________________

МУГАЛИМИ КҮНДӨЙ ТИЙСЕ ЧАЧЫРАП, СТУДЕНТИ ГҮЛ СЫЯКТУУ БАЖЫРАЙЫП АЧЫЛАТ
Педагогикалык колледжинин баскан жолу.
ТалМУнун ректорунун 28 — июль 2009 — жылдын № 62/6 буйругунун
негизинде КОБББ базасында түзүлгөн.
2009-жылдын 1-сентябрынан баштап Талас мамлекеттик университетинин ректорунун буйругу менен «Табигый-экономикалык илимдер» секциясынын курамында ачылган. Жаны ачылган секцияны Изабаева Индира Кенжебековна эң алгачкылардан болуп жетектеген.
2012 – жылдын жаңы окуу жылынан баштап «Педагогика жана табигый илимдер» секциясы деп аталып, Ташматова Жыпар Талайбековна жетектеген.
Секциянын түптөлүшүнө И.К. Изабаева, А.Б. Барпыбеков, К.Ж. Наржигитова, А.Э. Сейдакматова, С.А. Момоконова, Ы. Насипбаева, С.О. Сыдыгалиева, А. Байкеева ж.б. салымдары чоң.
2016-жылдын, сентябрь айынан баштап КРнын эл агартуунун мыктысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Кудабаева Гулира Байдылдаевна жетектеп келе жатат.
2025-жылдын 3-мартынан тартып Талас мамлекеттик университетинин уюштуруу-башкаруу түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу жана Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн түзүмү өзгөргөндүктөн, педагогика секциясы Педагогика жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунун алдындагы педагогикалык колледж болуп өзгөрдү.
Педагогикалык колледжинин мүдүрү болуп педагогика илимдеринин кандидаты Кумашова Аида Анаркуловна дайындалды.
Педагогикалык колледжинин максаты жана милдеттери
«Педагогика» секциясынын негизги максаты жана милдети болуп, жеткиликтүү билим берүү, Республиканын жана Талас аймагынын туруктуу социалдык- экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн, компетенттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо болуп саналат.
Педагогикалык колледжинин бекитилген штаттык курамында 17 окутуучу эмгектенет. Алардын ичинен 1 ички кош жумушчу, 1 сырткы кош жумушчу, 1 илимдин доктору жана 2 илимдин кандидаты, 4 магистр, анын ичинен 5 билим берүүнүн мыктысы бар. Педагогикалык колледжинин профессордук-окутуучуларынын сапаттык курамы 18% түзөт.




Педагогикалык колледжи төмөндөгү 2 адистикти дайындап чыгарат
- 050709 Башталгыч класстарды окутуу» адистиги. 9-кл базасында 2 жыл, 10 ай, 11-кл базасында 1жыл 10 ай окушат.
• 050704 «Мектепке чейинки билим берүү» адистиги. 9-кл базасында 2 жыл, 10 ай, 11-кл базасында 1жыл 10 ай окушат.
Төмөндөгү адистиктер боюнча күндүзгү окуу бөлүмүнөн тышкары сырттан окуу бөлүмүндө да окуша алышат. Сыртан окуу бөлүмүндө 2 жыл 6 ай окушат.
Иш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта иш жүрүүдө
“Мектепке чейинки билим берүү” адистиги боюнча окутуу программасын өркүндөтүү жана өз ара мамилелерди чыңдоо максатында иш берүүчүлөр менен тегерек стол уюштурулду.




Иш берүүчүлөр менен окуу жай ортосунда жолугушуулар мындан ары да улана берери макулдашылып, келишимдер түзүлдү.
Педагогика секциясы тарабынан иш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуулары системалуу түрдө уюштурулуп, ал окуу жайдан тышкары форматта да ишке ашырылып турушат. Иш берүүчүлөрдү сурамжылоо жүргүзүлүп, студенттер менен жумуш берүүчүлөр ортосунда жолугушуулар үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.


Мындан тышкары, Талас облустук усулдук борбору менен жана Талас шаары,Талас, Айтматов, Бакай –Ата, Манас райондорунун билим берүү мекемелеринен педагогикалык практиканы өтүү боюнча келишимдер түзүлүп, мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилери менен дайыма тыгыз байланышта иш жүргүзүп келүүдө.
Ата-энелер менен жолугушуулар
Мектепке чейинки билим берүү адистигинин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду. Ата-энелер менен окуу жайдын ортосунда тыгыз байланышта иш алып барылат.


Педагогика секциясында жыл сайын башталгыч класстарды окутуу жана мектепке чейинки билим берүү адистиктеринин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулуп турат. Ата-энелер менен окуу жайдын ортосунда тыгыз байланышта иш алып барылат.


ТалМУнун алдындагы кесипттик орто билим берүү бөлүмүнүн Педагогика секциясынын башчысы Кудабаева Гулира Байдылдаевна жыл ичиндеги үзүрлүү натыйжалуу эмгеги үчүн “Талас айымдар” коомунун “Жылдын мыкты айымы” деген номинацияга ээ болду.



ТалМУнун деңгээлинде “Жылдын мыкты студенти 2023″ КП-2-21 группасынын студенти Джакшылыкова Эльнура


Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кесипттик орто билим берүү бөлүмүндө жыл жыйынтыгы чыгарылып конкурстун негизинде “Педагогики” секциясы “Жылдын Мыкты секциясы”, “Педагогика” секциясынын окутуучулары Сыдыкова Г.С. “Жылдын Мыкты куратору” жана Батыркулова А.С. “Жылдын Мыкты окутуучусу” деп таанылды.




“Жылдын мыкты тарбиячысы – 2024” кароо сынагынын облустук туруна комиссиянын курамына “Педагогика” секциясынын башчысы Кудабаева Гулира Байдылдаевна төрайым жана мүчөлөрү Калманова Бубусара Бекбаевна, Арсиева Чолпон Бегалиевналар барып катышып келишти.




Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кесипттик орто билим берүү бөлүмүндө 2024-жылдын жыйынтыгы чыгарылып “Педагогика” секциясынын окутуучулары Сыдыкова Г.С. “Жылдын Мыкты окутуучусу” жана Батыркулова А.С. “Жылдын Мыкты куратору” деп таанылды.


Педагогикалык колледжинин материалдык-техникалык базасы
Педагогика секциясынын материалдык базасы адистик предметтердин талаптарына толук жооп берет. Секциянын материалдык-техникалык базасында №102 “Математикалык түшүнүктөрдү өнүктүрүү”, №103 “Көркөм өнөр ишмердүүлүгү жана башка методикалар”, №104 “Педагогика жана психология”, №205 “Мектепке чейинки билим берүү” багытындагы методикалык кабинеттер бар.




Билим берүү программасын ишке ашырууда окуу база жана аудиториялык фонддор студенттердин контингентине жооп берет.
Билим берүү программасы бардык курстар жана дисциплиналар боюнча окуу-усулдук документациялар жана материалдар менен камсыздалган ар бир окуу дисциплинасына ОУК мазмуну Интернет тармагына же окуу жайдын локалдык тармагында жайгаштырылган. Ар бир студентке китепкананын фонду жеткиликтүү, анда негизги билим берүү программасы боюнча бардык дисциплиналардын тизмеси бар.