Декабрь 2016

«Көгүлтүр от» кечеси болду

26-декабрь күнү ТалМУнун жыйындар залында студенттер арасында оюн-зоок «Көгүлтүр от» кечеси болду. Майрамдык кечени ТалМУнун ректору А.Ш. Упенов студенттерди жаңы жылдык майрамы менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалап, окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн грамоталар тапшырды. Кеченин кийинки бөлүгүндө чыгармачыл студенттер тарабынан даярдалган оюн-зоок программалары уюштурулуп, концерттик номерлер коюлду.

“2016-жылдын мыктысы”

СЫЙЛЫГЫҢЫЗДАР КУТ БОЛСУН! 2016-жылдын жыйынтыгы менен ТалМУнун профессордук-окутуучулар курамынын арасынан төмөндөгү окутуучулар “2016-жылдын мыктысы” номинациясынын жеңүүчүлөрүнөн болушту: 1. “Мыкты илимий кызматкер” — п.и.к., доцент Ажибаева А.Ж. 2. “Мыкты доцент” – х.и.к., доцент Жусупова Г.А. 3. «Мыкты доценттин кызматын аткаруучу» — т.и.к. Абдиева Ж. 3. “Мыкты аспирант-изденүүчү” – ага окутуучу Конгайтиева З. 4. “Мыкты ага окутуучу” …

“2016-жылдын мыктысы” Читать полностью »

Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган көркөм-маданий программасы

13-декабрь күнү ТалМУнун гуманитардык факультетинде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган  көркөм-маданий программасы болду. Бул көркөм программада Ч.Айтматовго арналган ырлар окулуп, жазуучунун чыгармаларынан кыскача сценкалар коюлуп, сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү. Иш-чарага ТалМУнун ректору А.Ш. Упенов, ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору С.С.Жумалиев, гуманитардык факультетинин деканы Ж.Абдиева, факультеттин окутуучулары жана студенттери катышты. .

Чыңгыз Айтматовду эскерүү

12-декабрь залкар жазуучу Ч.Айтматовдун  туулган күнүнө жана кыргыз улуттук  адабият күнүнө карата «Ч.Айтматовду  эскерүү» иш–чарасы Ч.Айтматовдун  айкелинин алдында болду. Бул иш-чарага Талас облусундагы  ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн  орун басары А.Ш.Жаркыналиева, Талас шаардык  жергиликтүү  өз ара башкаруусунун  вице-мэри Н.Базарбаева, ТалМУнун  мамлекеттик тил боюнча проректору  С.С.Жумалиев, гуманитардык факультеттин деканы Ж.Абдиева, Талас турмушу гезитинин башкы редактору К.Иманкулов, К.Медетбеков  атындагы  …

Чыңгыз Айтматовду эскерүү Читать полностью »

Башканы коюп Манасты айт

6-декабрь күнү Манас эпосунун күнүнө карата ТалМУда «Башканы кою Манасты айт» деген темада кароо-сынак болду. «Манас» эпосунун күнүнө карата өткөрүлүүчү университеттик деңгээлдеги кароо-сынактын катышуучуларын төмөнкүдөй номинацияларда байгелүү орундары боюнча диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. «Манас» эпосунан үзүндү айтуу Мыкты айтуучуларга 700 сом. «Манас» эпосундагы каариандардын ролун чеберчилик менен аткаргандарга 500 сом. «Манас» эпосу боюнча суроо-жооп …

Башканы коюп Манасты айт Читать полностью »

Scroll to Top