окуу жылында  ТалМУда 14 жаңы  адистик ачылып, жалпы 26 адистик боюнча жогорку кесиптик билим берүү жүргүзүлгөн, күндүзгү бөлүмүндө 1672 студент, сырттан окуу бөлүмүндө 1970 студент окуган. 2002-жылы 5-августта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  №528 токтому менен ТалМУда «Аскер»  кафедрасы уюшулуп кафедранын башчысы болуп подполковник Жолчубеков Б.С. дайындалган. Ушул эле жылы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу борбору жана сырткы байланыштар бөлүмү ачылган. Университетте илимий изилдөө иштерине өзгөчө көңүл бурулуп алгачкы илимдин кандидаттары даярдалган, алар Абдыкаирова А. (2001), Упенов А.Ш. (2003), Жумалиев С.С. (2004), Айталиева Т.К. (2004), Кенжебаев Д.О. (2004) болушкан. 2002-жылы 25-январда Технологиялык факультеттин алдында автомектеп, экономика-юридикалык факультет жана экологиялык-агрардык сектор ачылган. 2003-жылдан баштап 1-муундагы мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде ТалМУнун окутуучулары өздөрү сабактардын жумушчу программаларын жана окуу-усулдук көрсөтмөлөрүн түзүүгө өтүшкөн.

          2003-жылы 2-июлда ТалМУнун ректорлугуна Жылкычиев А.И. дайындалган. Аскарбек Исаевичтин жетекчилиги астында университеттин профессордук-окутуучулар курамын борбордон жогорку квалификациялуу кадрларды чакырып келүү менен толуктоо жана ички илимий изилдөө иштерине өзгөчө көңүл бурулган. Кандидаттык диссертациялык иштерин ийгиликтүү жактаган окутуучулардын саны кескин жогорулаган. 2009-жылы орто кесиптик билим берүү бөлүмү, ал эми 2011-жылы “Аралыктан окутуу борбору” ачылып ишке киргизилген.

          2015-2023-жылга чейин а.ч.и.к, доцент Упенов А.Ш. ТалМУнун ректорлук кызматын аркалап келди. Бул мезгилде Айбек Шерипбекович  чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташып бир топ долбоорлорду тартуу аркылуу  университеттин материалдык-техникалык базасынын өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн зор салымын кошту. Университеттин бир нече окутуучулары жана студенттери Германия, Румыния, Чехия сыяктуу чет өлкөлөргө барып академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча квалификацияларын жогорулатып келишти.

2016-жылы Талас мамлекеттик университетинин  20 жылдык мааракесине арналып Канат Кеңешбеков атындагы этнографиялык-археологиялык   музей  ачылган. Музей-окуу жайдын  илимий, маданий жана агартуу багытына арналган  борбор болуп саналат. Музей Ч.Айтматов көчөсүндөгү гуманитардык факультетинин имаратынын 1-кабатында жайгашкан.  Музейде ТалМУнун  тарыхы жана Талас өрөөнүндөгү этнографиялык-археологиялык  табылгалар бөлүмдөрү жайгашкан. Аталган музейди т.и.к, доцент Абдиева Ж.К., т.и.к, доцент Жусупова М.М., Кыргыз  Улуттук “Манас Ордо” комплексинин “Манас эпосу” музейини директору  Жунушалиев А.С. жана  тарыхчы-окутуучу Бекмуратова Д.З. уюштурушкан. Музейге кызыккандардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө жана азыркы учурда музейде жалпы 180 ден ашык экспонаттар жайгаштырылган.

2023-жылдын 7-сентябрынан тартып  Кыргыз Республикасынын  Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы №418 “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө”  токтомуна ылайык  техн.и.д, доцент Шаршембиев  Ж.С. Талас мамлекеттик университетинин ректорлук кызматына бекитилип, азыркы учурда иштеп жатат.

           Университеттин курамында табият таануу жана педагогика, гуманитардык, технология-экономикалык факультеттери, аралыктан билим берүү технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борбору, кесиптик орто билим берүү бөлүмү (колледж), “Бектур агай”  маалыматтык-технологиялар лицейи, “Бизнес-инкубатор” бар. Университетте  3 багыт боюнча магистрдик жогорку билим, 29  адистик боюнча бакалаврдык жогорку билим, ал эми колледжде 14 адистик боюнча орто кесиптик билим берилет.

Университетибизди  ушул күнгө чейин он миңден ашуун бүтүрүүчүлөрүбүз ийгиликтүү аякташып кесип ээлери болушту, ал эми азыркы учурда 3500дөн ашуун студенттер  билим алышууда.

       Болочок адистерге билим берүүдө эмгектенишкен 141  окутуучунун катарында  6 илимдин  доктору, 33 илимдин кандидаты, 31 билим берүүнүн мыктылары   бар.

Университеттин курамындагы табият таануу жана педагогика, гуманитардык, технологиялык-экономикалык факультеттеринде, аралыктан билим берүү технологиялары борборунда 22 адистик боюнча жогорку билим, ал эми колледжинде 11 адистик боюнча орто кесиптик билим берилет.

Окуу процессин талапка ылайык уюштуруу жана болочок адистердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында университеттин материалдык-техникалык базасы чыңдалып, заманбап окуу аудиториялары,  окуу-методикалык кабинеттери,  лекциялык залдары,  компьютердик жана  мультимедиялык класстар менен жабдылган. Ар бир окуу имаратында окутуучулар жана студенттер үчүн ынгайлуу шарттар  түзүлгөн. Wi-Fi коюлуп, буфеттер, китепканалар, компьютердик класстар, интернет класстары ачылган. 12 окуу лабораториясы  жана лабораториялык, практикалык  сабактарды өткөрүү үчүн атайын  заманбап үлгүдө жасалып, жабдылган кабинеттер, аудиториялар бар. Англис  тили, кыргыз тили, орус  тили, педагогика, математика кафедраларынын алдында ачылган ресурстук борборлор иштейт. Орус, англис, немис тилдерин тереңдетип окутуу боюнча курстар уюштурулган.

