Экономика жана менеджмент кафедрасы


КАФЕДРА ЖӨНҮНДӨ

Экономика жана менеджмент кафедрасы Талас мамлекеттик университетинин Технология-экономикалык факультетинин окуу, окуу-методикалык жана илимий-изилдөө ишин жүзөгө ашыруучу түзүмдүк окуу-методикалык жана илимий бөлүмү болуп эсептелет.

 Экономика жана менеджмент  кафедрасынын иши билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайы катары университеттин кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган.

Экономика жана менеджмент кафедрасынын максаты жана милдеттери

Кафедранын максаты:

Өлкөнүн   экономикасына керектүү экономика багытындагы кесипкөй, атаандаштыкка жөндөмдүү бакалаврларды   даярдоо.

 Кафедранын милдеттери:

  • окуу жана илимий-методикалык иштерди жогорку деңгээлде уюштуруу жана ишке ашыруу;
  • илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү,
  • профессордук-окутуучулук курамдын окуу-методикалык ишмердүүлүгүн өркүндөтүү;
  • окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу;
  • тарбиялык иштерди жүргүзүү.

“Экономика жана менеджмент” багытындагы адистерди даярдап чыгарган кафедра 2007-жылы ТалМУнун окумуштуулар кенешинин чечими менен түзүлгөн.

Азыркы учурда экономика жана менеджмент кафедрасы жогорку кесиптик билим берүү стандарты боюнча төмөнкү багыттар боюнча даярдоону жүргүзөт.2012-жылдан тартып 580100 – “Экономика” багытындагы бакалаврларды төмөнкү профильдерде даярдайт:

  • ишкананын экономикасы жана башкаруу
  • бухгалтердик эсеп,анализ жана аудит

Ошондой эле 580200 «Менеджмент» адистиги боюнча да адистерди  окутуп, даярдайт. Күндүзгү окуу формасында бардык багыттар боюнча бакалаврды даярдоонун билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү – 4 жыл.

Экономика жана менеджмент кафедрасынын сапаттык курамы  окутуучулардын 46%  түзөт. Алар: э.и.к.,доцент А.Б.Барпыбеков, э.и.к.,доцент А.Б.Барпыбеков, И.А.Рыскулбеков, э.и.к.,доцент Калманбетова Б.Б;сая.и.к, доцент А.К.Укуева;соц.и.к.,доцент Турсалиева Г.Ж., ага окутуучулар: Ж.Э.Омурканова; Э.Ж.Мамадалиев,Т.Т.Ташманбетов, М.К. Дуйшебаева , окутуучулар: З.Б.Сонколова, Э.М.Арыкбаева.

Ошондой эле «Экономика жана менеджмент” кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы өздөрүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын (докторантура, аспирантура, изденүүчүлүк ж.б.) түрдүү семинар, тренингдерге катышуу менен жогорулатуунун үстүндө иштешет.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                   

Кафедра “2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу шарттарында Талас облусунун экономикалык потенциалын жана калктын жашоо деңгээлин жакшыртуунун натыйжалуулугун жогорулатуу” аттуу комплекстүү долбооруна кошулган.

2017-2020-жылдарында кафедра “Өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүктүрүү шартында Талас облусунун өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүү жана божомолун баалоо ”(жетекчиси  э.и.к., доцент И.А.Рыскулбеков) аттуу комплекстүү долбооруна кошулуп иш  алып барып жатат.

Экономика адистиги  боюнча  бакалаврларды  окутуу үчүн Талас мамлекеттик университетинин Технология-экономикалык факультетинин китепканасында зарыл болгон окуу китептерди жана окуу-методикалык колдонмолорду камтыган 40 орундуу окуу залы жана жетиштүү билим алуусуна ылайыкталган заманбап компьютерлер менен жабдылган  компьютердик аудитория   менен камсыздалган.

Аталган кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы сабактарды усулдук жактан жетиштүү деңгээлде камсыз кылууга олуттуу көңүл бөлөт. Бардык окулуп жаткан предметтер  боюнча зарыл болгон окуу-методикалык көрсөтмөлөр  иштелип чыгып, лекциялардын электрондук варианттары түзүлгөн.

Экономика жана менеджмент кафедрасынын Талас облусунун көптөгөн ишканалары жана башкармалыктары менен жөнгө салынган байланыштар бар: стат башкармалыгы, салык башкармалыгы, соцфонд башкармалыгы,“РСК-Банк” ААК,“Кыргызстан”ААК, “Аманбанк”ААК, Оптима Банк ААК, Кыргыз инвестициялык сактык банкы жана алардын райондук филиалдары, сактык кассалары, “Бай-Түшүм”ЖАК, “Финка”ЖАК,  , Талас шаарынын салык башкармалыгы, “Талас  Сүт” ЖАК жана “Талас Даамы” ЖЧК ж.б. Ошондой эле Талас облусунун көптөгөн айыл өкмөттөрүндө кафедрага тиешелүү адистиктердин бүтүрүүчүлөрү дипломдук практикалардан өтүп, андан кийинки жумуш ордуларын ушул мекеме-уюмдардан табышууда. б.а. экономика адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу көрсөткүчү салыштырмалуу бийик. Бул окутуунун сапатынын жана кафедранын ишмердүүлүгүнүн жакшы көрсөткүчү болуп саналат.

