[spoiler style=’blue’ title=’Кафедра жөнүндө’ ]

Конокбаев Рыспай Турдугулович
кафедранын башчысы, тарых илимдеринин
кандидаты, доцент
Тарых кафедрасы 2000-жылы гуманитардык факультетинин курамында уюшулган жана адистерди чыгаруучу негизги кафедра болуп эсептелет.
Кафедра буга чейин мезгил талабына ылайык адистерди даярдап келген. 2012-жылдан баштап аталган багыт боюнча бакалавр программасы менен адистерди даярдай баштаган. Азыркы учурда тарыхый-фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тарых илиминин теориясын, методологиясын өздөштүрүүгө багытталган академиялык билимдерди берет.

Кафедранын материалдык-техникалык базасында тарых адистигине ылайыктуу 3 аудитория жана керектүү жабдуулар менен жабдылган “К. Кеңешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музей” бар. Аталган музейде практикалык жана семинардык сабактар өткөрүлөт. Окуу процессинин графигине ылайык студенттер алган теориялык билимдерин тереңдетүү максатында археологиялык-этнографиялык, архивдик-музей жана адаптациялык, кесиптик-базалык, кесиптик-профилдик практикалардан өтүп турушат.
Кафедрада профессордук-окутуучулар жамааты жалпы саны – 16. Алардын ичинде: 8 илимдин кандидаты, 3 доцент, 4 доценттин милдетин аткаруучу, 2 билим берүүнүн мыктысы (М.М.Жусупова, Ж.К.Абдиева), 3 ага окутуучу (Т.К.Көкөев, Сатаева С.Т. Чекиров К.А.), 4 окутуучу (Кулушова Н.К., Нуралива С.Б., Сыдыкова Г.С., Бейшекеев Т.К. ) эмгектенет. Кафедранын илимий сапаттык көрсөткүчүнүн пайыздык катышы 50%ти түзөт.
Акыркы беш жылдын ичиндеги илим-изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча кафедранын окутуучулары тарабынан 4 монография, 37 окуу-методикалык көрсөтмө жана 80 илимий макала жарык көргөн. Кафедра жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча КР УИА, Кыргыз Республикасынын Президенттинин аппараты алдындагы “Мурас” фондусу, И.Арабаев атындагы КМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, К.Карасаев атындагы БГУ, С.Нааматов атындагы НМУ, М.С.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, БатМУ, КЭР Шинжан университети, Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплекси менен тыгыз байланышта иш алып барат.
[/spoiler]
[spoiler style=’blue’ title=’Кафедранын курамы’ ]
Тарых жана кооомдук илимдер кафедрасынын курамы
к/№ | Ф.А.А. | ээлеген кызмат орду | резюме | илимий эмгектердин тизмеси |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Конокбаев Рыспай Турдугулович | зав. кафедрой, доцент, к.и.н. | КОНОКБАЕВ РЕЗЮМЕ.doc | Конокбаев Р.Т.. научный трудов 24.02.2020.doc | |
Абдиева Жылдызкан Канатбековна | доцент, к.и.н. | АБДИЕВА Ж,К, РЕЗЮМЕ_2020_ГФ (1).pdf | — | |
Жусупова Моймол Молдобековна | доцент, к.и.н. | + | + | |
Калманбетов Манасбек Мырзабекович | доцент, к.филос.н. | — | — | |
Усубалиева Айнура Садановна | доцент, к.и.н. | Резюме. Усубалиева Айнура Садановна 2020 (1).docx | Усубалиева А.С. научный трудов 24.02.2020.docx | |
Кулова Элнура Кемелбековна | ст.препод. к.и.н. | резюме Кулова туурасы.pdf | Список_трудовjany formaКУЛОВА.docx | |
Сатаева Салтанат Төлөгөновна | ст.препод. | — | — | |
Кокоев Теңдик Кайнарбекович | ст. препод. | Резюме-2020 Кокоев Теңдик Кайнарбекович.doc | — | |
Туткучбаева Каныкей Абдыжапаровна |
препод.
