Иш чаралар

Талас мамлекеттик университетинин студент жаштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында эл өкүлү Бактыбек Чойбековдун демилгеси менен уюшулган жолугушууга ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн студенттери жана окутуучусу 22.11.2023 барып келишти. МТД секциясынын жетекчиси Бокоева М.К. Студенттер Жогорку Кеңештин иштери жана Кеңештин алгачкы баскычынан бери чагылдырылган музейди көрүп, чоң таасирленүү менен кайтышты

Мугалим мөмөлүү дарак демекчи, мугалимдер күнүнө карата уюштурулган иш чарада Математика-техникалык дисциплиналар секциясынын башчысы Бокоева Мунара Кенешбековна Талас шаарынын мериясынынн Ардак грамотасы менен сыйланды

Математика-техникалык дисциплиналар секциясынын окутуучусу Джумабеков Мидин Сагынбекович Министирликтин Ардак грамотасы менен сыйланды

17-ноябрь студенттердин эл аралык кунуно карата майрамды утурлай ТалМУда студенттерге арналган майрамдык кече уюштурулду. Кечеде ТалМУнун ректору, профессор Ж.С. Шаршембиев  куттуктоо сөз сүйлөп, окуунун алдыңкыларына жана спорттогу ийгиликти жараткан студенттерге грамоталарды тапшырды. Аталган сыйлыкка КАС, КСК, КЭС, КТО группаларынын студеннтери ээ болушту. Маданий программада студенттердин калеминен жаралган ырлары окулуп, оюндар уюштурулуп, музыкалык авторлук ырлары аткарылып , студенттердин маанайын көтөрдү.

“Күзгү бал-2023” Жаратканым тартуулаган күз айы, Берекелүү, ырыскылуу бул айы. Адамдар да,бүгүн мына башкача, Баардыгынын көтөрүңкү маанайы демекчи Талас мамлекеттик университетинде “Күзгү бал-2023” кароо сынагы болуп өттү. Аталган сынакка ТалМУнун алдындагы КОБББнун «МТД» секециясынын студенттери катышышып жемиштуу кайтышты.

1 – декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүн” белгилөө боюнча Талас мамлекеттик университетинин, Талас медициналык колледжинин, Талас агрардык -экономикалык колледжинин ,ИСИТОнун окутууларынын, ТАЛМУнун алдындагы КОБББ нун “МТД” секциясынан КАС, КСК, КЭС,КТО, КГР группасынын студенттеринин катышуусунда жөө жүрүш болуп өттү. Андан соң бардык катышуучулар К.Медетбеков атындагы Талас облустук драмтеатрында “Аялдар жана ВИЧ” темасында жогорку жана атайын орто окуу жайларынын ортосундагы кароо-сынагы коруп келишти.

16.02.2024 ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө (колледж) 21- февраль Эл аралык Эне тили күнүнө карата колледждин студенттери жана окутуучулары тарабынан университеттин деңгээлинде “Эне тил – эл жүрөгү” деген темада көркөм – музыкалык маданий иш – чара өткөрүлдү. Анда англис, немис, орус, казак, кыргыз, өзбек ж.б.тилдерде ыр саптар айтылып, тилге, улутка карата каалоо- тилектер айтылды.

      Ар улуттун каада – салты, жашоо мүнөзү чагылдырылып, улуттук бий, обондуу ырлар, дастандардан үзүндү аткарылды. Ошондой эле, ар улуттун тилинде “Акыйнек” айтылды.  КЭС-23 группасынын студенти Адилхан гитарада “Кыргызстан менин Мекеним” аттуу ырды эн жогорку дэнгээлде аткарды.  Кыргыз тили да, дүйнө тилдери менен бирге өсүп, өнүгүп, мамлекеттик тил мыйзамынын негизинде иш алып барары да, баса белгиленди. Студенттердин чыгармачылыгынан даярдалган бул иш-чара улуттук тилибиздин өсүп жаткандыгынын далили катары жаштарыбыздын арасында мекенчилдик менен аткарган дилгирликтери далилдеп турду!

Нооруз” – “жыл башы”, “жаңы жылдын башы” майрамы.

ТалМУнун алдындагы КОБББда 17.03.2023 Нооруз майрамы белгиленди.

Кыргызда эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырымдар аткарылып, токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленген.

Окуу жайдын жалпы жамааты да, ак дасторкондо чогулуп, жакшы тилектерди каалап, улуттук нарк – насилди урматтап майрамдашты.

    Кураторлор да, тарбиялык сааттарында Нооруздун келишин чагылдырып, улуттук ыр, бий, макалдар, айтыштарды аткарышты. Ошондой эле, улуттук кийимдердин көргөзмөсү менен майрамды көркүнө чыгарышты.

   

ТалМУнун алдындагы КОБББнын, ТАЭК жана медициналык колледждин кызматташуу долбоорунун негизинде жаштардын арасында окуу жана тарбиялык процесси менен бирге спорт оюндары боюнча мелдеш өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, аталган иш чараларга “МТД” секциясынын студент балдары мелдешке катышып жыйынтыгында 1-орунга КОБББнын курама командасы ээ болду

“Улуттук тазалык күнү” жөнүндөгү Жарлыкка ылайык Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кесиптик билим беруу болумунун математика- техникалык дисциплиналар секциясынын окутуучулары оздоруно тиешелуу территорияны тазалашып, таштандылардан арылтышты.

2024-жылдын 22-апрелден 26- апрелге чейинки аралыкта Талас мамлекеттик университети Талас облусунун орто билим берүү мектептеринин, лицей, гимназиялардын 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчү окуучулары үчүн кесипке багыт берүү багытында Талас мамлекеттик университети “Билим кербени” аттуу иш сапарын жургузду, иш сапрада Математика-техникалык дисциплиналар секциясынын студенттери активдүү катышып келишти.
“Билим кербенине” ийгилик каалайбыз!

26.04.2024 Талас мамлекеттик университети “Дени сак улут, дени сак мамлекет“ аттуу ден соолук спартакиадасын өткөрдү.
Ага ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) окутуучулары жана студенттери активдүү катышышты.
Спартакиадада спорттун ар кыл түрлөрү ( эстафета, 100 м чуркоо, кол күрөш ж.б.) боюнча мелдештер өткөрүлүп, жалпы командалык эсепте КОБББнын студентеринин арасында
2-орунду, ал эми окутуучулар арасында 1-орунга ээ болушту.
Жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылып, ден соолукка арналган күн кызуу өттү.

Прокрутить вверх