Педагогика секциясы

МУГАЛИМИ КҮНДӨЙ ТИЙСЕ ЧАЧЫРАП, СТУДЕНТИ ГҮЛ СЫЯКТУУ АЧЫЛАТ

Педагогика секциясы  төмөндөгү 2 адистикти дайындап чыгарат 

  • 050709 Башталгыч класстарды окутуу» адистиги. 9-кл базасында 2 жыл, 10 ай, 11-кл базасында 1жыл 10 ай окушат.

050704 «Мектепке чейинки билим берүү» адистиги. 9-кл базасында 2 жыл, 10 ай, 11-кл базасында 1жыл 10 ай окушат.

Төмөндөгү адистиктер боюнча күндүзгү окуу бөлүмүнөн тышкары сырттан окуу бөлүмүндө да окуша алышат. Сыртан окуу бөлүмүндө 2 жыл 6 ай окушат.

Педагогика секциясынын баскан жолу.

         ТалМУнун ректорунун  28 — июль 2009 — жылдын  № 62/6 буйругунун

негизинде  КОБББ базасында түзүлгөн.                 

2009-жылдын 1-сентябрынан баштап Талас мамлекеттик университетинин ректорунун буйругу менен «Табигый-экономикалык илимдер» секциясынын курамында  ачылган.  Жаны ачылган секцияны Изабаева Индира Кенжебековна эң алгачкылардан болуп жетектеген.

 2012 – жылдын жаңы окуу жылынан баштап  «Педагогика жана табигый илимдер» секциясы  деп аталып, Ташматова Жыпар Талайбековна жетектеген.

Секциянын түптөлүшүнө И.К. Изабаева, А.Б. Барпыбеков, К.Ж. Наржигитова, А.Э. Сейдакматова, С.А. Момоконова, Ы. Насипбаева, С.О. Сыдыгалиева, А. Байкеева   ж.б. салымдары чоң.   

2016-жылдын,  сентябрь  айынан  баштап  КРнын эл агартуунун  мыктысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент  Кудабаева Гулира Байдылдаевна жетектеп келе жатат.

Педагогика секциясынын максаты жана милдеттери

«Педагогика» секциясынын негизги максаты  жана милдети болуп,  жеткиликтүү билим берүү, Республиканын жана Талас аймагынын туруктуу социалдык- экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн, компетенттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо болуп саналат.

  •    Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты;
  •   Окуу план, жумушчу окуу план;
  •   ОМКлар иштелип чыккан;

Пландалган окуу жүктөмдөрү толугу менен окуу планын жана жумушчу программалардын талабына ылайык аткарылат. Секциянын кеңешмесинде окутуучулардын иш пландары, окуу процессинин жүрүшү жөнүндө маселелер каралып турат.

Педагогика секциясынын башталгыч класстарды окутуу жана мектепке чейинки билим берүү адистиктеринин студенттери 2022-жылдын 10-майынан 10-июнуна чейин Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжде бир айга окуп келишти.

Педагогика секциясынын окутуучулары Арсиева Ч.Б, Батыркулова А.С, Абдышова А.А 2023-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы КУУ университетинин алдындагы Гуманитардык — педагогикалык колледжинин студенттерине конок лекция өтүп келишти.

Педагогика секциясы тарабынан иш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуулары системалуу түрдө уюштурулуп, ал окуу жайдан тышкары форматта да ишке ашырылып турушат. Иш берүүчүлөрдү сурамжылоо жүргүзүлүп, студенттер менен жумуш берүүчүлөр ортосунда жолугушуулар үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, Талас облустук усулдук борбору менен жана Талас шаары,Талас, Айтматов, Бакай –Ата, Манас райондорунун билим берүү мекемелеринен педагогикалык практиканы өтүү боюнча келишимдер түзүлүп, мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилери менен дайыма тыгыз байланышта иш жүргүзүп келүүдө.

Бул долбоордун негизинде педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүү боюнча окутуунун диффернециялык жана интеграциялык методдорду колдонгон, билим берүү процесстерин натыйжалуу башкаруу боюнча семинарларга секциянын окутуучулары толугу менен катышып келишти.

Педагогика секциясында жыл сайын башталгыч класстарды окутуу жана мектепке чейинки билим берүү адистиктеринин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулуп турат. Ата-энелер менен окуу жайдын ортосунда тыгыз байланышта иш алып барылат.

Педагогика секциясынын материалдык базасы адистик предметтердин талаптарына толук жооп берет. Секциянын материалдык-техникалык базасында №102 «Математикалык түшүнүктөрдү өнүктүрүү», №103 «Көркөм өнөр ишмердүүлүгү жана башка методикалар», №104 «Педагогика жана психология», №205 «Мектепке чейинки билим берүү» багытындагы методикалык кабинеттер бар.

Билим берүү программасын ишке ашырууда окуу база жана аудиториялык фонддор студенттердин контингентине жооп берет.

Билим берүү программасы бардык курстар жана дисциплиналар боюнча окуу-усулдук документациялар жана материалдар менен камсыздалган ар бир окуу дисциплинасына ОУК мазмуну Интернет тармагына же окуу жайдын локалдык тармагында жайгаштырылган. Ар бир студентке китепкананын фонду жеткиликтүү, анда негизги билим берүү программасы боюнча бардык дисциплиналардын тизмеси бар.

