Талас шаарынын «Алтын түйүн “ академиясында илимий-техникалык олимпиада болуп өттү.

2024-жылдын 5-февралында Талас шаарынын «Алтын түйүн “ академиясында илимий-техникалык олимпиада болуп өттү. “Илим+ойлоп табуу= техника” конкурсуна облусубуздун мектептеринен эң мыкты ойлоп табуучулар катышышты. Конкурстун талабы боюнча теориялык тур:Силердин аймактын сугат жерлери үчүн перспективдүү автоматташтырылган сугат системасын эсептөө жана иштеп чыгуу; Экспресстик тур боюнча тапшырмаларды жактоо: Тандоо Катаал жерден (туз эмес рельефтин) чоң аянттарындагы ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүү үчүн автоматтык чачкычтардын оптималдуу моделдерин иштеп чыгуу жана даярдоо тапшырмасы боюнча долбоорлорду жактоо. Берилген тапшырмалар эң жогорку деңгээлде аткарылган. Конкурска ТалМУнун окуу жана илимий иштери боюнча проректору тех.и.к, доцент А. К. Сурапов, КОБББнын окутуучусу В.А.Учуровдор калыс катары катышышып, окуучулардын эмгегин баалап, келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон эр-азаматтар чыгат деген ойлорун билгизишип , ийгиликтерди каалашты. Жыйынтыгында, жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар менен сыйланышты.

Прокрутить вверх