Д. Казакбаев атындагы илимий китепкана

Курманалиева Рейна Бекиевна

ТалМУнун Д.Казакбаев атындагы

илимий китепканасынын башчысы

Китепкана – ар бир адам үчүн ыйык жер, илим-билимдин, акылмандыктын булагы. Ал окуу-тарбиялык, илим-изилдөө процессин маалымат менен камсыз кылуучу, ошондой эле билимди, интеллектуалдык карым-катнашты жайылтуучу коомдун бирден-бир алдыңкы катардагы универсалдуу каражаты болуп саналат.

Талас мамлекеттик университетинин илимий китепканасы дагы студенттердин жана профессордук-окутуучулар курамынын маалыматтык муктаждыктарын камсыздоого, китепканалык жана маалыматтык-библиографиялык тейлөө көрсөтүүгө негизделген. Китепкананын маалыматтык-библиографиялык бөлүмүндө газета-журналдардын картотекасынын жардамы менен окурман өзүнө керектүү материалдарды таап алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Андан тышкары ар бир силлабуска, текшерүү иштерине темалар жайгаштырылган. Азыркы тапта биздин китепканада маалыматты издеп-табууну жана аларды окуу процессинде пайдалануунун жолдорун, ыкмаларын окурмандарга түшүндүрүү боюнча иштер жүрүп жатат.

ТалМУнун Д.Казакбаев атындагы илимий китепканасы 1997-жылдын февраль айында түзүлгөн. И.Арабаев атындагы КМПУнун Таластагы филиалы 1996-жылдын 1-февралында Талас областтык администрациясы жана И.Арабаев атындагы КМПУнун ортосундагы келишимдин негизинде ачылган. Китепкананын ачылышына жана анын китеп фондун толуктоодо И.Арабаев атындагы КМПУнун, Таластагы институттун окутуучулары демөөрчүлүк жардамдарын көрсөтүшкөн. “Сорос Кыргызстан” фонду 209227 сом өлчөмүндөгү 2087 даана китепти алып берген. Китепканада эң алгач окуу залы гана ачылса, кийин маалыматтык-библиографиялык, китеп топтоо бөлүмү, абонемент бөлүмдөрү ачылган.

2000-жылы Талас мамлекеттик университети болуп кайра түзүлгөндөн кийин илимий китепкана дагы кенейтилип, ар бир факультетте өзүнчө китепканаларды ачууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анын негизинде ар бир факультетте китепкананын филиалдары ачылды. Ал эми материалдык-техникалык базасы жылдан жылга кенейип, жакшырууда. Илимий китепкананын фонду азыркы учурда 51184 нусканы түзөт. Анын ичинен гуманитардык факультетте 25251, башкы административдик имараттын китепканасында 5776, табият таануу жана педагогика факультетинде 9000, технология-экономикалык факультетинде 11250 нуска окуу китептери бар. Окуу залдары электрондук китептер менен жабдылган.  Жылына жаңы чыгарылган окуу, окуу-усулдук китептердин комплекстүү программалары менен көмөкчү китептерди сатып алып турабыз.

ТалМУнун  профессордук-окутуучулар курамы тарабынан чыгарылган  окуу-усулдук эмгектер университеттин эсебинен чыгарылып, тиешелүү нускасы китепканага алынып турат. Азыркы күндө университеттин профессордук-окутуучулары тарабынан жазылган 30дан ашуун окуу куралдары, монографиялары жана 9186 окуу-усулдук колдонмолору студенттердин колдонуусуна берилген. 2014-жылы ИРБИС программасы алынып, аны ишке ашырууда  кабинеттер заманбап талаптарга ылайыкташтырылып компьютерлер, принтер жана сканерлер менен жабдылган. Электрондук каталогдон тышкары кошумча авторефераттардын жана диссертациялардын электрондук каталогу түзүлүүдө.

Азыркы мезгилде китепканада 7 кызматкер иштейт. Китепкана республикадагы жогорку окуу жайларынын илимий китепканалары менен тыгыз байланышта кызматташат. Мисалы, китепкана башчысы А.Дөнөнбаева 14-эл аралык «Ысык-Көл – 2014» аттуу китепканачылардын  конференциясына  «Талас мамлекеттик университетинин илимий китепканасынын билим берүү багытындагы ролу» деген баяндамасы менен катышып келген. 2015-жылдын май айында Кыргызтандагы жогорку окуу жайларынын китепканачыларынын «Общеобразовательные ресурсы – новые перспективы в вузах Кыргызстана» деген темадагы семинары ТалМУнун илимий китепканасынын базасында өткөрүлдү. 2016-жылдын 23-апрелинде С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин илимий китепканасынын кызматкерлери менен тажрыйба алмашуу максатындагы иш-чарасы болуп өттү. Ушул жылдын 19-21-апрелине чейин С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Китеп – достук көпүрөсү» аттуу фестивалга А.Дөнөнбаева катышып, тажрыйба алмашып келди.

Жыл сайын мезгилдүү басылмаларга жазылуу системалуу жүрүп турат. Учурда университетте окутулуучу бардык предметтер боюнча электрондук китепкана фонду түзүлүүдө.

2015-жылдын 11-декабрында Талас мамлекеттик  университе-тинин илимий китеп-канасына өмүрүнүн акырында ТалМУда эмгектенген философия илимдеринин кандидаты, белгилүү жазуучу Дайырбек Казакбаевдин ысымын ыйгаруу маселеси Окумуштуулар кенешинин чечими менен кабыл алынган. Д.Казакбаевдин  үй-бүлөсү тарабынан 1000ден ашуун баалуу китептер белекке берилди. Д. Казакбаевдин китептери өзүнчө бөлмөдө жайгаштырылып, китепкана фондунун тизмесине киргизилди. Ошондой эле китепканага түрдүү долбоорлордун эсебинен да көптөгөн китептер келет. Мындан тышкары илимий китепканада студенттердин китеп дүйнөсүнө, адабиятка, маданиятка болгон кызыгуусун ойготуу, арттыруу максатында ар түрдүү маданий иш-чаралар, тематикалык китеп көргөзмөлөрү, окурмандардын конференциялары,  кечелер өтүлүп турат. Китепканада иш-чара өткөрүүдө китепкана кызматкерлери менен кафедра окутуучулары тыгыз байланышта иш алып барат. Мисалга алсак, белгилүү инсанга арналган кечелер же 23-сентябрь – мамлекеттик тил күнүнө карата “Эне тилим-эне сүтүм” деген темада сахналаштырылган кечелер, “Өз эне тилибизди өгөйлөбөйлү” аттуу сынак-конкурстар университеттин деңгээлинде өткөзүлүп турат.

Кыскартып айтканда, Д.Казакбаев атындагы илимий китепкананын Талас мамлекеттик университетинин билим берүү, тарбия процесстеринде, келечектин жогорку билимдүү адистерин даярдоодогу кошкон салымы чоң десек жаңылышпайбыз.

Көргөзмө
22-сентябрь 2021-жыл

Прокрутить вверх