ТалМУнун ректору Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

» КР Президентинин Жарлыгынын алкагында 2023-жылдын 16-сентябрында массалык облустун аймагында баардык мамлекеттик органдарда ишембилик өткөрүү тууралуу Жарлыкка ылайык 16.09.2023-ж. ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) педагогика секциясынын  окутуучулары да бөлүнгөн тилкеде тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, белгилүү агартуучу Гапыр Мадаминов окуучулар, студенттер менен жолугушуп, атайын семинарларды өтүп келди.

Мугалимдер күнүнө карата  «Мугалим- мөмөлүү дарак»деген  темада  КП-1-22 группасы ачык тарбиялык саат өткөрүштү. 

 «Күзгү балл -2023» кароо- сынагы болуп өттү.

«Мыкты тамаша» көрсөткөндүгү үчүн ардак грамоталарга ээ болушту.

«Элим барсынбы» коомдук кайрымдуулук фондунуна кесиптик отро билим берүү бөлүмүнүн «Башталгыч класстарды окутуу» адистигинин КП-2-21 группасынын студенттери Джакшылыкова Элнура, Рахманжанова Эркинай, Джолдошбек кызы Сабина волонтёр болуп кайрымдуулук иштерине катышып келишти.

«Миграциядан жабыркаган балдарга психологиялык жана педагогикалык көмөк көрсөтүү» деген теманын алкагында окутуутун лекция жана практикалык иштери боюнча семинар өткөрүлдү.

3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата кайрымдуулук иштерине катышуу

КП-2-22 группасы да куратору менен биргеликте кайрымдуулук иштерине катышып келишти

Манас күнүнө карата К.Медетбеков атындагы драма театрда өтүлгөн чоң иш-чарага «Педагогика» секциясынын башчысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Кудабаева Гулира Байдылдаевна «Манас» эпосундагы баалуулуктар боюнча ой толгоолор — деген темада илимий макаласы менен катышты.

Улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Айтматовго таазим» КДО-1-23 группасы

ТалМУнун алдындагы кесипттик орто билим берүү бөлүмүнүн Педагогика секциясынын башчысы Кудабаева Гулира Байдылдаевна жыл ичиндеги үзүрлүү натыйжалуу эмгеги үчүн «Талас айымдар» коомунун «Жылдын мыкты айымы» деген номинацияга ээ болду.

«Жылдын мыкты студенти 2023» КП-2-21 группасынын студенти Джакшылыкова Эльнура

Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кесипттик орто билим берүү бөлүмүндө жыл жыйынтыгы чыгарылып конкурстун негизинде «Педагогики» секциясы «Жылдын Мыкты секциясы», «Педагогика» секциясынын окутуучулары Сыдыкова Г.С. «Жылдын Мыкты куратору» жана Батыркулова А.С. «Жылдын Мыкты окутуучусу» деп таанылды.

Педагогика секциясында 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата “Ар бир тил – өз элине улук” – деген темада иш чара болуп өттү.

“Окуу керемет” долбоору тарабынан Бишкек шаарында ЖОЖдордун жана колледждердин окутуучу менторлоруна тренинг өткөрүлдү. Педагогика секциясынын окутуучусу, долбоор боюнча ментору Г.С.Сыдыкова тренингкте катышып келди.

Педагогика секциясында жыйынтыктоочу конференция болуп өттү.

КП-1-22 группасы куратору А.С.Батыркулова менен биргеликте тамак аш даярдашып, студенттерге “Кайрымдуулук жарманкесин” өткөрүшкөн. Кайрымдуулуктан түшкөн акчага  Талас районуна караштуу  Көмөкчү балдар мектеп-интернатына азык-түлүк, таттууларды жеткирип беришти. Андан тышкары мектеп балдарына оюн,бий,обондуу ырларды тартуулап, аз да болсо балдардын көңүлдөрүн көтөрүп келишти.

КП-1-22 группасы куратору А.С.Батыркулова  менен биргеликте «Коррупция – мамлекет, коом оорусу» деген темада  ачык куратордук саат өттү.

КП-1-23 группасы куратору А.Э.Сейдакматова менен биргеликте 5-март Ак калпак күнүнө карата «Ак калпагым ардагым» деген темада куратордук саат өтүштү.

КП-1-21 группасы куратору Г.С.Сыдыкова менен биргеликте 3-март  Ак калпак күнүнө карата жана 5-март Туу күнүнө карата «Туу эгемендүүлүктүн символу», «Ак калпак кыргыз элинин тарыхы» деген темада куратордук саат өтүштү.

КП-1-22 группасы куратору А.С.Батыркулова менен биргеликте 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата «Дүйнө жарык сен бар үчүн аялзат»  деген темада ачык куратордук сабак өткөрүштү.

Нооруз майрамына карата Педагогика секциясынын кураторлору группалары менен биргеликте тарбиялык сааттарды өтүп келишти. КП-2-21,КП-2-22, КДО-1-21,КДО-2-22, КДО-1-23

Прокрутить вверх