Математика- техникалык дисциплиналар секциясы

                                

секция башчысы- Бокоева Мунара Кеңешбековна

Алгач Математика-техникалык дисциплиналар секциясы 2009-жылы  ТалМУнун алдындагы КОБББнын (колледж) физика-математикалык илимдер секциясы деген аталыш менен уюшулган. Секциянын башчысы болуп Сатаева Лариса Асанкуловна дайындалган.

     2010-жылы “Математика-техникалык дисциплиналар” секциясы болуп өзгөртүлгөн.

    2022-2023 окуу жылынын 1 февраль айынан баштап секциянын башчысы болуп Бокоева Мунара Кенешбековна дайындалды.

   Секциянын алгачкы негиздөөчүсү жана уюштуруучусу катары Сатаева Лариса Асанкуловнанын салымы чоң.  Ал 2009-жылдан баштап Математика-техникалык дисциплиналар секциясынын башчысы болуп эмгектенген. Жаңы түптөлүп келаткан окуу жайдын бир бөлүмү болгон Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча), Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) жана Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо адистиктеринин өнүгүүсүнө бүт аракетин жумшап, кесиптик орто билим берүүчү окуу жайдын талаптарына жооп берүүсүнө көп көңүл бурган. Секциянын материалдык-техникалык базасынын түптөлүшүнө жана жаш кадрларды илимге багыттоодо да кошкон салымы чоң.

Секциянын түптөлүшүнө  п.и.д. Курманкулов Шекербек Жанышбаевич, т.и.к., доцент Абдырахманов Иманбек Асанович, Ташматов Чолпонбай Орозбекович,  Билим берүүнүн мыктысы Абдыбалиев Дүйшөнбек Керимбаевич жана Алымбекова Анипа Тургунбековна, Джумабеков Мидин Сагынбекович,  Сатаева Лариса Асанкуловна, Кынат Шергазы, Орозалиев Азамат Төлөгөнович, Бокоева Мунара Кеңешбековна, Кыдыралиев Сабыр Рысманбетович, Учуров Вячеслав Александровичтин, Калдымолдоев Улан Эркинбекович, Норзалиева Гүлбар Сагынбековна,  ж.б. салымдары чоң.  Акыркы жылдары секциянын курамы жаныдан жаш, билимдуу, жаны идеяларга бай окутуучулар менен толуктанып турууда Садырбаева Чолпон Ырызбековна, Ван Анастасия Александровна, Ералиева Назира Раимкуолвна, Бекмуратова Индира Замировна, Асанова Мирзат Асановна, Рысалиева Роза Болотбековна, Джумагулов Ислам Музурович, Солтонбекова Кумушкан Джетигеновна.

Математика-техникалык дисциплиналар секциясынын негизги максаты  жана милдети болуп,  жеткиликтүү билим берүү, Республиканын жана Талас аймагынын туруктуу социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн, компетенттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо болуп саналат.

Бүгүнкү күндө 319 студент кундузгу болумундо, ал эми 16 студент сырттан окуу болумундо окуп билим алышууда.

Учурда “МТД” секциясында 17 штаттагы, 4 сырткы кош жумушчу, 9 ички кош жумушчу жалпы 30 окутуучу, жана 1 системдик администратор Анын ичинде: техника илимдин доктору -1, педагогика илимдердин кандиданты — 3,  физика – математика илиминин кандидаты -1, эл агартуунун отличниги -2 узурлуу эмгектенип келишуудо.

    Окуу планына ылайык секциянын окутуучулары 96 дисциплинаны тейлейт. Окутуучулар тарабынан типтүү программалардын негизинде окуу-усулдук комплекстер, жумушчу программалары иштелип чыккан. Лабораториянын материалдык базасы адистик предметтердин талаптарына толук жооп берет.

Материалдык-техникалык базасы

  1. Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) адистигинен 3 компьютердик класс бар.

 Биринчи компьютердик класста заманбап   i3 үлгүдогү   19 даана компьютер орнотулган, экинчи класста  2 ядерлүү 19 компьютер орнотулган. 3-класста 1-курстун студенттери үчүн 10 компьютер орнотулган. Локалдык тармакка (сетке) 38 компьютер кошулган. Бардык компьютердик класста бүткүл дүйнөлүк INTERNETке чыгууга мүмкүнчүлүгу бар. “МИЧАСжБ” адистиктери үчүн компьютерлер төмөндөгү программалык камсыздоолор менен жабдылган: программалык тилдер Turbo Pascal 7,0,  графика АutoCad 2014, Corel Draw, Adobe Photoshop CS,  веб сайт түзүү үчүн программалар: SubLime,тил программасы Turbo Pascal 7,0 Delphi 7.

Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо адистигинен автомобилдердин түзүлүшү боюнча лаборатория, жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча кабинет,  слесардык жана жыгач мастерскаясы түзүлгөн. Автомобилдин түзүлүшү, азыктандыруу системасы, кыймылдаткычтардын кесилиши, коробка кыймыл өткөрүүчү кутунун кесилиши, арткы мостун кесилиши ж.б. боюнча стенддер, макеттер жасалган. Кабинеттерде видео жана аудио сабактарды өтүү үчүн 2 плазмалык телевизор, жеке персоналдык компьютер орнотулган.

  1. Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) адистиги боюнча 1 кабинет: компьютер жана 6

лабораториялык иш жүргүзүү үчун стенддер, макеттер жана плакаттар менен жабдылган. Алдыда дагы бир кабинетти жасоо иш пландалууда. Ошондой эле студенттер практикалык сабактарды келишимдин негизинде “Түндүк Электро” ААКнун ТФнын полигонунда өтүшөт.

Акыркы жылдар ичинде окутуучулардын курамы тарабынан 10 окуу-методикалык көрсөтмөлөр жана К.Т.Шамуратов тарабынан “Автомобиль транспортунун коопсуздугу” аттуу  окуу методикалык колдонмо, Ш.Ж.Курманкулов, Л.А.Сатаева тарабынан мектеп мугалимдери үчүн “Табигый предметтерди окутуунун инновациялык ыкмалары” аттуу усулдук колдонмо типографиялык ыкма менен басмадан басылып чыгарылды.

 “МТД” секциясынын мүчөлөрү жыл сайын илимий басылмалардан, атап айтканда республикалык ЖОЖдордун, чет өлкөлүк басылмалардын, ошондой эле ТалМУнун илимий-практикалык конференцияларынын жыйнактарында жана эл агартуу журналдарына илимий  макалаларды жарыялашууда. Секциянын окутуучулары тарабынан жалпы 60 макала жарыяланган. Жылына ТалМУ тарабынан уюштурулган студенттердин илимий-практикалык конференцияларында секциянын окутуучуларынын жетекчилиги менен студенттер даярдалып докладдар окулат. Акыркы 3 жыл ичинде 10 студент доклад жасашып, 6 студент ТалМУнун ардак баракчасы менен сыйланышкан. 2018-2019-окуу жылында ага окутуучу О.А.Учуровтун жетекчилиги менен КР-1-18 группасынын студенти Дүйшебаев Ренат Ысык-Көл областында өткөрүлгөн илимий практикалык конференцияга катышып, 1-орунга ээ болгон.

2018-2019-окуу жылында 140212 «Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)», 190604 «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо» жана 220206 «Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)» адистиктери  Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, сертификат алынды.

Талас шаарындагы “Маалыматтарды иштетүүнүн автоматташтырылган системасы жана башкаруу” ,  “Электр менен камсыздоо”,  “Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо” багыттары боюнча төмөнкү ишканалар менен келишимдер түзүлгөн

           “Маалыматтарды иштетүүнүн автоматташтырылган системасы жана башкаруу” адистиги боюнча:

Ишкананын аталышыИшкананын жетекчиси
Талас ОГТРКУмөтова Эрмек Асанович- Ген.директор
ТФ ОАОРК “Аманбанк”Джумалиев У. Дж.- Директор
ТФ ОАО “Северэлектро”Рыспеков А. А.- Исполнительного директора
ТОФ ОАО “Кыргызтелеком”Садырбаев Нурдин Оморович
АРИСАбдыкадыров Бакыт Шайлообекович
ОсОО “Кыргыз легал серсис”Нуржанбеков Чолпон-руководитель
Таласское районное управления социального фондаЫзабеков Исламбек Сагынбековия-начальник
Таласское управления МФ КРНиязалиев Жусуп Макулбекович-начальник
ТОР ОАО “Коммерческий банк Кыргызстан”Качкымбаев Батырбек
Сельска управа Боо-ТерекКермалиев Идирис
Сельска управа Миң-БулакОрмотова Жанара
Сш.им. К. КаимоваМамакеева Алина Баймуратовна — директор
Сш.им. ШаршенбаеваДонбаева Нурайым Чыныбековна-директор
Сш.им. Б. СатыбековаАтакулова Айнура Осконовна-директор
Чалдыбарская школа интернатКонгайтиев Шаршенбек Кайбылдаевич-директор
Райгос администрацияНуржанов Бактыбек Качкынбаевич-аким

