2025- жылдын 28-майында Талас мамлекеттик университетинде ”Аймактарды өнүктүрүүдөгү заманбап билим берүүнүн жана илимдин орду” аталышында эл аралык илимий- практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияны ТалМУнун ректору,техн. и.д, профессор Ж.С.Шаршембиев ачып, сөздү республиканын ЖОЖдорунан жана коңшулаш чет өлкөлөрдөн катышкан окумуштууларга берди. Конференция гибриддик оффлайн, онлайн форматында өттү. Пленардык отурумда : 1. Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович , Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору,п.и.д, профессор – “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын жаңы чакырыктары”. 2. Ногойбаев Мукамбет Дайырович, К.И.Скрябин […]