Ошондой эле кафедра тарабынан иш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуулары системалуу түрдө уюштурулуп, ал окуу жайдан тышкары форматта да ишке ашырылып турушат. Иш берүүчүлөрдү сурамжылоо жүргүзүлүп, студенттер менен жумуш берүүчүлөр ортосунда жолугушуулар үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Келечекте кафедранын материалдык-техникалык базасын, окутуунун билим сапатын, профессордук-окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчүн эл аралык билим берүүнүн деңгээлине жеткирүү максаты алдыга коюлуп,  учурда ушул багыттагы иштер жүргүзүлүп жаткан учуру.

Адрес:

724200  Кыргыз Республикасы, Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 40,

Технология-экономикалык  факультети,

 I этаж,  6 окуу корпусу , каб.  104

Телефон: +996(3422) 5–21–61

Кафедранын иш планы

Окутуучулар

Окуу пландары

ООП ЭКОНОМИКА

ОКУТУУЧУЛАРДЫН  ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

Экономика жана менеджмент  кафедрасынын илимий-изилдөө  ишмердүүлүгүнүн багыты Талас облусунун  социалдык-экономикалык потенциалын  жогоруулатууга багытталган.

Экономика жана менеджмент  кафедрасынын илимий-изилдөө  ишмердүүлүгүнүн негизги милдеттери:

  • профессордук-окутуучулук жамаатынын илимий ишмердүүлүгүн жогорулатуу;
  • монография, илимий макалалардын жыйнактарын жана окуу куралдарын илимий-изилдөө иштердин тематикасы боюнча басып чыгаруу;
  • диссертацияларды коргоо;
  • кафедранын жаш окумуштууларын  илимий-изилдөө долбоорлорго кошо тартуу.

Эске салсак, негизинен алганда окутуучулардын илимий-изилдөө иштеринин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат::

— фундаменталдык жана колдонмо илимдер жаатындагы актуалдуу көйгөйлөрдү изилдөө;

— келечектеги адистерди окутуу жана тарбиялоо менен байланышкан кыйла актуалдуу проблемаларды чечүүнүн конкреттүү жолдорун издөө;

— ЖОЖдук практикага жана ишканалар менен уюмдардын өндүрүштүк процессине изилдөөлөрдүн натыйжаларын киргизүү;

— профессордук-окутуучулук кадрлардын илимий квалификациясын жогорулатуу;

— калк арасында илимий билимдерди пропагандалоо;

— университеттин КР Жогорку окуу жайлары жана алдыңкы илимий борборлору менен байланышын бекемдөө;

Экономика жана менеджмент кафедрасынын  профессордук-окутуучулук курамы  Кыргызстандын экономикасынын ичиндеги темалар боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө.

Аларга:

  • 2010-2012 жылдары «Талас облусунда төө буурчактын  өндүрүштүк натыйжалуулугун жогорулатуу” (жетекчиси  э.и.к., доцент А.Б.Барпыбеков) аттуу комплекстүү долбоор
  • “2013-2017 жылдарда Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу шарттарында «Талас облусунун экономикалык потенциалын жана калктын жашоо деңгээлин жакшыртуунун натыйжалуулугун жогорулатуу”(жетекчиси  э.и.к., доцент И.А.Рыскулбеков) аттуу комплекстүү долбоор.
  • 2015-2016 жылдары «Талас мамлекеттик университетиндеги электрондук электрондук окутууну өнүктүрүү боюнча ресурстук борборду ачуу»  (жетекчиси  сая.и.к., А.К.Укуева) долбоору.
  • 2018-2019 жылдары «Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу» (жетекчиси  сая.и.к.,        А.К.Укуева) долбоору.
  • 2017-2020 жылдарында кафедра “Өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүктүрүү шартында Талас облусунун өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүү жана божомолун баалоо ”(жетекчиси  э.и.к., доцент И.А.Рыскулбеков) аттуу комплекстүү долбоор.

Экономика жана менеджмент кафедрасынын  профессордук-окутуучулук курамынын илимий-изилдөө иштеринин темалары:

  •  Рыскулбеков Иса Абдырайымович

Докторлук диссертациянын темасы : «Экономический потенциал региона и перспективы его развития в условиях реализации стратегии устойчивого развития экономики страны»

докторант , (с 2014г.), научный консультант, д.э.н., профессор Академии Управления при Президента Кыргызской Республики Орозбаева А.О..

  • Ташманбетов Т.Т.

Кандидаттык диссертациянын темасы :Стратегия развития кооперация и повышение эффективности  сельскохозяйственного производства(на примере Таласской области Кыргызской Республики) (тема 2018-жылы КЭУда бекитилген)

жетекчиси д.э.н.,профессор Жумабаев Ж.Ж.

  • Дуйшебаева М.К.

Кандидаттык диссертациянын темасы: Организация учета и контроля в сельскохозяйственных кооперативах (на примере Таласской области)

(тема КРСУда 2015-жылы бекитилген)

жетекчиси д.э.н.,профессор Исраилов М.И.

