Маалыматтык технологиялар багытындагы лицейи

15-сентябрь лицейдин ачылыш аземине администрация толугу менен катышып, алгач сөздү ТалМУнун ректору Айбек Шерипбекович балдарга ак жол каалап, келечекте мыкты программисттердин тобу мамлекетибизге салымын кошуп, мыкты адистер чыгаарына ишенээрин белгилеп өттү. Ар бир сөзгө чыккан жетекчилер окуучуларга жакшы тилектерин билдиришти.

Лицейдин мугалимдер жамаатында университеттин алдыңкы мугалимдери сабак беришет: Алгебра – Стамалиева К., Информатика – Керимбай уулу М., Физика – Норзалиева Г., Химия – Бешкемпирова В., Орус тили – Дуйшеева Г., Орус адабияты – Акматова К., Англис тили – Казыбаева Н., География – Козубекова А. Жалпысынан лицейдин жетекчилигин кошкондо 14 мугалим эмгектенет.

Усулдук бирикмелер түзүлүп, алардын жетекчилери төмөндөгүдөй дайындалды:

•Гуманитардык усулдук бирикме, жетекчиси Секимова К.

•Так илимдер усулдук бирикмеси, жетекчи Керимбай уулу М

•Табигый усулдук бирикме, жетекчиси – Козубекова А.

•Дүйнөлүк тилдер бирикмеси, жетекчи – Казыбаева Н

•Эстетикалык усулдук бирикме, жетекчи – Давлеталиева 

Мамлекттик тил күнүнө карата 23-сентябрда 8-9-класстардын өз алдынча даярдаган “Эне тилим – эне сүтүм” деген аталыштагы  иш чарага лицейдин кыргыз тилчи мугалими  Күмүшкан Секимова жана лицейдин жетекчилиги катышты.

1-октябрда лицейдин 8-9-класстарынын окуучулары Карылар күнүнө карата флешмоб уюштурушту. Негизги максаты, көчөдөгү кары адамдарга жылуу мамиле жана жагымдуу маанай тартуулоо эле. Ар бир кары адам окуучуларга кең келечек, окууларындагы ийгилик каалап, алкап, бата беришти.

9-октябрда 9-класстын окуучуларынын демилгеси менен “Манас” эпосу боюнча 8-класстардын деңгээлин аныктоо максатында, “Манас таануу” интеллектуалдык оюн уюштурду.

12-октябрдан тарта “Энелер мектеби” өз ишин баштады. Мындагы негизги максат: ата-энелердин бала тарбиялоодогу жаш өзгөчөлүгүн кароосу, балдары менен баарлашуунун натыжалуулугун арттыруусу, бош убактысын туура колдонуусу, лицей менен тыгыз байланышта болуп, баланын кызыгуусуна көңүл буруусу, психологиялык абалдарды аныктоо менен конфликтерди чечүүнүн натыйжалуулугун арттыруунун эффективдүүлүгүн семинар-тренинг аркылуу жеткирүү. Семинар-тренингге активдүү катышкан энелерге окуу жылынын аягында сертификат берүү каралган.

Окуучуларга “Күзгү бал” кечеси уюштурулуп, окуучулар мөмө-жемиштерди дасторконго кооздоп коюу конкурсун жарыялашты. Күзгү мода көрсөтүлдү жана ар кандай кызыктуу оюндар, бийлер менен коштолду.

Информатика сабагынан 10-ноябрда усулдук бирикменин жетекчиси Керимбай уулу Максат  9-класска “Python тилинде геометриялык фигураларды коддоо” деген темада ачык сабак өттү. Окуучулар компьютерди колдонууну гана өздөштүрбөстөн эсеп чыгарып, геометриялык фигураларды түзүп, программалоо системасына өтө баштаган. Окуучулардын теманы өздөштүрүүсү Kahoot программасы менен жыйынтыкталып, ачык бааланды.

Алгебра сабагынын мугалими Калымкан Стамалиева 18-ноябрда  8-класска “Барабарсыздыктарды чыгаруу” деген аталыштагы интерактивдүү ыкмалар менен жабдылган сабагында окуучулар абдан активдүү катышып, тездик жана тактык менен иштешти. Класстан тышкаркы “Кызыктуу математика” сабагы 23-ноябрда 8-9-класска сахналаштыруу , кызыктуу фактылар, “кимге окшош” оюндары менен коштолуп, активдүү катышкан окуучулар мугалим даярдаган кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болду.

Лицейдин окуучулары 3-декабрда “Теңир колдо” реаблитациялык борбордун тарбиялануучуларына  “Чоң эненин көмөчү” аттуу жомок тартуулашты. Мындан тышкары, окуучулар өз колдору менен жасаган браслеттерин балдардын колдоруна тагып, таттуу суусундуктары менен кондитердик азыктарын тапшырып келишти. Окуучулардын бул кадамдары коомдогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо менен, кубаныч тартуулоо менен ырахат алууну өздөштүрүүнү билүү эле.

28-январда Б.Исаков менен ТалМУнун окутуучулары, студенттери жана лицейдин окуучуларынын жолугушуусунда лицейдин окуучулары  Бектур Исаковдун балалык кезинен үч көрүнүштүү инценировка аткарышты. Мындан тышкары, Күрөңбаев Амир “Китеп окуу” деген ырды көркөм окуп, Буракбаева Татына, Сарыгулова Аяна Бектур агайга өздөрү чыгарган ырларын көркөм окуп, белек кылышты.

Орус адабиятынын мугалими Акматова Канышай 18-февралда Михаил Лермонтовдун “Мцыри” поэмасын интерактивдүү ыкмалар менен жогорку деңгээлде өттү. Класстан тышкаркы сабагына (Литературный вечер) “Адабий кече” уюштуруп, окуучулар ырларды көркөм айтып, драмалардан үзүндү аткаруу менен искусство жаатында өздөрүн көргөзүштү.

26-февралда Казыбаева Нурзат 9-класска 26-февралда “Mr Duffy s  workshop” деген сабагын эң жогорку деңгээлде өтүп, окуучулар англис тилинде эркин оюн билдирип калышканын далилдешти. 28-февралда класстан тышкаркы “My Motherland is Kyrgyzstan” деген аталыштагы сабагында 8-9-класстын окуучулары Кыргызстан жөнүндө ырларын көркөм окуп, жазган эсселери менен бөлүшүштү.

Табигый усулдук бирикмесинин айлыгынын пландары бекилип, георафия сабагынан 12-мартта Козубекова Алмаш 8-класстын балдары жана кыздарынын ортосунда “ГеоКВН” өтүп, балдар жеңишке жетишти. 19-мартта 9-класска “Туризм” аталышындагы интерактивдүү сабагын жогорку деңгээлде өтүп берди.

Республикалык олимпиаданын жергиликтүү этабынын аймактык (зоналык) жүрүшүндө 7 окуучу катышып, алардын бирөө, тарых сабагынан Болотбеков Бекболсун райондук олимпиадага жолдомо алды. 13-14-январда жакшы упайга ээ болуп, бирок, облустук турга өткөн жок. Белгилей кетчү нерсе, окуучулар 8-9-класстар болсо, башка лицейлерден 10-11-класстар катышып, “Бектур агай” лицейинин окуучулары эң кенже катышуучулардан болушту.

Прокрутить вверх