Warning: The magic method Gallery_Img::__wakeup() must have public visibility in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-content/plugins/gallery-images/gallery-images.php on line 97
3-март Кыргыз Республикасынын Туу күнү. – Talas state university
Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5768

Байрагыбыз түбөлүк желбирей берсин!Жыл сайын 3-март Кыргыз Республикасынын Туу күнү катары республикабызда белгиленип келет. Улуу күндү утурлай Талас мамлекеттик университетинде да Кыргыз Республикасынын Туу күнүнүн 30 жылдыгына карата Туу күнү өткөрүлдү. Иш-чарага окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышышты. Алгач ТалМунун ректору А.Ш.Упенов куттуктоо сөзүн сүйлөп, иш-чараны ачык деп жарыялады. Мамлекеттик гимн ойнолуп, андан соң гуманитардык факультетинин деканы Ж.К.Абдиева,студенттик парламенттин президенти Ж.Токтосунова куттукташып, майрам маданий программалар менен коштолду. Бул күнгө карата ТалМунун структуралык бөлүмдөрүндө кураторлук сааттар, тегерек столдор өткөрүлүп , флешмобдор тартылды. Өткөрүлгөн иш-чараны ТТП факультети уюштурушса,гуманитардык факультетинин окутуучулары т.и.к.доценттер А.С.Усубалиева, Э.К.Кулова тегерек стол өткөрүшүп, чебер класстарды уюштурушту. Уюштурулуп жаткан иштер жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published.