define('DISALLOW_FILE_MODS', true); Tuna Jenishova — Страница 6 — Талас Мамлекеттик университети

Имя автора: Tuna Jenishova

Улуттук тазалык күнү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ /305 Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025- жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө Жарлыгына ылайык, 2024-жылдын 14-сентябрындагы жалпы республикалык ишембиликке Талас мамлекеттик университетинин жалпы жамааты активдүү катышышты.Бөлүнгөн Талас дарыясынын жээктерин жана токойдун ичин таштандылардан тазалашты.

Улуттук тазалык күнү Читать далее »

“Билим гана адамды бийик жана эркин кылат”. Ч.Айтматов

Улуттук майрамыбыз менен удаа келген Билим күнү Талас мамлекеттик университетинде салтанаттуу белгиленди. Салтанатты окуу жайдын ректору Ж.С.Шаршембиев ачып, студенттерге жаңы окуу жылына жаңы дем, жаңы күч, жаңы жигер менен киришин, ал эми окутуучуларга кирип келген жаңы окуу жылы бардыгыбызга көптөгөн жагымдуу сезимдер менен жаңы таасирлерди калтырган ийгиликтин, өсүп-өнүгүүнүн жылы болсун, адамдын жүрөгүнө билимдин жарыгын жандырган,

“Билим гана адамды бийик жана эркин кылат”. Ч.Айтматов Читать далее »

2-cентябрь ТалМУнун “Бектур агай” маалыматтык-технологиялар лицейинде Билим күнү белгиленди.

Алгач куттуктоо сөздү ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев ачып , жалпы окуучуларга окуудагы ийгиликтерди каалады. Андан соң лицейдин директору А.М.Бутешова жаңы окуу жылынын башталышы, Билим күнү менен куттуктап, өткөн окуу жылындагы ийгиликтер менен бөлүштү. Ата-энелердин атынан К. Боромбаева суйлөп, окутуучуларга ыраазычылыгын билдирди. Соңунда биринчи коңгуроо кагылып, иш-чара маданий программа менен коштолуп жыйынтыкталды.

2-cентябрь ТалМУнун “Бектур агай” маалыматтык-технологиялар лицейинде Билим күнү белгиленди. Читать далее »

Талас мамлекеттик университетинде Кыргызпатент жана Конрад Аденауэр фонду тарабынан студенттерге «Региондордо стартап экосистемаларын өнүктүрүү» тренинги өткөрүлдү.

27-28-августта Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана Борбор Азиядагы Конрад Аденауэр атындагы фонд менен биргеликте студенттерге «Региондордо стартап экосистемаларын өнүктүрүү» аттуу тренинг өткөрүлдү. Бул тренингге Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордун директору Айдар Алымбеков, Борбор Азиядагы Конрад Аденауэр фондунун регионалдык өкүлү Андре Альгермиссен жана Талас мамлекеттик университетинин

Талас мамлекеттик университетинде Кыргызпатент жана Конрад Аденауэр фонду тарабынан студенттерге «Региондордо стартап экосистемаларын өнүктүрүү» тренинги өткөрүлдү. Читать далее »

Жайкы Корей лагерь

Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз-Корей элдеринин маданиятын жана тилин үйрөнүү боюнча жайкы лагери 12-14 августка чейин болуп, ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Жайкы Корей лагерь Читать далее »

Талас мамлекеттик университети Герцен атындагы Россия педагогикалык университети менен видеоконференция аркылуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

ТалМУнун ректору Жыргалбек Сабырбекович Талас мамлекеттик университети жөнүндө кенен маалымат берди. Ошондой эле РМПУнун Эл аралык иштер жана интернационалдаштыруу боюнча проректору Мерешкин Дмитрий Евгеньевич РМПУ жөнүндө маалымат берди. Эки тарап кызматташуу тууралуу суйлөшүүнүн негизинде академиялык мобилдүүлүк, долбоорлордо бирге иштөө ошондой эле магистратура жана аспирантура бөлүмдөрүнө студенттердин окууларын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. РМПУ тарап кызматташуу тууралуу эки

Талас мамлекеттик университети Герцен атындагы Россия педагогикалык университети менен видеоконференция аркылуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Читать далее »

ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ АКЫРКЫ ҮЛГҮДӨГҮ ЗАМАНБАП КОМПЬЮТЕР МЕНЕН ЖАБДЫЛГАН ДАГЫ БИР КОМПЬЮТЕРДИК КЛАСС АЧЫЛДЫ

Талас мамлекеттик университетинин ректору Ж.С. Шаршембиевдин планынын негизинде технология-экономикалык факультетинин IT-багытындагы жана Экономика багытындагы окуган студенттер үчүн акыркы заманбап үлгүдөгү 10 компьютер жана 2 ноутбук сатып алынып, дагы бир компьютердик класс ачылды. Атай кетсек, бул компьютердик класс, алдын ала атайын талапка жооп берүүчү ремонттон өткөрүлүп, студенттер үчүн заманбап үлгүдөгү компьютерлер менен жабдылган жаркыраган компьютердик класс

ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ АКЫРКЫ ҮЛГҮДӨГҮ ЗАМАНБАП КОМПЬЮТЕР МЕНЕН ЖАБДЫЛГАН ДАГЫ БИР КОМПЬЮТЕРДИК КЛАСС АЧЫЛДЫ Читать далее »

Прокрутить вверх