Электр менен камсыздоо”  адистиги боюнча:

Ишкананын аталышыИшкананын жетекчиси
ТПВССаадабеков Кутмидин Жумабекович
ТФ ОАО «Северэлектро»Дуйшекеева А.К.

Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо” адистиги боюнча:

Ишкананын аталышыИшкананын жетекчиси
АО «Биримдик»Табышов К.К.
ДЭП-6Керимбаев К.О. -начальник
ЧП СТО БосняковБосняков Р.С.
ДЭП-19Алашов У. Р.-начальник
ЧП “ Кадырбек ата”Жаманкулов Алигапар Кадырбекович
ЗАО “Талас-Сүт”Давлеталиев М. Т.
ЗАО “Жолчу”    Назаралиев Э. С.-ген.директор
ОсОО “СТОА”Омушев Т. К.
СТО “Канат”Темирбеков К.Б.
ЧП СагынбековаСагынбекова Гулнара
ТФ ОАО “Северэлектро”  РыспековА.А.- и.о.директора
ЧП СТО БуравлевБуравлев Д.В.
СТО “Раманкул”Токтогулов Р. Т.
Таласский СТОАСооронбаев З. Ш.
ЧП “Восток-сервис”Эрдешбаев Руслан

Ар бир окутуучу колледждин өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, республикадагы орто кесиптик билим берүү системасынын модернизацияланышындагы жаңы форматтагы адистердин даярдалышындагы аткарган өз орду бар деп айтсак болот.

08.12.2023 Математика-техникалык дисциплиналар секциясы тарабынан «Маалыматтардын автоматташтырылган системасы жана башкаруу», «Компьютердик системалар жана комплекстер» адистиктеринин иш берүүчү, бүтүрүүчүлөрү менен негизги билим берүү программасы, окуу планынын элективдүү бөлүгүнө киргизилүүчү дисциплиналар, окуу жай менен иш берүүчүлөрдүн кызматташуусун бекемдөө үчүн тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго КОБББнын математика — техникалык секциясынын окутуучулары, жумуш берүүчүлөр: ТФ ААК «Кыргызтелеком», ААК ТФ «Бакай Банк», УТРК Талас, Талас электр тармактар ишканасынын IT адистери, Технология-экономикалык факультети, Билимкана, ж.б. жумуш берүүчүлөр, аталган адистиктеринин бүтүрүүчүлөрү жана КАС-1-21, КСК-1-21 тобунун студенттеринин катышуусунда болуп өттү.Тегерек столдун катышуучуларынан онлайн сурамжылоо алынды.

Өтүлгөн иш-чара өз максатына жетип жыйынтыкталды.

Талас мамлекеттик университетинин студент жаштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында эл өкүлү Бактыбек Чойбековдун демилгеси менен уюшулган жолугушууга ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн студенттери жана окутуучусу 22.11.2023 барып келишти. МТД секциясынын жетекчиси Бокоева М.К. Студенттер Жогорку Кеңештин иштери жана Кеңештин алгачкы баскычынан бери чагылдырылган музейди көрүп, чоң таасирленүү менен кайтышты.

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн математика- техникалык секциясынын окутуучусу М. Бокоева Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Профессионалдык колледждин «Программная инженерия», «Автоматизированные системы обработки информации и управление » адистиктеринин ПИ-1-23,ПИ-2-23, АСОиУ-1-23 группасынын студенттерине Компьютерные сети дисциплинасы боюнча жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы жаңы технологиялар институтунун «Прикладная информатика » жана «Программное обеспечение вычислительной техники и автоматизированных систем» адистиктеринин ПИ-1-22,ПОВ-1-22 группаларына Компьютерные сети предметинен М. Бокоева 23.11.2023 конок- лекция өтүп келди.

 

  ТалМУнун алдындагы КОБББнын математика — техникалык секциясынын окутуучулары В. А. Учуров, Ч. Ы. Садырбаева «Электр менен камсыздоо» адистигинин студенттери менен 29.05.23 Токтогул ГЭСине бир күндүк экскурсияга барып, энергетика тармагы тууралуу маалымат алышып кайтышты.