  • Мамадалиев Э.Ж.

Кандидаттык диссертациянын темасы:Проблемы  и расширение финансовой базы местного самоуправления ( тема утверждена в 2015 году в КГУСТА)

жетекчиси  д.э.н., профессор Искаков И.И.

  • Омурканова Ж.Э.

Кандидаттык диссертациянын темасы:Социально-экономические проблемы регулирование уровня жизни населения в регионе (на примере Таласской области Кыргызской Республики) (тема 2015-жылы ТалМУда бекитилген)

жетекчиси  д.э.н., профессор Орозбаева А.О.

  • Сонколова З.Б.

Кандидаттык диссертациянын темасы:Социально-экономические проблемы формирования и использования трудового потенциала сельского региона (на примере Таласской области Кыргызской Республики) (тема 2015-жылы ОшМУда бекитилген )

жетекчиси д.э.н., профессор Орозбаева А.О.

  • Арыкбаева Э.М.

Кандидаттык диссертациянын темасы: «Ресурсный потенциал сельского туризма и перспективы его развития в условиях устойчивого развития региона» (на примере Таласской области Кыргызской Республики) (тема 2018-жылы КЭУда бекитилген)

жетекчиси  д.э.н., профессор Бекбоева М.А.

Экономика жана менеджмент кафедрасынын  профессордук-окутуучулук  жааматы тарабынан  580100 «Экономика «даярдоо багыты үчүн төмөнкү методикалык сунуштамалар жана көрсөтмөлөр иштелип чыккан жана басып чыгарылган.

Экономика жана менеджмент кафедрасынын

 профессордук окутуучулар жааматы тарабынан иштелип чыккан

методикалык көрсөтмөлөрдүн тизмеси

Сабактардын аталышы жана окуу иштеринин түрү Окуутучунун аты-жөнү
1 Методическое указание по выполнению курсовой работы по дисциплине «Бухгалтерский учет» Ташманбетов Т.Т.
2 Методическое указание по выполнению практических занятий по дисциплине «Бюджетный учет и отчетность» Ташманбетов Т.Т.
3 Методические рекомендации и указания по написанию, оформлению и защите бакалаврских работ Мамадалиев Э.Ж. Омурканова Ж.Э.
4 Программа итоговой государственной аттестации, направления подготовки 580100 «Экономика» Мамадалиев Э.Ж
5 Методические указания по предквалификационной практике Мамадалиев Э.Ж. Омурканова Ж.Э.
6 Методические рекомендации и указания по практическим занятиям по дисциплине “Финансы” Мамадалиев Э.Ж
7 Методические рекомендации и указания по практическим занятиям по дисциплине “Статистика” Мамадалиев Э.Ж
8 Методические рекомендации и указания по практическим занятиям по дисциплине “Мировая экономика” Мамадалиев Э.Ж
9 Методические указания по учебно-ознакомительной практике Мамадалиев Э.Ж. Омурканова Ж.Э. Арыкбаева Э.М.
10 Программа производственной практики для студентов специальности БУА Ташманбетов Т.Т. Дуйшобаева М. Маталиева Н.
11 Методическое указание по написанию, оформлению и защите бакалаврских работ для специальности БУА Ташманбетов Т.Т.
12 Программа преддипломной практики для студентов специальности БУА Ташманбетов Т.Т. Дуйшобаева М. Маталиева Н.
13 Методическое указание по выполнению практических работ “Налог и налогобложения” Ташманбетов Т.Т. Арыкбаева Э.М.
14 Методическое указание по выполнению практических работ “Контроль и ревизия в бюджетных и финансовых учреждениях” Ташманбетов Т.Т.
15 Управленческий анализ. Методические указания и задания для выполнения контрольной работы. Дуйшебаева М.К.
16 Методические указания для выполнения практических работ по дисциплине «Экономический анализ» Дуйшебаева М.К.
17 Методические указания по выполнению самостоятельной работы по дисциплине «Социология» Турсалиева Г.Ж.
18 Методические указания для выполнения практических работ по дисциплине «Управленческий анализ» Дуйшебаева М.К.
19 Методические указания по написанию курсовой работы по дисциплине «Экономический анализ» Дуйшебаева М.К.
20 Методические указания для выполнения практических работ по дисциплине «Управленческий учет» Дуйшебаева М.К.
21 Методические рекомендации и указания по практическим занятиям по дисциплине “Маркетинг” Арыкбаева Э.М.
22 Методические указания по написанию курсовой работы по дисциплине «Организация  производства на предприятии отрасли» Арыкбаева Э.М.
23 Методические рекомендации и указания по практическим занятиям по дисциплине “Деньги, кредит, банки” Мамадалиев Э.Ж.

Жалпысынан кафедранын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча план  боюнча ченемдүү иш жүргүзүлөт. 2017-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде кафедранын ППС дээрлик бардык курамы квалификацияны жогорулатуу курстар,тренингжана  семинарларга катышышты.