| — | — | |
Чекиров Козубек Абдыкулович | ст. препод. | — | — | |
Бейшекеев Теңирберди Кайдиевич | препод. | — | — | |
Кулушева Назгул Качановна | препод. | резюме_Кулушева Н.docx | Таблица Список научных трудов_Кулушева Н.К.doc | |
Турсалиева Гуля Жакыпбековна |
доцент,
к.соц.н.
| резюме-Турсалиевой-Г.Ж.-разблокирован-конвертирован.pdf | Список научных трудов Турсалиевой Г.Ж..doc | |
| Кудабаева Гулира Байдылдаевана | доцент, к.филос.н. ДЦ№001593 25.11.10 | — | — |
| Сыдыкова Гулжан Сатыбаевна |
препод.
| — | — |
|
Нуралиева
Самара Байбековна
|
препод.
| Нуралиева С.Б. резюме.docx | — |
[/spoiler]
[spoiler style=’blue’ title=’Мамлекеттик стандарт’ ]
Мамлекеттик стандарт[/spoiler]
[spoiler style=’blue’ title=’Окуу пландары’ ]
[/spoiler]
[spoiler style=’blue’ title=’Негизги кесиптик билим берүү программасы’ ]
[/spoiler]
[spoiler style=’blue’ title=’Тарых музейи’ ]
Талас мамлекеттик университетинин базасындагы
Канат Кеңешбеков атындагы археологиялык-этнографиялык
музейдин тарыхы
Канат Кеңешбеков атындагы археологиялык-этнографиялык музей Талас мамлекеттик университетинин 2016-жылы 20 жылдык мааракесине арналып негизделген. Музей окуу жайдын илимий, маданий жана агартуу чакан борбору болуп эсептелет.
Музейдин ысымы өзүнүн өсүп-өнүгүү тарыхында эки ирет өзгөргөн:
- 2016-2020-жылдарда Музей-кабинет
- 2020-жылдан баштап Канат Кеңешбеков атындагы археологиялык-этнографиялык музей.(Эскерте кетсек, музей кайрадан т.и.к, доцент Канат Аманович Кеңешбековдун элесине арналып өзгөртүлдү. Себеби Канат Аманович Кеңешбеков окуу жайдын илимий потенциалынын өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошкон окумуштуу болгон. Жаш окумуштууларга мыкты насаатчы эле. Талас облусунунун тарыхына, кыргыз-немис байланыштарын изилдөөгө өзгөчө кошкон салымы үчүн ысмы ыйгарылган)
Канат Кеңешбеков атындагы археологиялык-этнографиялык музей эки бөлүмдөн турат:
1. ТалМУнун 20 жылдык тарыхы
2. Талас өрөөнүндөгү археологиялык-этнографиялык буюмдар.
Уюштуруучулар: гуманитардык факультетинин деканы, т.и.к, доцент Абдиева Жылдызкан Канатбековна, т.и.к, доцент Жусупова Моймол Молдобековна, Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинин “Манас эпосу” музейини директору Жунушалиев Асан Самудилович жана тарыхчы-окутуучу Бекмуратова Динара Замировна.
Учурдагы жооптуу кызматкерлер: т.и.к, доцент Жусупова Моймол Молдобековна, тарыхчы-окутуучу Бекмуратова Динара Замировна.
Аталган музейде Талас өрөнүндөгү илимий негиздеги археологиялык — этнографиялык буюмдардын жана окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуп кеткен жана кошуп келе жатышкан профессордук-окутуучулар жамаатынын өздүк документтерин жыйнап-топтоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп келет.
Музейде облусубуздун, окуу жайдын инсандары жөнүндөгү материалдар, алардын өздүк буюмдары, документтери, сыйлыктары сакталып турат. Учурда музейге окутуучулар, студенттер тарабынан ар кандай тарыхый буюмдар тапшырылып, толукталып келет.
Өзгөчө табылга 2020-жылынын 18-март күнү Манас районндагы Кара-Арчадан табылган 4 даана кумура болуп эсептелет. Тактап айтканда, айыл тургуну Термечик уулу Бактыбектин чарбагынан таза суу чыгаруу үчүн арык казып жатып, 4 даана чоподон жасалган кумура таап алган. Жаңы табылга дагы окуу жайдын музейине жайгаштырылды.
[/spoiler]