Алгач, экскурсия коопсуздук эрежелеринен башталды. Андан кийин Токтогул ГЭСине сыртынан байкоо жасалып, окутуучулар тарабынан ГЭСтин иштеши тууралуу лекция өткөрүштү. Иш- чарада балдар гидроагрегаттардын иши менен таанышып, электр энергиясы кандай өндүрүлүп жатканын, гидростанциянын уникалдуу жабдууларынын иши менен тааныша алышты.

Кыргыз энергетикасынын ири объектиси-Токтогул ГЭСине баруу Кара — Көл шаарына болгон сапары студенттер үчүн эсте калаарлык болуп, окутуучуларга ыраазычылык тарын билдирип,

энергетика тармагы тууралуу маалымат алып, бир нече балдар келечектеги жашоосун энергетика менен байланыштыраарын айтып, жемиштүү кайтып келишти

     РИПК и ППР тарабынан «Иновациялык педагогикалык технологиялар жана  STEM билиминин негиздери» аттуу пилоттук  долбооруна  ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) “МТД” секциясынын окутуучулары Норзалиева Г.  жана Бекмуратова И.   16.12.23-9.01.24 аралыгында 72 саатык “Келечек учун билим беруу”   боюнча тренинге катышып келишти.

Энергетиктер кунуно карата оздорунун кесибине байланышту Садырбаева Ч.Ы. “АЭСти Кыргызстанга куруу туура болбу же болбойбу” туурасында ачык дебат  сабагы откорулду.

  Мугалимдердин кесипкойлугун откундотуу жана жаш мугалимдер арасында тажырыйба алмашуу максатында, кесиптик, тарбиялык  ачык сабактар оз убагында откорулуп келет.

Математика-техникалык дисциплиналар секциясынын окутуучусу Рысалиева Роза математика сабагынан “Туундуну табуунун уч эрежеси” аттуу темада ачык сабак отту.

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө 16.02.2023 коррупцияны алдын алуу максатында «МЫ ПРОТИВ КОРРУЦИИ!» деген темада математика-техникалык дисциплиналар секциясынын окутуучусу Бекмуратова И. тарабынан КСК-1-23, КСК-2-23 группаларына ачык куратордук саат оттту.

Математика-техникалык дисциплиналар секциясынын окутуучусу Ван А. А. КСК жана КАС группаларынын арасында “Компьютерная грамотность” боюнча ачык таймаш сабагын отту.

    ТалМУнун алдындагы КОБББнын, ТАЭК жана медициналык колледждин кызматташуу долбоорунун негизинде жаштардын арасында окуу жана тарбиялык процесси менен бирге спорт оюндары боюнча мелдеш өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, Талас шаарындагы кесиптик орто билим берүү окуу жайларындагы студент балдардын арасында 3.05.23 кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдештин башкы калысы КОБББнын табигый илимдер секциясынын окутуучусу Абдраимов Асхат Батырканович болуп, оюн кызуу жүрүп, жыйынтыгында 1-орун КОБББнын курама командасы,

 

Нооруз» — «жыл башы», «жаңы жылдын башы» майрамы.

ТалМУнун алдындагы КОБББда 17.03.2023 Нооруз майрамы белгиленди.

Кыргызда эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырымдар аткарылып, токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленген.

Окуу жайдын жалпы жамааты да, ак дасторкондо чогулуп, жакшы тилектерди каалап, улуттук нарк — насилди урматтап майрамдашты.

    Кураторлор да, тарбиялык сааттарында Нооруздун келишин чагылдырып, улуттук ыр, бий, макалдар, айтыштарды аткарышты. Ошондой эле, улуттук кийимдердин көргөзмөсү менен майрамды көркүнө чыгарышты.

16.02.2024 ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө (колледж) 21- февраль Эл аралык Эне тили күнүнө карата колледждин студенттери жана окутуучулары тарабынан университеттин деңгээлинде «Эне тил — эл жүрөгү» деген темада көркөм — музыкалык маданий иш — чара өткөрүлдү. Анда англис, немис, орус, казак, кыргыз, өзбек ж.б.тилдерде ыр саптар айтылып, тилге, улутка карата каалоо- тилектер айтылды.