Экономика жана менеджмент кафедрасынын профессордук окутуучулар жааматы катышкан семинарлар жана квалификациясын жогоруулатуучу курстартын тизмеси

год Семинарлардын жана курстардын темалары Окутуучунун Аты-жөнү
2017 Курс по программе “Профессиональная компетентность педагога” Мамадалиев Э.Ж. Ташманбетов Т.Т. Арыкбаева Э.М. Дуйшебаева М.К.
2017 Семинар тренинг «Новые административные управленческие подходы ВУЗах»; Бишкек. Ташманбетов Т.Т.  
2017 Семинар на тему: “Конструирование и проведение учебных занятий с использованием активных методов и интерактивных технологий обучения Мамадалиев Э.Ж.
2017 Семинар-тренинг “Социальное предпринимательство” ЦАУ г. Бишкек Мамадалиев Э.Ж.
2017 Семинар тренинг “Теория и методика применения тестирования в учебном процессе” Рыскулбеков И.А.
2017 Генерирование идей для социальных проектов Омурканова Ж.Э.
2017 Финансовый менеджмент в НКО Укуева А.К. Ташманбетов Т.Т. Арыкбаева Э.М.
2017 Интерактивные методы, формы и средства обучения Дуйшебаева М.К. Омурканова Ж.Э.
2017 «Государственная политика и эдвокаси» и «Верховенство права и некоммерческий сектор» Укуева А.К. Ташманбетов Т.Т.
2017 «Управление, ориентированное на достижение                   результатов» Укуева А.К.
2017 Социальное предпринимательство в НКО Укуева А.К.
2017 Менеджмент, ориентированный на результат Укуева А.К.
2017 Стартапы и создание нового бизнеса Ташманбетов Т.Т.
2017 Новые административные и управленческие подходы в ВУЗах Ташманбетов Т.Т.
2018 Семинар на тему: Кейс метод Мамадалиев Э.Ж. Омурканова Ж.Э. Арыкбаева Э.М. Дуйшебаева М.К. Рыскулбеков И.А.
2018 IV International Logistics and Supply Chain Management Seminar Мамадалиев Э.Ж. Омурканова Ж.Э.
2018 Семинар на тему Социальное предпринимательство, ЦАУ г. Бишкек Мамадалиев Э.Ж.
2018 Семинар-тренинг ААОПО “Проведение независимой аккредитации программ и организаций профессионального образования” Барпыбеков Б.Б Мамадалиев Э.Ж. Ташманбетов Т.Т. Омурканова Ж.Э. Арыкбаева Э.М. Дуйшебаева М.К. Рыскулбеков И.А. Сонколова З.Б. Маталиева Н.А.
2018 Компетентностно-ориентированные задания Дуйшебаева М.К.
2018 Профессиональный преподаватель elearning Укуева А.К.
2018 Лидерство и взаимодействие с сообществом Укуева А.К.
2018 Стратегическое управление компетенциями в                   государственном и  муниципальном управлении Укуева А.К.
2018 Elearning Акселератор Укуева А.К.
2018 V International Logistics and Supply Chain Management Seminar Арыкбаева Э.М. Дуйшебаева М.К.  
2019 Курс  повышения квалификации для преподавателей вузов направлений «Экономика» и «Менеджмент» Мамадалиев Э.Ж. Ташманбетов Т.Т. Омурканова Ж.Э. Арыкбаева Э.М. Дуйшебаева М.К. Рыскулбеков И.А. Сонколова З.Б. Барпыбеков А.Б.

СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

Экономика жана менеджмент кафедрасынын билим берүүдө адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууда студенттердин  илимий-изилдөө иштери маанилүү орунду ээлери талашсыз. Студенттердин илимий-изилдөө иши жаш адистерди жана окумуштууларды даярдоо үчүн өтө маанилүү болуп саналат.

Студенттердин илимий-изилдөө иштерине негизинен төмөнкү формалар: курстук, дипломдук жумуштар, эссе жазуу, илимий конференцияларга катышуу кирет.

Студенттердин илимий-изилдөө иши окуу боюнча адистерди даярдоодо бир   бөлүгү болуп саналат жана  ишке ашырууда төмөндөгүдөй иштер аркылуу жүзөгө ашыралат.Аларга:

  • ЖОЖдун студенттик жамааты ишин уюштуруу;
  • негизги темаларына ылайык илимий-изилдөө ишине студенттердин катышуусу;
  • атайын курстук жана дипломдук иштерди даярдоо окуу;
  • илимий-изилдөө долбоорлорунда жана программаларында уюштурулуучу;
  • массалык илимий иш-чараларга, ар кандай деңгээлдеги илимий иш-чараларга (конференциялар, семинарлар, «илимдин күндөрү» ж. б.) катышуу.);
  • атаандаштык илимий иш-чараларга катышуу (конкурстар, конференциялар ж.б.).

Илимий макаланы жазууда илимий жетекчилер студенттерге тема, адабият тандоо, изилдөө ыкмаларын өздөштүрүү боюнча жардам көрсөтүп, издөө иштерге жолдомо берет.

