Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5775

ТалМУга сыйлык ыйгарылды! Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Билим берүү чөйрөсүндөгү сапаттын кепилдиги боюнча “EdNet” агенттиги биргелешип уюштурган иш-чарада Талас мамлекеттик университетине “Региондун туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн” номинациясы боюнча атайын сыйлык сертификаты ыйгарылды. Сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи Бишкек шаарында “Innova” конференц-холунда өтүп, ага ТалМУдан окуу бөлүмүнүн башчысы Д.Д.Куттубаева катышты. “EdNet” аккредитациялык агенттиги тарабынан жогорку билим берүү системасындагы улуттук эң мыкты тажрыйбаларды аныктап жайылтуу максатында аккредитациялык иш-чаралар жыл бою жүргүзүлөт жана “Өнүгүүгө жол” сапат премиясынын негизги максаты билим берүүдөгү сапат маданияты концепциясын өнүктүрүү жана калыптандыруу болуп саналат. Бул сыйлык ТалМУнун жалпы эмгек жамаатынын эмгеги жана сыймыгы! ______________________________________ На мероприятии, организованном Министерством образования и науки Кыргызской Республики и Агентством по гарантии качества в сфере образования “EdNet”, Таласскому государственному университету вручено сертификат награды в специальной номинации “За вклад в устойчивое развитие региона”. Церемония награждения прошла в Бишкеке в конференц-холле “Innova”, и в нем приняла участие начальник учебной части ТалГУ Д.Д.Куттубаева. Агентством по гарантии качества в сфере образования “EdNet” на постоянной основе в течение года проводятся по выявлению лучших практик в национальной системе качества высшего образования, и основной целью Премии качества “Путь к развитию” является продвижение и формирование концепции культуры качества в образовании. Эта награда – труд и гордость всего коллектива ТалГУ!

By

Leave a Reply

Your email address will not be published.