Deprecated: Required parameter $popup_id follows optional parameter $data_attr in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-content/plugins/popup-maker/includes/deprecated-filters.php on line 102

Deprecated: Required parameter $method follows optional parameter $args in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-content/plugins/notification/src/classes/Traits/Webhook.php on line 35
“Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков студенттер менен жолугушту – Талас мамлекеттик университети
Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5768

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков ТалМУда болуп, студенттер менен жолугушту. Ага ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов, ТалМУнун бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Н.Султанкулов жана окутуучулар, студенттер катышты. КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбеков жогорку билим алуу, китеп окуунун пайдасы, маданият, ыйман, адеп-ахлактык баалуулуктар жөнүндө кызыктуу маалыматтарды айтып, сапаттуу билим алуу окуу жайдын статусуна эмес, студенттин өзүнүн жеке кызыгуусуна, умтулуусуна тыгыз байланыштуу экенин, алдына максат койгон адам сөзсүз ийгиликтерге жетише аларын баса белгилеп, ал үчүн жакшы окуп, активдүү болуп, чыгармачылык менен аракеттенүү керектигине токтолду. Студенттер билим, илим, чыгармачылык, жаштар иштери, окуу жайдын көйгөйлөрү ж.б. маселелери боюнча суроолорун беришип, талкууга активдүү катышып, окуу жайдын спорттук залынын курулушуна көмөк көрсөтүү боюнча депутатка кайрылуу жолдошту. Соңунда университеттин ректору А.Ш.Упенов студенттерге мотивация берип, жолугушуп жатканы үчүн КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбековго ыраазычылыгын билдирип, мындай жолугушуулар дагы улана берерин айтты.

By

Leave a Reply

Your email address will not be published.