Талас мамлекеттик университетинин “Таза коом, келечектин горизонттору студент жаштардын илимий-иликтөөчүлүк көз караштарында” аттуу  15-студенттик илимий-тажрыйбалык конференциясына экономика жана менеджмент кафедрасынын атынан катышкан студенттердин тизмеси төмөндөгүдөй:

  1. Айбеков Арген  БУА-15 тобу

Анализ состояния налогооблажения в сфере услуг Таласской области

Жетекчиси: Дуйшебаева М.К.

  • Токталиева Айзат БУА-15 тобу

Анализ ликвидности и платежеспособности в перерабатывающих предприятиях Таласской области.

Жетекчиси: Дуйшебаева М.К.

  • Казакова Н. БУАк-16 тобу

Талас регионунун социалдык экономикалык өнүгүүсү

Жетекчиси: Ташманбетов Т.Т.

  • Исраилов Батихан ЭУПк- 16 тобу

Роль денежных переводов мигрантов для экономики КР

Жетекчиси: Мамадалиев Э.Ж.

  • Кенешбеков Адис ЭУПк- 16 тобу

Проблема собираемости местных налогов в г.Талас и пути их решения.

Жетекчиси: Мамадалиев Э.Ж.

  • Жороева Карлыгач  ЭУПк-16 тобу

Преимущества бизнеса в сфере краткосрочных образовательных услуг.

Жетекчиси: Мамадалиев Э.Ж.

  • Авасова А.  ЭУП-14 тобу

Особенности продвижения банковских продуктов и услуг в коммерческих банках Таласской области

Жетекчиси: Арыкбаева Э.М.

  • Табылдиева А. ЭУП-14 тобу

Вступление Кыргызстана в ЕАЭС: плюсы и минусы

Жетекчиси: Омурканова Ж.Э.

  • Казакова Н. БУАк-16 тобу

Социально-экономические проблемы миграции молодежи Кыргызстана

Жетекчиси: Арыкбаева Э.М.

  1. Сулайманова Арина БУАк- 16 тобу

Причины и последствия безработицы в Кыргызстане

Жетекчиси: Арыкбаева Э.М.

  1. Камчыбеков Ниязбек БУА-16 тобу

Делопроизводство как основа технологии управления

Жетекчиси: Турсалиева Г.Ж.

Ошондой эле Талас мамлекеттик университетинин 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына”  карата өткөрүлгөн «Аймактарды өнүктүрүүнүн жана санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери» аттуу  16-студенттик илимий-тажрыйбалык конференциясына  экономика жана менеджмент кафедрасынын атынан катышкан студенттердин тизмеси төмөндөгүдөй:

  1. Нурбекова Асыл БУА-17 тобу

Талас өрөөнүндө логистиканын өнүгүшү

Жетекчиси: Дуйшебаева М.К.

  • Акпарова Д. БУА-16 тобу

Анализ деловой активности с учетом налогообложения

Жетекчиси: Дуйшебаева М.К.

  • Жолдошова Чолпон БУА-17 тобу

Пути улучшения развития социальной сферы в Таласской области

Жетекчиси: Рыскулбеков И.А.

  • Оморова Н. ЭУП-18 тобу

Государственное  регулирование развития  бизнеса в Кыргызской Республике

Жетекчиси: Омурканова Ж.Э.

  • Жанышбеков Н. МЕН-17 тобу

Совершенствования менеджмента в рекламной деятельности

Жетекчиси: Омурканова Ж.Э.

  • Рыспаева М. МЕН-17 тобу

Современное состояние и перспективы развития туризма в Таласской области

Жетекчиси: Арыкбаева Э.М.

  • Айылчиева Д. ЭУП-18 тобу

Использование инструментов банковского маркетинга в продвижении банковских услуг в Таласской области

Жетекчиси: Арыкбаева Э.М.

  • Жумабекова Б. ЭУП-18 тобу

Развитие малого и среднего бизнеса в Таласской области – как основа развития региона

Жетекчиси: Арыкбаева Э.М.

  • Адылов Нурсултан БУА-17 тобу

Оценка эффективности бизнеса по переработке шерсти

Жетекчиси: Мамадалиев Э.Ж.

  1. Жуматаева А. БУА-17 тобу

Вопросы кредитования малого бизнеса в Таласской области

Жетекчиси: Рыскулбеков И.А.

2018-2019 окуу жылында экономика жана менеджмент  кафедрасынын ага окутуучу,  экономика жана менеджмент кафедрасынын  Дуйшебаева М.К жетектөөсүндө  БУАк-16 тобунун студенти Казакова Наргиза жана БУА-17 тобунун студенти Нурбекова Асыл М.Рыскулбеков атындагы КЭУнин  студенттик илимий-практикалык конференциясына катышып байгелүү орундарды ээлешти.

Жаңылыктар

  • 28-30 май 2018 жыл

Бишкекте Орион Hotel  мейманканасында  Кыргыз республикасынын жогорку окуу жайларынын окутуучулары учун IV  эл аралык логистика жана алып келүүлөрдүн  чынжырын башкаруу боюнча (Тренинг для Тренеров по логистике и управлению цепями поставок)тренерлерлер  учун  тренинг Швеция –германиялык фонд Kuehne Foundation  колдоосу менен  уюштурулду.Тренинг  Kuehne-Nagel жана  (ITC) Эл  аралык соода борборунун  материалдарынын негизинде эл аралык окутуучулар  окутуусунда уюштурулуп,  LSCMдин практикалык жана экономикалык инструменттерин үйрөтүү менен Kuehne Foundation жана GTS фонду тарабынан сертификаттар берилди.