      Ар улуттун каада — салты, жашоо мүнөзү чагылдырылып, улуттук бий, обондуу ырлар, дастандардан үзүндү аткарылды. Ошондой эле, ар улуттун тилинде «Акыйнек» айтылды.  КЭС-23 группасынын студенти Адилхан гитарада “Кыргызстан менин Мекеним” аттуу ырды эн жогорку дэнгээлде аткарды.  Кыргыз тили да, дүйнө тилдери менен бирге өсүп, өнүгүп, мамлекеттик тил мыйзамынын негизинде иш алып барары да, баса белгиленди. Студенттердин чыгармачылыгынан даярдалган бул иш-чара улуттук тилибиздин өсүп жаткандыгынын далили катары жаштарыбыздын арасында мекенчилдик менен аткарган дилгирликтери далилдеп турду!

Иш-чара өз максатына жетти.

23.01.2024-ж. ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) окутуучуларына жана студенттерине Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайманова Рахат Токтогуловна «Мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгү» аттуу темада конок — лекция өтүп берди, аталган иш чарада “МТД” секциясынын жетекчиси Бокоева М.К оз созун суйлоду.

1 – декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүн” белгилөө боюнча Талас мамлекеттик университетинин, Талас медициналык колледжинин, Талас агрардык -экономикалык колледжинин ,ИСИТОнун окутууларынын, ТАЛМУнун алдындагы КОБББ нун “МТД” секциясынан КАС, КСК, КЭС,КТО, КГР группасынын студенттеринин катышуусунда жөө жүрүш болуп өттү. Андан соң бардык катышуучулар К.Медетбеков атындагы Талас облустук драмтеатрында “Аялдар жана ВИЧ” темасында жогорку жана атайын орто окуу жайларынын ортосундагы кароо-сынагы коруп келишти.

17-ноябрь студенттердин эл аралык кунуно карата майрамды утурлай ТалМУда студенттерге арналган майрамдык кече уюштурулду.

Кечеде ТалМУнун ректору, профессор Ж.С. Шаршембиев  куттуктоо сөз сүйлөп,

окуунун алдыңкыларына жана спорттогу ийгиликти жараткан студенттерге грамоталарды тапшырды. Аталган сыйлыкка КАС, КСК, КЭС, КТО группаларынын студеннтери ээ болушту.

          Маданий программада студенттердин калеминен жаралган ырлары окулуп, оюндар уюштурулуп, музыкалык авторлук ырлары аткарылып , студенттердин маанайын көтөрдү.

“Күзгү бал-2023”

Жаратканым тартуулаган күз айы,

Берекелүү, ырыскылуу бул айы.

Адамдар да,бүгүн мына башкача,

Баардыгынын көтөрүңкү маанайы демекчи

Талас мамлекеттик университетинде “Күзгү бал-2023” кароо сынагы болуп өттү.

Аталган сынакка ТалМУнун алдындагы КОБББнун «МТД» секециясынын студенттери катышышып жемиштуу кайтышты.

27.09.2023 ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнө ТалМУнун ректору Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович гибриддүү жана электрунааларын тейлөө, тез заряддоо жана диагностикалоо борборун түзүү, ачуу тууралуу иш планын ишке ашыруу максатында колледжге келип, дагы бир ирет жагдайды карап чыкты. «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо», «Электр менен камсыздоо» адистигин тейлеген математика- техникалык дисциплиналар секциясынын окутуучулары менен жолугушту. Секциянын окутуучусу А. Орозалиев аткарыла турган иштин керектигин, маанилүүлүгү боюнча презентация жасады.

Талас университетинде бул ачылган борбор, Талас облусундагы «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо» жана «Электр менен камсыздоо» адистигин үйрөнүп жаткан студенттер үчүн гибриддүү жана электрунааларын тейлөөнү үйрөнүүгө эң мыкты мүмкүнчүлүк болоорун жана жалпы эле бул центрден Талас шаарындагы, район, айыл жергелериндеги гибриддүү жана электроунаалары бар кардарлардын унааларын карап, кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөөрү келечек үчүн актуалдуу борбор болмокчу.

«Улуттук тазалык күнү» жөнүндөгү Жарлыкка ылайык Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кесиптик билим беруу болумунун математика- техникалык дисциплиналар секциясынын окутуучулары оздоруно тиешелуу территорияны тазалашып, таштандылардан арылтышты.

Прокрутить вверх