
DEFA – “Кыргызстандагы окуу жайларда финансылык автономияны өнүктүрүү”
Кыргызстанда жогорку билим берүү тармагында европалык стандарттарга ылайыктуу жогорку билим берүү реформалары жүргүзүлүүдө. Мында Болон процессин жана жогорку билим берүүнүн европалык сапат стандарттарын киргизүүгө өзгөчө басым жасалат. Учурда улуттук квалификациялык база иштелип чыккандыгына карабастан, каржылык башкаруу системалары жогорку окуу жайлардын көз карандысыздыгына жетишээрлик көмөк көрсөтпөй жатат. Финансылык көз карандысыздык аспектиси университеттин автономия системасында маанилүү орунду ээлейт.
Бул долбоор университеттин өз алдынча башкаруусунун жаңы системаларын пилоттук түрдө колдонууга жана кеңейтүүгө жана финансылык көз карандысыздыкты жогорулатууга арналган. Долбоор Кыргызстандын ЖОЖдорунун каржылык, экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатуунун мындан аркы перспективаларын изилдейт.
Долбоордун максаты:
ЖОЖдордун жана жооптуу министрликтердин ЖОЖ системасын модернизациялоо боюнча потенциалын жогорулатуу;
Экономиканын жана эмгек рыногунун глобалдашуусунун, климаттын жана демографиялык өзгөрүүлөрдүн шартында ЖОЖдордун финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн өз алдынчалыгын жогорулатуу;
Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана анын эмгек рыногу жана коом үчүн актуалдуулугун, ошондой эле университеттердин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн айкындуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
Партнерлор
КМТУ – И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (Кыргызстан, координатор),
Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети (Кыргызстан),
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети (Кыргызстан),
Ош Мамлекеттик Университети (Кыргызстан),
Талас Мамлекеттик Университети (Кыргызстан),
С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети (Кыргызстан),
Адам университети (Кыргызстан),
Эл аралык Медицина мектеби (Кыргызстан),
Ататүрк-Алатоо Эл аралык университети (Кыргызстан),
Юридикалык жактардын Ассоциациясы «Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Ассоциациясы» (Кыргызстан, Өнөктөш ассоциация)
КР Билим берүү жана илим министрлиги (Кыргызстан)
Otto-Von-Gericke-Universitaet Magdeburg (Германия)
CESIE (Италия),
UNIFI – Universita Degli Studi Di Firenze (Италия).


Kick-off meeting of the project DEFA


Study visit to Germany and Italy



Семинар по ESG


Workshop in Osh



Көндүмдөрдү өнүктүрүү борборунун ачылыш аземи И.Раззаков атындагы КМТУ

DEFA: “Кыргызстан университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде өткөн семинар.
Талас мамлекеттик университети DEFA: “Кыргызстан университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү” долбоорунда өнөктөш окуу жай катары иштеп жатат. Аталдган долбоордун мүчөлөрү А.нуралиева жанан Г.Чыныбаева 10.06.-12.06.2025 жылы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде семинарга катышып келди. Семинарда С.Нааматов атындагы НМУнун ректору, проф. Исабеков Тилек Асанакунович жана DEFA долбоорунун координатору Омуров Нурлан Кубатович саламдашуу сөзү менен кайрылышты.
Семинарга Европадан өнөктөш университеттердин өкүлдөрү: Отто фон Герике Магдебург университети (Германия), Флоренция университети (Италия) жана Европалык изилдөө жана демилге борбору (Италия) жана албетте Кыргызстандын өнөктөш университеттеринин өкүлдөрү: Дипломатиялык академия, КР ЭАУ, И.Раззаков атындагы КМТУ, Адам университети, ЭАМЖМ, Ала-Тоо ЭАУ, ОшМУ, К. Тыныстанов атындагы ЫМУ, ТалМУ, С.Нааматов атындагы НМУ катышты. Семинардын биринчи күнү европалык өнөктөштөр тарабынан мазмундуу баяндамалар менен башталды. Алар, Филипп Похленц жана Мирко Штекель (OVGU, Германия): «Ишеним менен көзөмөлдүн ортосунда баланс: өнөктөштүк мамилелерди кантип өнүктүрүүгө болот?» — бул сессия эффективдүү жана ачык өнөктөштүктү түзүү жолдорун талкуулады.
Eлена Гори (UNIFI, Италия): «Каржылык баяндама берүү: ишенимди жана катышуучулукту күчөтүүнүн комплекстүү карашы» — бул доклад финансы маалыматтарын стратегиялык коммуникация менен айкалыштыруу аркылуу кызыкдар тараптардын ишенимин арттыруу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.
Елена Мазай жана Фабио Зуккарелло (CESIE ETS, Италия): «Университеттердин каржылык автономиясы жана ЕС долбоорлорун башкаруу: байланыштар жана мүмкүнчүлүктөр» — бул сессия Erasmus+ сыяктуу Евробиримдик тарабынан каржыланган программалар университеттердин каржылык жана башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн кантип күчөтө аларын талкуулады. Андан киийн бардык окуу жайлар карджы маселелри боюнча презентация жасашты. 3 кундук семинар абдан мазмуундуу жана керектүү материалдарга бай семинар болду.