Тренерлер учун тренингди окуутудагы инструкторлор:

  1. Др. Денни Чо
  2. Др. Эндрю Крайе
  3. Др. Фил Гри
  4. Др. Сет Г. Файрей

Аталган семинарга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары: Омурканова Ж.Э. жана Мамадалиев Э.Ж. катышып сертификаттарга ээ болушту.

  • 27-30 ноябрь 2018 жыл

2018-жылдын 27-30 ноябрда Ысык Көлдөгү Radyga WEST эс алуу борборунда Кыргыз республикасынын жогорку окуу жайларынын окутуучулары учун V эл аралык логистика жана алып келүүлөрдүн  чынжырын башкаруу боюнча (Тренинг для Тренеров по логистике и управлению цепями поставок) Швеция–германиялык фонд Kuehne Foundation  колдоосу менен  тренинг  уюштурулду.

Тренерлер учун тренингди окуутудагы инструкторлор:

 1. Mагист Кайрат Итибаев

 2. Др. Денни Чо

 3. Др. Эндрю Крайе

 4. Кристин Резерфорд.

Аталган семинарга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары: Дуйшебаева М.К. жана Арыкбаева Э.М. катышып сертификаттарга ээ болушту.

  • 19 февраль 2019 жыл

2018-2019- окуу жылында Технология-экономикалык факультетинде түзүлгөн “Ачык сабактардын” графиги боюнча экономика жана менеджмент кафедрасынын  ага окутуучусу – Омурканова Ж.Э.  менен ачык сабак өттү. Лекция микроэкономика сабагынан  « Фирма — как совершенный конкурент» аттуу темада   ЭУП-18 тайпасына өтүлдү. Окутуучу лекциянын жүрүшүндө практикалык,оозеки жана көрсөтмө окутуу методдорун колдонду. Лекциянын өтүүдө окутуучу негизги  каражат катары- проектор жана таратуучу материалдарды колдонду. Студенттер лекция  учурунда активдүү болуп, ар бир берилген суроого так жооп берип жатышты.    Ачык сабак өткөн окутуучунун иши ТалМУнун ОМК тарабынан сунушталган баалоо картасынын негизинде “ эң жогорку” деңгээлдеги өтүлгөн лекциялык  сабак деп бааланды.

2018-2019- окуу жылында Технология-экономикалык факультетинде түзүлгөн “Ачык сабактардын” графиги боюнча экономика жана менеджмент кафедрасынын  ага окутуучусу – Омурканова Ж.Э.  менен ачык сабак өттү. Лекция микроэкономика сабагынан  «Основные формы деловых предприятий» аттуу темада   ЭУП-18 тайпасына өтүлдү. Окутуучу лекциянын жүрүшүндө практикалык,оозеки жана көрсөтмө окутуу методдорун колдонду. Лекциянын өтүүдө окутуучу негизги  каражат катары- проектор жана таратуучу материалдарды колдонду. Студенттер лекция  учурунда активдүү болуп, ар бир берилген суроого так жооп берип жатышты.   

Ачык сабак өткөн окутуучунун иши ТалМУнун ОМК тарабынан сунушталган баалоо картасынын негизинде “ жогорку” деңгээлдеги өтүлгөн лекциялык  сабак деп бааланды.

  • 20 февраль 2019 жыл

Технология-экономикалык факультетинде “Биз диний экстремизм жана терроризмге каршыбыз” аттуу диний профилактикалык жолугушуу   өтүлдү. Жолугушууга   ТалМУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору С.Жумалиев,Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлү, Талас облусттук  казыятынын өкүлдөрү жана ТЭФнин профессордук окутуучулар жааматы жана студенттер катышышты.

Профилактикалык лекциянын журушундо экономика жана менеджмент кафедрасынын  ага окутуучусу Ташманбетов Т.Т.«Диний экстремизм-бугункү күндүн коркунучу» аттуу темада баяндама жасады. Профилактикалык жолугуушунун  катышуучулары   бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жаткан көйгөй диний экстремизм жана терроризм боюнча  маалыматтын жетиштүү түрдө  ар бир жаранга жетпей жаткандыгын айтып өтүштү. Ошондой эле Кыргызстанда диний экстремизмге аралашып,  оор тагдырга кабылган адамдар жөнүндө даярдалган видео материал көрсөтүлдү. ТЭФнин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери  жолугушуунун  соңунда өздөрү кызыккан суроолорду беришип пикир алышты.

21 февраль 2019 жыл

ТалМУнун башку имаратында менен «Билим-Күч» интеллектуалдык оюн болуп өттү. 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата Талас мамлекеттик университетинде облустук масштабда жогорку жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын студенттеринин арасында «Күч-билимде » аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Оюнга 8 команда катышып, 1-орунга  Талас медициналык колледжинин «Умай эне» командасы, 2-орунга ТалМУнун гуманитардык факультетинин «Манас» командасы, 3-орунга ТалМУнун технология-экономикалык  факультетинин «ТЭФ» командасы ээ болушту.

