КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында кеңешме болуп өттү.

5-февраль, 2024-жыл. КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында кеңешме болуп өттү. Алгач жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дарданов Нурлан Камалбекович ачты. Кеңешмеге Туризм департаментинин директору Миңбаев Нурмухамед Бакирдинович катышып, туризмди өнүктүрүү боюнча баалуу сунуштарын айтты.Талас облусундагы туристтик жайлар, облуста өндүрүлгөн продукциялар, туристтик борборлорду ачуу үчүн жер тилкелерин көрүү тууралуу презентациялар көргөзүлүп,тааныштырылды. ТалМУнун ректору тех.и. д Ж.С. Шаршембиев туризм тармагын өнүктүрүүбүз зарыл, замандын талабына ылайык адистерди даярдап, долбоорлордун үстүндө иштөө керек экендиги тууралуу оюн билдирди. Тарых кафедрасынын башчысы т. и. к, доцент М.М.Жусупова, Табият таануу кафедрасынын окутуучусу Н.Садыралиевалар сунуштарын айтышып, талкууга активдүү катышышты.Тарых адистигинин бүтүрүүчүсү, стартап долбоорунун жеңүүчүсү Сыдыков Касым жаңы үлгүдө жасаган буюмдарынан Жыргалбек Сабырбековичке жана Нурмухамед Миңбаевге белекке берди.

Прокрутить вверх