Бүгүн, 11-ноябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу жана министрликтин Илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн “Билим берүүдөгү илимий инновациялык тенденциялар” аталышындагы илимий-практикалык конференцияга жана көргөзмөгө катышты.

Алгач министрдин орун басары жогорку окуу жайлардын илимий жаңылыктарын чагылдырган көргөзмө менен таанышып, сентябрь айында жогорку окуу жайларында ачылган бизнес-инкубаторлор өз жемишин бере баштаганын белгиледи.

“Башында “бизнес-инкубатор” стартаптарды ачканда кандай болот болду экен деп кооптондук эле. Бирок бүгүн бизде потенциал бар экендигин көрүп турам. Алардын бири катары Баткен мамлекеттик университетинин студенттик стартаптарынын алкагында жасалган илимий иштелмелер көз кубантты. Мисалы, абадан сууну айлантып алуу же жергиликтүү мөмө-жемиштерди кайра иштетип чыгуу аракеттери.

Ошондой эле Борбордук Азиядагы Америка университетинин экологиялык иштелмелери. Биздин жаштарыбыздын коркпостон илимге кадам таштап, жигердүү иштерди аткарганга толук кандуу негиз бар экен”, — деди Расул Авазбек уулу.

Ал эми министрдин орун басары “Билим берүүдөгү илимий инновациялык тенденциялар” аталышындагы илимий-практикалык конференциянын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө дүйнөлүк эң улуу университеттери тек гана билим берүү уюмдары эмес, эң алдыңкы фундаменталдык жана колдонмо илим борборлору экендиги айтты.

“Жогорку окуу жайларында 4.0. концепциясын ишке ашыруу зарыл. Ал үчүн биз иш-аракеттерди жасап жатабыз. Мисалы, 5 жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилди. Университеттер билим эле бербестен, билим менен чогуу илим болушу керек. Илим инновацияны алып келип, ал өндүрүшкө айланышы зарыл. Демек, өзгөчө макамга ээ болгон жогорку окуу жайларда өзгөчө жоопкерчилик бар”. – деп билдирди Расул Авазбек уулу .

Илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышкан тегерек столдо “Кыргызстандагы университет 4.0 жараянынын азыркы абалы жана келечеги”, “Билим берүүдөгү илимий инновациялык тренддер” темалары талкууланды.

Мындан сырткары Расул Авазбек уулу жылдын татыктууларын Билим берүү жана илим министрлигинин “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен сыйлады.

Алар:

Айгүл Дюшембиева — И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, ф.и.к.,

Маматкан Чоров — И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Биология жана химия факультетинин деканы,

Чолпон Найманова — Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин Батыш тилдери бөлүмүнүн башчысы,

Жылдызбек Туркманов — К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Журналистика жана маалыматтык тармактар факультетинин Математика жана информатика кафедрасынын башчысы, ф.м.и.к., доцент,

Адилбек Жантаев — С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Илим жана өнүктүрүү боюнча проректору, ф.и.д.

Самат Жумалиев — Талас мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу

****************************

МИНИСТЕРСТВО ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ НАГРАДИЛО ОТЛИЧНИКОВ НАУКИ

Сегодня, — 11 ноября, заместитель министра образования и науки Расул Абазбек уулу и начальник отдела науки министерства Жылдызбек Жакшылыков приняли участие в научно-практической конференции на тему «Научные инновационные тенденции в образовании» в Кыргызском государственном университете им. И. Арабаева.

Сначала заместитель министра ознакомился с экспозицией научных достижений вузов, и отметил, что открытые в сентябре бизнес-инкубаторы университетов начали приносить свои плоды.

«Сначала мы переживали, что как бизнес-инкубаторы запустят стартапы. Но сегодня я вижу, что у нас есть потенциал. Порадовали глаз научные разработки, выполненные в рамках студенческих стартапов Баткенского государственного университета, как усилия по выделению воды из воздуха или переработке местных фруктов и овощей.

Также экологические разработки Американского Университета в Центральной Азии. У нашей молодежи есть полноценная основа для активной работы и вступления в науку без страха», — сказал Расул Авазбек уулу.

Заместитель министра на открытии научно-практической конференции отметил, что крупнейшие университеты мира являются не только образовательными организациями, но и самыми передовыми центрами фундаментальной и прикладной науки.

«Необходимо реализовать в вузах концепцию Университет 4.0. Мы предпринимаем меры для этого. Например, 5 вузов получили особый статус. Университеты должны не только передавать знания, образование должно воссоединиться с наукой. Наука должна нести инновации, и они должны воплотиться в производстве. Поэтому у высших учебных заведений с особым статусом есть особая ответственность», — сказал Расул Авазбек уулу.

На круглом столе представители научного сообщества обсудили темы «Современное состояние и будущее процесса Университет 4.0 в Кыргызстане», «Научно-инновационные тренды в образовании».

Кроме того, Расул Авазбек уулу наградил выдающихся деятелей года нагрудным знаком Министерства образования и науки «Илимдин мыктысы»:

Айгуль Дюшембиева — директор Института государственного языка и культуры Кыргызского государственного университета им. И. Арабаева, к.ф.н.,

Маматкан Чоров – декан биолого-химического факультета Кыргызского государственного университета им. И.Арабаева,

Чолпон Найманова – заведующая кафедрой западных языков гуманитарного факультета Кыргызско-Турецкого университета «Манас»,

Жылдызбек Туркманов – заведующий кафедрой математики и информатики факультета журналистики и информационных сетей Бишкекского государственного университета им. К. Карасаева, доцент,

Адилбек Жантаев — проректор по науке и развитию Нарынского государственного университета им. С. Нааматова, д.ф.н.

Самат Жумалиев — и.о. ректора Таласского государственного университета

от

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.