ТалМУнун гуманитардык факультетинин Америка ордосунда «Өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу жана психологиялык абалдары» деген темада тегерек стол болуп өттү. Талкууга Талас мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору К.Т.Жунусалиева, Талас шаарынын вице-мэри М.Э.Сейдикеримова, Бакай-Ата районунун Б.Сатыбековатындагы орто мектебинин директору Н. Б.Сатыбеков,мектептин тарыхчы,психолог мугалимдери, гуманитардык факультетинин профессордук-окутуучулар жамааты жана Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Б.А.Аалиев катышышты.Иш-чаранын негизги максаты : өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу.Студенттер тарабынан слайддар даярдалып,презентациялар көрсөтүлдү.Өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугунун пайда болушу, өспүрүм курактагы өткөөл мезгилдеги журум-турум эрежелери туурасындагы маселелердин тегерегинде суроо-жооп иретинде кызуу талкуу өттү.Жыйынтыгында, адепсиздик кылмышка , кылмыш жазага алып келе тургандыгын белгиледи. Иш-чараны уюштурган Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын окутуучусу психолог К.Туткучбаевага ыраазычылык билдиребиз.










