2025-жылдын 15-апрелинде ТалМУда “StartUp students-2025” сынагынын финалдык туру болуп өттү. Жалпысынан 26 стартап долбоор каралды. Комиссиянын курамына сырттан ишкерлер чакырылды.
Досалиев Т.М.- Талас облусундагы ишкерликти колдоо борборунун директору, Атагелдиев Урмат — “Хан–Бүргө” жоопкерчилиги чектелген коомдун директору, Акмат кызы Махабат – “Талас айымдары” коомдук бирикмесинин жетекчиси, Асейин уулу Азамат – “Манас эпосу” музейинин директору. Стартаптар азыркы учурда актуалдуу деп эсептелген маанилүү темаларды камтыды. Айрым студенттердин стартаптары бир нече идеяларды камтыган, практика жүзүндө колдонууга мүмкүн боло тургандыктарын […]