12 июндан 14 июнга чейин DEFA – “Кыргызстандагы окуу жайларда финансылык автономияны өнүктүрүү” аттуу долбоордун алкагында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин базасында өткөн семинарга Талас мамлекеттик университетиндеги DEFA долбоорунун жумушчу тобу катышты.
Бул долбоордун максаты – окуу жайларга ресурстарды мобилизациялоого, аны башкарууга жана коомдун жана рыноктун өзгөрүп жаткан керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү университеттердин финансылык автономиясынын ийкемдүү жана натыйжалуу моделин иштеп чыгуу болуп саналат. Аталган долбоордун катышуучулары семинардын жүрүшүндө долбоордун иш планына тиешелүү маселелерди талкуулашты. Долбоордо Германиянын Магдебург университети , Италиянын Флоренция Университети, Италиянын коомдук уюму ошондой эле Кыргызстандын окуу жайлары бар.









11 декабрда DEFA- Кыргызстандагы жогорку жайларда финансылык автономияны жогорулатуу долбоорунун алкагында Талас мамлекееттик университети Эл аралык Жогорку Медициналык мектеби менен бирдикте “Финансылык пландаштырууну ишке ашыруу. Жогорку окуу жайларда киреше булактарын диверсификациялоо” деген темада семинар уюштурду. Семинардын максаты: .Каржылык пландаштыруу ыкмаларын жана университеттер үчүн киреше булактарын диверсификациялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу. ТалМУнун ректору Шаршембиев Ж.С. семинарды ачып, катышуучуларга куттуктоо сөз айтты. Семинарга жогорку окуу жайларынын ректорлору, проректорлору, ДЕФА долбоорунуна катышкан окуу жайлардын жумушчу топтору катышышыты. ТалМУнун башкы бухгалтери Чыныбаева Г.Э жана Эл аралык жогорку медицина мектебинин башкы финансисти Стамалиев баяндама жасашты. Баяндамадан киийн кызыккан суроолорго жооп алынды. Ошондой эле окуу жайларды каржы булактрынын кенейтуунун жолдору жана каржылык пландаштыруу жөнүндө кенен талкуу болду. Семинарга ТалМУнун ДЕФА долбооруна катышкан жумушчу тобу катышышты.






Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция
«Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында финансы көз карандысыздыгын киргизүү тажрыйбасы: чакырыктар жана келечек» аттуу конференция
Бишкек, 12-13 март 2025-жыл – Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде болуп өттү .. Иш чарага ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев, башкы бухгалтер Г.Э. Чынвбаева ДЕФА долбоорунун ТалМУ боюнча координатору А.Т.Нуралиева катышып келди. Иш-чара Erasmus+ DEFA («Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында финансы көз карандысыздыгын өнүктүрүү») долбоорунун алкагында, Европейдик Союздун каржылоосу менен өттү.
Конференция учурунда университеттердин финансы башкаруусундагы компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган окуу курстары, практикалык семинарлар жана маданий программа менен өткөрүлдү.
Иш-чарага университеттердин өкүлдөрү жана жетекчилери, эл аралык эксперттер, ошондой эле Кыргызстандагы университеттердин жана долбоордун европалык өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү катышты.
DEFA долбоору Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында туруктуу жана натыйжалуу финансы көз карандысыздыгын өнүктүрүүгө, университеттердин башкаруучулук жана финансы көз карандысыздыгын жогорулатууга, ошондой эле өлкөнүн жогорку билим берүү системасына заманбап эл аралык практикаларды киргизүүгө багытталган. Конференциянын программасына ылайык өнөктөштөр жасалган иштери тууралуу отчёт берилди. Ошондой эле мастер класстар жана тренингдер болуп өттү.