ТЭФ командасынын мүчолорү:

  1.  Камчыбеков Нияз — БУА-16 тобунун студенти
  2. Айылчиева Диана — ЭУП-18 тобунун студенти
  3. Оморова Наргиза — ЭУП-18 тобунун студенти
  4. Жолдошова Чолпон — БУА-17 тобунун студенти
  5. Закиржан кызы Адинай- БУАк-16 тобунун студенти

Женүүчүлөр жана бардык командалар демөөрчүлөр тарабынан даярдалган кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

  • 17 март 2019 жыл

ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинде экономика жана менеджмент кафедрасы тарабынан  «Жаш адистерди даярдоонун жана окутуунун сапатын жакшыртуу максатында кызыктар тараптардын өз ара мамилесин өркүндөтүү» аттуу темада   тегерек стол  уюштурулду.Тегерек столго ТалМунун окуу жана илимий  иштери боюнча проректору Тургунбаев М.С., ТЭФнин деканы Курманалиева А.О., «ЭиМ» кафедрасынын окутуучулары, жумуш берүүчүлөр (стейкхолдер) жана бүтүрүүчүлөр катышышты. Тегерек столдун темасы боюнча кеңири талкуу жүрүп, жумуш берүүчүлөр (стейкхолдер) жана бүтүрүүчүлөрдөн  сурамжылоо алынды. Тегерек столдун жыйынтыгы катары  жумуш берүүчүлөр (стейкхолдер) жана бүтүрүүчүлөрдү сурамжылоонун негизинде 2019-2020 окуу жылындагы окуу пландарына өзгөрүү киргизүү сунушталды.

  • 5 апрель 2019 жыл

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде 2019-жылдын 5-апрелинде Өлкөнүн региондорун өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата өткөрүлгөн Жаш илимпоздордун жана студенттердин VII эл аралык практикалык конференциясына Талас мамлекеттик университетинин «Экономика жана менеджмент» кафедрасынын ага окутуучусу М.К. Дуйшебаеванын жетекчилиги менен БУАк-16 группасынын студенти Н.Казакова жана БУА-17 группасынын студенти А.Нурбекова макалалары менен активдүү катышышып, Н.Казакова 1-орунду жана А. Нурбекова 3-орунду багынтып , диплом жана сертификаттар менен сыйланып келишти.


  • 10 апрель 2019 жыл

Апрель революциясына карата ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинде экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу Арыкбаева Э.М ЭУП-18 жана ЭУП-17 студенттери менен биргеликте 7-апрель элдик революция күнү жана ошол күнү өкмөт үйүнүн алдына нараазычылык билдирип чыккан апрель курмандыктарын эскерүү иш-чарасын өткөрүштү.

1 минуталык эскерүү менен башталган иш-чарага факультеттин жетекчилери, мугалимдер жана студенттер катышты.Андан сон  апрель революциясына  арналып  студенттер тарабынан жасалган слайд көрсөтүлдү.Экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу Арыкбаева Э.М «Апрель революциясы: себептери, сабактары жана тарыхый мааниси» аттуу  деген баяндамасында эл  менен бийликтин ортосундагы мамиле, апрель  революциясынын элдин аң-сезимине тийгизген таасири жана анын мааниси тууралуу айтып, кыргыз эли байыртадан эркиндик үчүн күрөшүп келе жаткандыгына токтолду. Ошондой эле эскерүү кечеде студенттер апрель революциясына арналган ыр саптарын окушуп,эскерүү кечени экономика жана менеджмент кафедрасынын доценти,соц.и.к. Турсалиева Г.Ж. жана информациялык системалар жана технологиялар кафедрасынын башчысы Раева Ч.Т. апрель революциясындагы курман болгон баатырларды эскерүү жана апрель революциясынын негизги себептери боюнча өз ойлорун билдирип жыйынтыкташты.

Эске салсак, КРнын Президентинин жарлыгы менен 7-апрелди «Элдик Апрель революциясы күнү» деп жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күнү катары белгилөө жарыяланган.

  • 14 май 2019 жыл Брейнг ринг

Талас мамлекеттик университетинин факультеттеринин студенттерин арасында «брейн-ринг» акыл таймашы болуп өттү. Студенттердин  акыл-эсин өнүктүрүп, изденүүгө, тапкычтыкка үйрөтүп, жаштарды өз мекенин урматтап-сыйлоо сезимдерин калыптандырууда жана кыргыз элинин руханий баалуулуктарын  таанууда интеллектуалдык таймаштардын ролу чоң.

«Брейнг-ринг» акыл таймашына аталган окуу жайдын студенттеринен түзүлгөн 6 команда катышты.  Технология-экономикалык факультетинен «ТЭФ» командасы катышып,сертификатка ээ болду. «ТЭФ» командасынын мүчөлөрү:

  1. Джумабекова Бурулча- ЭУП-18 тобунун студенти;
  2. Айылчиева Диана — ЭУП-18 тобунун студенти;
  3. Оморова Наргиза — ЭУП-18 тобунун студенти;
  4. Рыспаева Махабат- МЕН-17 тобунун студенти;
  5. Имантаева Айпери- ЭУП-17 тобунун студенти.

