Талас мамлекеттик университетинин ректору

 ШАРШЕМБИЕВ ЖЫРГАЛБЕК САБЫРБЕКОВИЧ

Техника илимдеринин доктору, КР билим берүүнүн отличниги
Резюме

Талас мамлекеттик университети –  өрөөндөгү жалгыз жогорку окуу жайы. Ал КР Өкмөтүнүн 4-сентябрь 2000-жылдагы №546 токтомунун негизинде И.Арабаев атындагы КМПУнун, КУУнун, КГУСТАнын жана Кыргыз агрардык академиясынын Талас шаарындагы  филиалдарынын базасында уюшулган.

Университеттин курамындагы табият таануу жана педагогика, гуманитардык, технологиялык-экономикалык факультеттеринде, аралыктан билим берүү технологиялары борборунда 22 адистик боюнча жогорку билим, ал эми колледжинде 11 адистик боюнча орто кесиптик билим берилет.

Окуу процессин талапка ылайык уюштуруу жана болочок адистердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында университеттин материалдык-техникалык базасы чыңдалып, заманбап окуу аудиториялары,  окуу-методикалык кабинеттери,  лекциялык залдары,  компьютердик жана  мультимедиялык класстар менен жабдылган. Ар бир окуу имаратында окутуучулар жана студенттер үчүн ынгайлуу шарттар  түзүлгөн. Wi-Fi коюлуп, буфеттер, китепканалар, компьютердик класстар, интернет класстары ачылган. 12 окуу лабораториясы  жана лабораториялык, практикалык  сабактарды өткөрүү үчүн атайын  заманбап үлгүдө жасалып, жабдылган кабинеттер, аудиториялар бар. Англис  тили, кыргыз тили, орус  тили, педагогика, математика кафедраларынын алдында ачылган ресурстук борборлор иштейт. Орус, англис, немис тилдерин тереңдетип окутуу боюнча курстар уюштурулган.

Окуу жайдын Дайырбек Казакбаев атындагы илимий китепканасында  маалыматтык-библиографиялык, комплектөө, тейлөө  бөлүмү, окуу  залдары бар. Жалпы  китеп фондусу 50 минден ашуун  нусканы  түзөт. 2013-жылдын 14-майынан баштап Талас мамлекеттик университети Кыргызстандын электрондук китепканалар ассоциациясынын курамына кирген.

Болочок адистерге билим берүүдө эмгектенишкен 150 окутуучунун  катарында илимдин 3 доктору, 41 илимдин кандидаты, 31 билим берүүнүн мыктысы, 35 ага окутуучу бар. Мында илимдин докторлору – А.Жылкычиев, Д.Кенжебаев, С.Жумалиев; илимдин кандидаттары – А.Ш.Упенов, А.Бообеков, К.Кыдыралиев, А.Барпыбеков, Ж.Сагынбеков, И.Рыскулбеков, К.Жусупова, М.Мырзабеков, К.Стамалиева, Ш.Курманкулов, Э.Үмөтов, И.Абдрахманов, Г.Кудабаева, Г.Дөңбаева, М.Раева, У.Мырзабекова, К.Кеңешбеков, М.Тургунбаев, М.Шайланова, А.Үкүева, Г.Турсалиева, Т.Айталиева, Г.Дуйшеева, А.Абдыкаирова, А.Акынбекова, К.Жунусалиева, Ж.Абдиева, М.Жусупова, А.Усубалиева, Р.Конокбаев, З.Койчуманов ж.б. кошкон салымдары чоң. Учурда илимий изилдөө иштерин жыйынтыктап, коргоонун алдында турган аспирант-изденүүчүлөрдүн жана докторанттардын саны да арбыды. Айталы, А.Ш.Упенов, М.С.Тургунбаев, Ш.Ж.Курманкулов, К.А.Жусупова, А.Ж.Ажибаевалар докторлук, ал эми А.Умарбекова, А.Курманалиева, Э.Кулова, Р.Үркүмбаева, Т.Сакеев, Т.Көкөев ж.б. аспирант-изденүүчүлөр кандидаттык диссертациясын коргоонун алдында турушат. Билим берүүнүн мыктылары Э.Абдраимов, З.Акматалиев, Т.Бейшебекова, Р.Насипбаева, З.Боромбаева, А.Мараяпова, А.Нуралиева, А.Жороев ж.б. окутуучулар университетте көп жылдан бери талыкпай, үзүрлүү эмгектенип, студенттерге татыктуу билим берип келе жатышат.

Университетте жүргүзүлгөн окуу-методикалык иштер үзгүлтүксүз  көп баскычтуу билим берүүнүн  мамлекеттик программасын жүзөгө  ашырууга багытталган. Азыркы учурда ТалМУда бардык адистиктер боюнча жалпысынан 2000ден ашуун студент билим алышууда.

Студенттерге интернетке чыгып иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлүп, алар эл аралык студенттик конференцияларга, көргөзмөлөргө, кароо-сынактарга, олимпиадаларга, мелдештерге активдүү катышып, байгелүү орундарды алып келишет. Студенттер окуудан сырткары КВН, дебат клубдарына катышып,  футбол, волейбол, теннис, шахмат, тогуз коргоол ж.б. секцияларда машыгып, ар кандай спорттук мелдештер өткөрүлүп турат.

Эл аралык кызматташуу багытында университеттин иш-аракети эл аралык байланыштар бөлүмү (ЭББ) аркылуу жүргүзүлөт. Учурда ТалМУ Сорос-Кыргызстан фонду, АКСЕЛС, АЙРЕКС, ДААД, ТЕМПУС, Тынчтык Корпусу, ЛОГО, АКШ, Германия, Франция өкүлчүлүктөрүнүн программалары, Швеция программалары  жана  Англия консулдугу ж.б. эл аралык фонддор, мекеме-уюмдары менен тыгыз кызматташып, Европанын жана КМШ мамлекеттеринин жогорку окуу жайлары менен байланышта иш жүргүзөт.

Учурда окуу жайдагы билим берүү европалык Болон процессинин стандарттарына ыңгайлаштырылып, окутуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында Болон процессин ишке ашыруу борбору түзүлгөн. ТалМУнун бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштуруу жана студенттик тейлөөнү  өнүктүрүү борборлору ТЕМПУС проектисинин алкагында ачылууда.

Университеттин диплому КМШ өлкөлөрүндө жана алыскы чет өлкөлөрдө таанылган. Ошондуктан бул окуу жайда Корея, Түркия сымал чет мамлекеттерден келишкен жарандар окуп, билим алышууда.

Билим сапатынынын көтөрүлүшүнө таасир эткен эл аралык Темпус жана Эрасмус Мундус ж.б. долбоорлорунун алкагында университеттин 50дөн ашуун студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери  Австрия, Англия, Бельгия, Германия, Венгрия, Испания, Италия, Литва, Польша, Румыния, Түркия, Финляндия, Чехия, Швеция, Эстониянын ЖОЖдорунда билим алып келишти жана азыркы күндө дагы окуу-тажрыйбаларын улантышууда. Учурда окутуучулар жана студенттер Германияда,  Хорватияда, Румынияда, АКШда, Казахстанда окуп,  стажировкадан өтүп жатышат.

Прокрутить вверх