Имя автора: Tuna Jenishova

«Прокуратуранын укуктары: Жарандын конституциялык укуктарын коргоо»

Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100 жылдыгына карата Талас облустук прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору М.М .Маликов тарабынан «Жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын орду жана ролу» деген темада лекция окулду. Лекция абдан мазмундуу болуп, студенттердин кызыгуусун арттырып, суроолорду беришип, кызыктуу жоопторду ала алышты.

«Прокуратуранын укуктары: Жарандын конституциялык укуктарын коргоо» Читать дальше »

КУБАНЫЧТУУ КАБАР!

Президенттин Жарлыгына ылайык, Талас мамлекеттик университетине өзгөчө макам ыйгарылды. Бул деген эми ТМУ каржылык жана академиялык автономияга ээ болуп, өнүгүп өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр ачылат дегенди билдирет. -“Биздин облустагы жалгыз жогорку окуу жайдын өзгөчө макамга ээ болушу жакшы кабар, мүмкүнчүлүк жана албетте жоопкерчилик. Эми жигердүү иштеп, өзгөчө макамдын болгон пайдасын көрүү керек. Талас мамлекеттик университети өнүгүп,

КУБАНЫЧТУУ КАБАР! Читать дальше »

Эне тилим- эне сүтүм

14.10.2024. ТалМУнун технология-экономикалык факультетинин техникалык процесстердин технологиясы кафедрасында ИСТ-23 группасынын студенттери кыргыз тили кунуно карата даярдалган майрамдык жана тарбиялык иш чарасы өткөрүлдү. Аталган иш чарага Технология-экономикалык факультетинин деканы п.и.к. Курманалиева А.О. жана техникалык процесстердин технологиясы кафедрасынын жалпы жамааты жана студенттери катышышты.

Эне тилим- эне сүтүм Читать дальше »

2024-жылдын 3-октябрында Талас мамлекеттик университетинин Бизнес – инкубатору жана JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан уюшулган “Стартап бизнес” аталышындагы курс өтүлдү

Жолугушууда ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору техн.и.к., доцент Сурапов А.К, бизнес- инкубатордун директору Козубекова А.Т., Талас облусундагы ишкерликти колдоо борборунун директору Досалиев Т. М, бизнес консультанты Сулайманов Н.Н., финансылык кеңешчи Рысалиев Б. Т., жаратмандар менен иштөө боюнча менеджер Айтбекова А.А. катышышты. Жолугушуунун жыйынтыгында мыкты студенттер тандалып курска катышууга жолдомо алышты.

2024-жылдын 3-октябрында Талас мамлекеттик университетинин Бизнес – инкубатору жана JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан уюшулган “Стартап бизнес” аталышындагы курс өтүлдү Читать дальше »

“Эне тилди данктайлы”

Өзүнүн тарыхы, маданияты, үрп-адаты,салт-санаасы өңдүү улуттук баалуулуктарга ээ болгон Эгемен мамлекетибиздин мамлекеттик тил күнү белгиленип келе жатканына быйыл 35 жыл толуп олтурат . Үч айлыктын алкагында Талас мамлекеттик университетинде жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында ар кандай иш-чаралар уюштурулуп жүргүзүлүп жатат. Талас мамлекеттик университетинин алдындагы маалыматтык технологиялар багытындагы “Бектур агай”лицейинде “Эне тилди данктайлы” аталыштагы

“Эне тилди данктайлы” Читать дальше »

“Эр Солтоной-кыргыз элинин улуттук баатыры”

2024-жылдын 4-октябрында К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында “Эр Солтоной-кыргыз элинин улуттук баатыры” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияны Талас мамлекеттик университети жана “Жетиген-Карек” коомдук бирикмеси уюштурду. Конференциянын максаты: Эр Солтонойдун өмүрү жана саясий ишмердүүлүгүн кийинки жаш муундарга тереңирээк жайылтуу. Конференцияга КРнын Президентинин Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Расабекович Эдилов, Талас

“Эр Солтоной-кыргыз элинин улуттук баатыры” Читать дальше »

“Тил- улуттун жан дүйнөсү”

Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган “Тил- улуттун жан дүйнөсү” аталышында Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Салтанаттуу иш-чараны ТалМУнун ректору, профессор Ж.С.Шаршембиев ачып, жалпы катышуучуларды, конокторду бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Тилдин тарыхы-элдин тарыхы менен тыгыз байланышкан, ошондуктан жалпыбыз эне тилибиздин өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкондо гана кылымдар бою жашай

“Тил- улуттун жан дүйнөсү” Читать дальше »

ТАЛАСТА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНҮН УРМАТЫНА “ЭНЕ ТИЛИМ – СЫЙМЫГЫМ” АТТУУ ОБЛУСТУК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

23-сентябрь КР мамлекеттик тил күнүнүн урматына К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында “Эне тилим – сыймыгым” аттуу масштабдуу иш-чара өттү. Иш-чарага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, Талас район жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Турдубек Момоконов, Талас мамлекеттик университетинин окутуучулары, студенттер, мекеме-уюмдардын кызматкерлери,

ТАЛАСТА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНҮН УРМАТЫНА “ЭНЕ ТИЛИМ – СЫЙМЫГЫМ” АТТУУ ОБЛУСТУК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ Читать дальше »

Ак жолуң ачылсын бүтүрүүчү!

Бүгүн Талас мамлекеттик университетинде бүтүрүүчүлөргө арналган диплом тапшыруу аземи болуп өттү. Алгач куттуктоо сөз ТалМУнун ректору, тех.и.д, профессор Ж.С.Шаршембиевге берилди. Кечээги студент , бүгүнкү кесиптеш бутүрүүчүлөрдү ийгиликтүү бүтүп, дипломго ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, турмушка аттанган сапарлары байсалдуу болуп, иштерине чоң ийгиликтерди каалоо менен дипломдорун салтанаттуу түрдө тапшырды. Майрамдык маанай тартуулаган маданий программа тартууланды.

Ак жолуң ачылсын бүтүрүүчү! Читать дальше »

Улуттук тазалык күнү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ /305 Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025- жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө Жарлыгына ылайык, 2024-жылдын 14-сентябрындагы жалпы республикалык ишембиликке Талас мамлекеттик университетинин жалпы жамааты активдүү катышышты.Бөлүнгөн Талас дарыясынын жээктерин жана токойдун ичин таштандылардан тазалашты.

Улуттук тазалык күнү Читать дальше »

Прокрутить вверх