Брейн-ринг  таймашы 8 категория боюнча жүрүп, ар бир суроого 1 минутадан убакыт берилген.Командалар жоопторун жазуу түрүндө беришип, калыстар жооптордун жыйынтыгын баллдык система менен баалап турушту. Ошондой эле оюндун жүрүшүндө студенттер билим деңгээлдерин сынашып, таймашта татыктуулар диплом жана сертификаттар сыйланды.  

  • 17 май конференция 2019 жыл

Талас да Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата «Аймактарды жана санариптик технологияларды өнүктүрүүдө бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүүнүн илимий-теориялык негиздери» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференция  ТалМУнун ректору а.ч.и.к., доцент А.Ш.Упеновдун куттуктоо сөзү менен башталды.Андан соң 4  пленардык доклад угулду. Секциялык иштерде 60дан ашуун илимий макалалар баяндалып, талкуудан өттү. №3  тарыхый жана социалдык-экономикалык илимдер cекциясында 17 доклад угулду. Жыйынтыгында:

1 орун- Укуева А.К.,  Турсалиева Г.Ж.,  ТалМУ “ Кайдзен жана башкаруу көйгөйлөрү;

2 орун- Ташманбетов “Развитие сельскохозяйственной коопераций в Таласской области” жана Рыскулбеков И.А., э.и.к., доцент, ТалМУ «Современный уровень использования производственного потенциала предприятий промышленности Таласской области”    

3 орун-Арыкбаева Э.М., “Развитие туризма и его влияние на развитие  экономики Таласской области” жана Абдиева Ж.К., «Манас» эпосундагы кыргыз элинин улуттук оюндарынын чагылдырылышы” аттуу макалаларга ыйгарылды. Мыкты деп табылган макалалардын авторлоруна грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

  • 20-27 июнь 2019 жыл

ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу курсун М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетининин экономика,менеджмент жана маркетинг кафедрасынын башчысы   экономика илимдеринин доктору  Алкадырова Ч.М.   жана Бекташева Л.Ж.  өтүштү

  • 21 июнь 2019 жыл

ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучуларынын квалификациясын жогоруулатуу курсун тренер экономика илимдеринин доктору жана  Алкадырова Ч.М. жана  : курс повышения квалификации для преподавателей вузов направлений «Экономика» и «Менеджмент», май 2018 год.  

  • 18-21 сентябрь 2019 жыл

Талас шаарында көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн кызуу даярдыктар жүрүп ТалМУнун ТЭФнин экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучуларыны жана студенттери  өз салымын кошушту. Окутуучулар менен студенттер иш-чаранын маданий бөлүгүндө өздөрүнө жүктөлгөн милдетти моюнуна алуу менен менен Улуттук көчмөндөр оюнунун жогорку деңгээлде өтүшүнө көмөк көрсөтүштү.

  • 8 октябрь 2019 жыл

Талас мамлекетттик университетинде  билим берүү кызматкерлеринин жана карылар  күнүнө арналган атайын салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Университеттин ардагерлерине белектер берилип, окутуучуларга КР Билим берүү жана илим министрлигинин, мэриянын, ТалМУнун сыйлыктары тапшырылды.Анын ичинен ТалМУнун «Экономика жана менеджмент» кафедрасынын  төмөндөгүдөй окутуучуларына сыйлыктар ыйгарылды.

  1. «Экономика жана менеджмент” кафедрасынын доценти, э.и.к. Барпыбеков Айтымбек Барпыбекович- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүү мыктысы” төш белгиси
  2. «Экономика жана менеджмент” кафедрасынын окутуучусу  Дуйшебаева  М.К.-Кыргыз Республикасынын  Окмотунун Талас облусундагы ыйгарым укуктуу  окулунун  аппаратынын ардак грамотасы;
  3. «Экономика жана менеджмент” кафедрасынын окутуучусу,сая.и.к.,  Укуева А.К.-Талас шаарынын мэриясынын ардак грамотасы;
  4. «Экономика жана менеджмент” кафедрасынын окутуучусу,соц.и.к.,Турсалиева Г.Ж.-Талас мамлекеттик университетинин ардак грамотасы;
  5. «Экономика жана менеджмент” кафедрасынын окутуучусу Арыкбаева Э.М.-Талас шаарынын мэриясынын ардак грамотасы;

Салтанаттуу кече атайын чыгармачыл топ тарабынан даярдалган ыр-бий менен коштолду.

  • 10 октябрь 2019 жыл

ТалМУнун  Технология-экономикалык факультетинин студенттик парламенти  Карылар күнүнө карата аксакал агайыбыз Абдырахманов Иманбек Асановичке жардам берип,  короо-жайын иреттөөгө жана  кышка даярданууга кол кабыш кылышты. Эске салсак, мындай иш- чаралар студенттер жана кураторлордун уюштуруусу менен    жыл бою ишке ашуу менен азыркы учурда да уланып турат.

Прокрутить вверх