Окуу жайдын Дайырбек Казакбаев атындагы илимий китепканасында  маалыматтык-библиографиялык, комплектөө, тейлөө  бөлүмү, окуу  залдары бар. Жалпы  китеп фондусу 50 минден ашууннусканы  түзөт. 2013-жылдын 14-майынан баштап Талас мамлекеттик университети Кыргызстандын электрондук китепканалар ассоциациясынын курамына кирген.

Болочок адистерге билим берүүдө эмгектенишкен 150 окутуучунун  катарында илимдин 3 доктору, 41 илимдин кандидаты, 31 билим берүүнүн мыктысы, 35 ага окутуучу бар. Мында илимдин докторлору – А.Жылкычиев, Д.Кенжебаев, С.Жумалиев; илимдин кандидаттары – А.Ш.Упенов, А.Бообеков, К.Кыдыралиев, А.Барпыбеков, Ж.Сагынбеков, И.Рыскулбеков, К.Жусупова, М.Мырзабеков, К.Стамалиева, Ш.Курманкулов, Э.Үмөтов, И.Абдрахманов, Г.Кудабаева, Г.Дөңбаева, М.Раева, У.Мырзабекова, К.Кеңешбеков, М.Тургунбаев, М.Шайланова, А.Үкүева, Г.Турсалиева, Т.Айталиева, Г.Дуйшеева, А.Абдыкаирова, А.Акынбекова, К.Жунусалиева, Ж.Абдиева, М.Жусупова, А.Усубалиева, Р.Конокбаев, З.Койчуманов ж.б. кошкон салымдары чоң. Учурда илимий изилдөө иштерин жыйынтыктап, коргоонун алдында турган аспирант-изденүүчүлөрдүн жана докторанттардын саны да арбыды. Айталы, А.Ш.Упенов, М.С.Тургунбаев, Ш.Ж.Курманкулов, К.А.Жусупова, А.Ж.Ажибаевалар докторлук, ал эми А.Умарбекова, А.Курманалиева, Э.Кулова, Р.Үркүмбаева, Т.Сакеев, Т.Көкөев ж.б. аспирант-изденүүчүлөр кандидаттык диссертациясын коргоонун алдында турушат. Билим берүүнүн мыктылары Э.Абдраимов, З.Акматалиев, Т.Бейшебекова, Р.Насипбаева, З.Боромбаева, А.Мараяпова, А.Нуралиева, А.Жороев ж.б. окутуучулар университетте көп жылдан бери талыкпай, үзүрлүү эмгектенип, студенттерге татыктуу билим берип келе жатышат.

Университетте жүргүзүлгөн окуу-методикалык иштер үзгүлтүксүз  көп баскычтуу билим берүүнүн  мамлекеттик программасын жүзөгө  ашырууга багытталган. Азыркы учурда ТалМУда бардык адистиктер боюнча жалпысынан 2000ден ашуун студент билим алышууда.

Студенттерге интернетке чыгып иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлүп, алар эл аралык студенттик конференцияларга, көргөзмөлөргө, кароо-сынактарга, олимпиадаларга, мелдештерге активдүү катышып, байгелүү орундарды алып келишет. Студенттер окуудан сырткары КВН, дебат клубдарына катышып,  футбол, волейбол, теннис, шахмат, тогуз коргоол ж.б. секцияларда машыгып, ар кандай спорттук мелдештер өткөрүлүп турат.

Эл аралык кызматташуу багытында университеттин иш-аракети эл аралык байланыштар бөлүмү (ЭББ) аркылуу жүргүзүлөт. Учурда ТалМУ Сорос-Кыргызстан фонду, АКСЕЛС, АЙРЕКС, ДААД, ТЕМПУС, Тынчтык Корпусу, ЛОГО, АКШ, Германия, Франция өкүлчүлүктөрүнүн программалары, Швеция программалары  жана  Англия консулдугу ж.б. эл аралык фонддор, мекеме-уюмдары менен тыгыз кызматташып, Европанын жана КМШ мамлекеттеринин жогорку окуу жайлары менен байланышта иш жүргүзөт.

Учурда окуу жайдагы билим берүү европалык Болон процессинин стандарттарына ыңгайлаштырылып, окутуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында Болон процессин ишке ашыруу борбору түзүлгөн. ТалМУнун бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштуруу жана студенттик тейлөөнү  өнүктүрүү борборлору ТЕМПУС проектисинин алкагында ачылууда.

Университеттин диплому КМШ өлкөлөрүндө жана алыскы чет өлкөлөрдө таанылган. Ошондуктан бул окуу жайда Корея, Түркия сымал чет мамлекеттерден келишкен жарандар окуп, билим алышууда.

Билим сапатынынын көтөрүлүшүнө таасир эткен эл аралык Темпус жана Эрасмус Мундус ж.б. долбоорлорунун алкагында университеттин 50дөн ашуун студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери  Австрия, Англия, Бельгия, Германия, Венгрия, Испания, Италия, Литва, Польша, Румыния, Түркия, Финляндия, Чехия, Швеция, Эстониянын ЖОЖдорунда билим алып келишти жана азыркы күндө дагы окуу-тажрыйбаларын улантышууда. Учурда окутуучулар жана студенттер Германияда,  Хорватияда, Румынияда, АКШда, Казахстанда окуп,  стажировкадан өтүп жатышат.

Прокрутить вверх